WeChat      Избранное

Сайрагүл Атаева: “Аралыктан өтүлгөн сабактарга ар бир баланын катышуусу башкы талап болду”

23/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Сайрагүл Атаева: “Аралыктан өтүлгөн сабактарга ар бир баланын катышуусу башкы талап болду”

Сүрөт интернеттен алынды

Коронавирус кырдаалы адамзатынын жашоо темпин бир кыйла өзгөрттү. Кыргызстанда дагы жугуштуу илдеттин табылышы менен ӨА жана ӨК режимдери ишке киргизилип, күнүмдүк жашоо такыр эле башка нукка бурулду. Бардык тармактар ишмердүүлүгүн кескин азайтып, убактылуу башка график менен жашоого аргасыз болууда. Билим берүү тармагы дагы алардын катарында. 

Учурдагы кырдаалга байланыштуу сабактар аралыктан өткөрүлүп, “Акыркы коңгуроо” онлайн форматта өтө тургандыгы белгилүү. Мына, ушул багытта биздин редакциянын журналисти Токтогул Сатылганов атындагы №69- окуу тарбия комплекс-гимназиясынын директору Атаева Сайрагүл Токтосуновна менен маек куруп, бул өзгөрүүлөр билим берүүгө кандай таасирин тийгизип жаткандыгы тууралуу маалымат алды. 

-Учурдагы кырдаалга байланыштуу, быйыл мектептерде 4-чейректи аралыктан окутуу менен жыйынтыктоо чечими кабыл алынды. Сиз жетектеген мектепте аралыктан окутуу иштери кандай өтүүдө, кандайдыр бир кыйынчылыктар болуудабы?

-Ооба, коронавирус илдетинин жайылышы менен билим берүү тармагында дагы бир катар өзгөрүүлөр болду. Кабыл алынган бардык чечимдерди колдоп, эрежелерди так сактадык. Андай болбосо боло турган эмес. 

Аралыктан окутууга алдын-ала даярдоо иштери жүргүзүлдү. 3-чейрек бүтө элек кезинде карантин башталган. Ошондон тарта жазгы каникул учурунда, жарым айлык мөөнөттүн ичинде мугалимдер ушул онлайн сабак берүүгө даярданышты. 

8-апрелден тарта аралыктан сабактар  өтүлө баштады. Албетте, бул жаңы формат болгондугу үчүн сабактарды өтүүдө кайсы программалар ыңгайлуу, кайсы предметке кандай ыкмаларды колдонсок болот деген сыяктуу суроолор абдан эле көп болду. Администрациянын курамы дагы ар бир мугалим менен байланышып сүйлөшүп жаттык. Эң негизгиси, бул процесске ар бир бала камтылсын деген башкы талап менен иш алып барып жаттык. Мурункудай эле, сабактар өз убагы менен өтүлүп, класс жетекчи балдарды толуктап жатты. Бир гана сабактын убактысын 20 мүнөттөн кылдык. Анткени, сабак андан көп убакытка созулса мугалимдерге кайтарым байланыш көбөйүп, оор болуп калгыдай.

Аралыктан сабак өтүүнүн алгачкы күнүн анализдеп көрсөк, мугалимдер  окуучуларга абдан кызыктуу болгондугун айтышты. Ата-энелер болсо, программага кире алышпай, кыйналган учурлары дагы болуптур. Башка аймактарда болсо, телефону, интернети болбой калган абалдар дагы кездешиптир. 

Бирок, бизге мегаком, билайн жана О компаниялары атайын алдын-ала акысыз интернет провайдерлерин колдонууга мүмкүнчүлүк түзүп беришти. Учурдан пайдаланып, аталган компанияларга ыраазычылык билдирмекчимин. 

Чындыгында, 3-4 күн баары бир көнбөгөндүк кылып, мугалимдер, окуучулар, ата-энелер дагы кыйналышты. Андан соң, бардыгы өз нугуна келип, бир калыпка түшүп калдык. Электрондук журнал аркылуу мугалимдер ата-энелердин телефонуна баласынын алган бааларын жиберип жатышты. Ошондуктан, ар бир ата-эне бул күнү баласы кандай баа алгандыгын көрүп жатышты. 

Негизинен сабактарды алып барууда classroom программасы колдонулду, zoomду дагы колдонгондор болду. Ал эми, кайтарым байланыш үчүн ватсап жана телеграмм баракчалары керектелип жатты. Албетте, окуучуларга класс ичинде сабак өткөнгө эч нерсе жетпейт. Бирок, окуу планын толугу менен өтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. 

-Бүтүрүүчү класстар мамлекеттик сынактарды дагы жылдагыдан башкача форматта тапшырууда. Ушул боюнча өз оюңуз менен бөлүшө кетсеңиз?

-Ооба, чындыгында учурдагы кырдаалга байланыштуу билим берүү тармагында салтка айланып, калыпка түшкөн бир катар эрежелер алмашылды. Мисалы, 5-6-7-8 жана 10-класстар үчүн  көчүрүү экзамендери быйыл болбойт. Чындыгын айтканда,  ушул көчүрүү экзамендеринин кажети деле жок деп ойлойм. Анткени, жыл жыйынтыгында бардыгында контролдук иштер жүргүзүлүп, сынактар болот эмеспи. 

Ал эми, коронавируска байланыштуу 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнүн мамлекеттик сынактарды тапшыруу форматы быйыл жылдагыдан айырмаланат. Алардын жалпы жетишкендиктерин эске алуу менен атайын түзүлгөн предметтик комиссия экзамендик бааларды коет. Мындан сырткары, бүтүрүүчүлөр бизде гимназия катары өзүбүздүн профилдик сабактарыбызга тийиштүү экзамендерди дагы беришет. Кытай, немис жана англис тилдеринен сынак тапшырышат. 

-Акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт деп айтылды. Сиздердин мектепте бул иш-чарага кандай даярдыктар көрүлүүдө?

-Албетте, салттуу “Акыркы коңгуроонун” болбой калышы абдан өкүндүрөт. Анткени, анын мааниси-маңызы абдан терең эмеспи. Бардыгыбыз билгендей, “Акыркы коңгуроо” салтанаты өзгөчө бир маанайда өтө турган иш-чара. 

Быйыл болсо, бул иш-чара онлайн форматында өтмөй болду.  Биз майрамдык видео-ролик даярдоону пландаштырып жатабыз. Ал жакта, бардыгыбыз бири-бирибизге болгон каалоо-тилектерибизди айтып, окуучуларыбызга мектепке келе албаса дагы, акыркы коңгуроонун үнүн укпаса дагы, ошол видео-ролик аркылуу майрамдык маанай тартуулоого аракет кылмакчыбыз. 

-Карантин чындыгында, ата-эне, окуучуларга өзгөчө таасирин тийгизди. Өз ара түшүнбөөчүлүктөн улам өспүрүмдөр арасында жанын кыйган учурлар дагы катталды. Ушул багытта өз оюңуз менен бөлүшүп, кеп-кеңешиңизди айта кетсеңиз?

-Чындыгында, карантин башталган учурда ар кайсы аймактардан окуучу балдарыбызды жоготуп алдык. Абдан кейиштүү абал болду. Албетте, ал учурлар эмне себептен болгондугу дагы тыкыр изилденет. Бирок, ата-эне менен баланын ортосундагы түшүнбөөчүлүктөн болгон жагдайлар абдан өкүнүчтүү. 

Мындай жагдай болуп калышы мүмкүн деп, биз дайыма эске алып туруубуз зарыл. Профилактикалык иштерди жүргүзүүбүз керек. Карантин болоордун алдында биздин гимназияда бул жагдай дагы талкууланган. Ата-энелерге эскертме бергенбиз. 

Өзүңөр билгендей ар бир мектепте психолог, соц-педагог иштейт. Алардын атайын көзөмөлүндө болгон балдар, үй-бүлөлөр бар. Алар ата-эне менен баланын ортосунда түшүнбөөчүлүк болгон үй-бүлөлөрдү жакшы билишет. Тизмеге алышкан. Ошондуктан, аларды класс жетекчилер дагы өзгөчө карап, көзөмөлдөп турушту. 

Чындыгында, биздин мектептин психологу дагы күчтүү. Ал КТРКдан дагы ушул жаатта өзүнүн кеп-кеңештерин берди. Ал берүүнү биз ар бир ата-энеге жеткирүүгө аракет кылдык. Кудайга шүгүр, аман-эсенбиз.

Учурдан пайдаланып, мугалимдер жамаатына дагы ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Бул дагы да болсо ар бир педагогдун, класс жетекчинин тынымсыз эмгегинин арты менен болду деп эсептейм.

-Жалпы быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө өз каалоо-тилегиңизди айтып кетсеңиз?

-Мен бардык бүтүрүүчүлөрдү куттуктайм. Кандай жагдайда, кандай абалда мектепти аяктап жаткандыгына карабастан, аны татыктуу бүтүп, жаркын келечегине ишенимдүү кадамдарды таштоосуна тилектешмин. Алдына койгон ой-максаттары ишке ашсын. 

11 жыл бою мектеп татыктуу билим берди деп эсептейм. Мына, бизде 11-класстын 4 окуучусу “Алтын тамгага” талапкер болушууда. 9-класстын 11 баласы өзгөчө күбөлүктү алганы турушат. Бул абдан жакшы көрсөткүч. 

Чет өлкөлөргө өтө турган балдарыбыз бар. Кытайдын ЖОЖдоруна беш окуучубуз документ тапшырды. Германияга дагы тапшырган окуучуларыбыз бар. Бул дагы да болсо, татыктуу билимдин көрсөткүчү.  

Эң башкысы аманчылык болсун. Дагы бир жолу жалпы мектеп бүтүрүүчүлөрүнө ийгилик каалайм. Жашоолору ар дайым жаркын болуп, жакшы адамдар коштоп жүрсүн. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)