Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 76 жаран кармалды
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 1-майына карата Кыргыз Республикасынын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн 76 жаран ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Бул тууралуу КРдин Ички иштер министрлигинин Басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларынын жана Нарын облусунун Ат-Башы районунун аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 21.00 эртең мененки 06.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 76 жаран жеткирилди.
Алардын ичинен: Бишкек шаары– 48, Ош шаары -5, Жалал-Абад шаары-8, Ат-Башы району-15.
Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 3913 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилди.
Ошондой эле, 25-марттан баштап азыркы күнгө чейин коменданттык саатты бузгандыгы үчүн 329 автоунаа токтотуучу жайга киргизилди.
ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга, социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат.
последние
Рекомендация
- 1Республика боюнча коменданттык сааттын эрежелерин бузган 88 жаран кармалды
- 228 населенным пунктам в разных регионах страны придали статус села
- 3Дамир Осмонов: По окончании карантина у нас будет больше работы и пациентов
- 4Медицинские эксперты из КНР завершили свою миссию
- 5Кыргызстанда ӨА жана ӨК режимдери 10-майга чейин узартылды