WeChat      Избранное

20-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 27 жаӊы учуру катталды – жалпы 1270

20/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

20-майга карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 27 жаӊы учуру катталды – жалпы 1270

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 20-майына карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 27 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча коронавирус жуктурган жалпы 1 миң 270 бейтап болду. Алардын ичинен 910 адам айыгып, ооруканадан чыгарылган.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы 27 учур Бишкек шаарында - 4, Чүй облусунда - 1, Ош облусунда - 2, Нарын облусунда - 19  жана Ысык-Көл облусунда - 1 адамдан табылды. 

Кыргызстанда дагы 12 бейтап коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Алар Бишкек шаарынан - 8, Нарын облусунан - 4 бейтап. 

Өлкө боюнча коронавирус жуктурган 346 адам бейтапканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 12 адамдын абалы оор, беш киши реанимацияда жатат. 48 адамдын абалы орточо оордукта болсо, 286 бейтаптын абалы канааттандырарлык. 

Бир күн ичинде өлкө боюнча Нарын облусунда 9 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. 3 медицина кызматкери коронавирустан айыгып, ооруканадан чыкты. Жалпысынан республика боюнча медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган 266 учур катталды. Алардын ичинен 221 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыккан”, - деп маалымат берди. 

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 6 280 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Кыргызстан боюнча обсервацияда 2 175 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)