Жээнбеков Ирандын президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү
Фото WWW
Бүгүн, 9-июнда, Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Иран Ислам Республикасынын Президенти Хасан Рухани менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттары менен келечегин, анын ичинде коронавирус инфекциясы менен күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды көрүү маселелерин талкуулашты. Сооронбай Жээнбеков илдет менен күрөшүүдө Кыргызстанга көрсөткөн колдоосу, атап айтканда, тиешелүү гуманитардык жардам бергендиги үчүн ыраазычылыгын билдирди.
Мамлекет башчылары эки жактуу жана регионалдык кызматташууну, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатууну активдештирүүнүн маанисин баса белгилешти.
Сооронбай Жээнбеков менен Хасан Рухани маселелердин бардык чөйрөсү боюнча Кыргызстан менен Ирандын ортосундагы жемиштүү кызматташуунун улантылышына кызыкдар экенин билдиришти.
последние
Рекомендация
- 1Пробежка на рассвете - с нетерпением ждем скорейшего восстановления города Ош
- 2Ограничительные меры не будут нужны, люди привыкнут соблюдать их без напоминаний и угроз
- 3Деньги доноров для Кыргызстана
- 4Минздрав КР и ТИКА подписали протокол о временном открытии турецкой больницы Кыргызско-турецкой дружбы
- 5«Career Fair 2020» - Кыргызстандагы эң мыкты IT компанияларда карьераңызды улантуу боюнча маалымат алыңыз
Горячие темы
● Изменившийся мир после пандемии – не шаг в пропасть, а путь к новой реальности
● Ограничительные меры не будут нужны, люди привыкнут соблюдать их без напоминаний и угроз
● 23-сентябрь-кыргыз тили “мамлекеттик тил” макамын алган улуу күн
● Китай не виноват в провале политики правительства США в отношении коронавируса