WeChat      Избранное

“Мен бүтүрүүчү” акциясы – Кыргызстанда быйыл акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт

15/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

“Мен бүтүрүүчү” акциясы  – Кыргызстанда быйыл акыркы коңгуроо онлайн форматта өтөт

Сүрөт интернеттен алынды

Кыргызстанда быйыл акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтө турган болду.  Бул тууралуу бүгүн Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, министрлик өлкөдөгү өзгөчө кырдаалды эске алуу менен бүтүрүүчүлөр үчүн бир топ жеңилдиктерди жана шарттарды түзгөнгө аракет жасады.

Надира Жусупбекова: “Быйыл окуу жылы 30-майда аяктайт. Анткени жазгы каникулда окуучулар көбүрөөк эс алышты. Май айындагы майрамдарга байланыштуу жана окуучулар программаны толук түшүнүп өздөштүрүшү үчүн ушундай чечимге келдик. 

Ошондой эле убактылуу журналдардан кадимки биздин журналдарга бааларды көчүрүп коюу, даярдоо иштери, класстан класска көчүрүү үчүн педагогикалык кеңешмелерди өткөрүү үчүн жана 9-11-класстардын бүтүрүүчүлөрү боюнча да педагогикалык кеңешмелерди өткөрүүгө даярдык көрүү үчүн окуу жылынын аякташын 30-майга жылдырдык. 

Кыргызстанда быйыл акыркы коңгуроо аземи онлайн форматта өтө турган болду.  Учурдагы кырдаалда эң башкысы балдардын коопсуздугу жана ден соолугу бардыгыбыз үчүн маанилүү.

Ошондуктан, белгилүү инсандарга, баардык ата-энелерге жана мектеп директорлоруна кайрылып, онлайн форматында куттуктоо жана каалоо-тилектерди айтып, бүтүрүүчүлөрдүн көңүлүн көтөрөлү деп жатабыз. Учурдан пайдаланып журналисттерге, белгилүү инсандарга, искусство адамдарына жана ата-энелерге кайрылып кетким келет. 

КТРК каналы “Мен - бүтүрүүчүмүн/Я – выпускник” деген жакшы акция баштады. Ага мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн сүрөттөрүн, каалоо-тилектерди жазып жөнөтсөңүздөр болот. 

Быйыл 9-классты 103 миң 670 окуучу, ал эми 11-классты 58 миң 730 окуучу аяктап жатат. 9 жана 11-класстын окуучулары адаттагыдай эле жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодон өтүшү керек, жөнөкөй тил менен айтканда мамлекеттик сынактарды тапшырышат. Быйыл анын форматы биз өзгөртүлдү. 

Ал кандайча болот? Ар бир мектептин директору жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоодо көрсөтүлгөн 4 негизги сабак боюнча төрт предметтик комиссия түзүү боюнча буйрук чыгарат. Ар бир предметтик комиссияга 3-5 киши кирет. Класс жетекчи, сынак тапшырылуучу сабактан берген мугалим комиссияга ар бир окуучу тууралуу маалымат топтоп берет. Алар чейректик баалар, жарым жылдык, жылдык баалар, жыйынтыктоочу текшерүү иштери, лабораториялык иштер, окуучунун кайсы бир жетишкендиктери, мисалы олимпиадага катышкандыгы, аны жеңгени ж.б. сынактарга катышканы тууралуу маалыматтар болот. Предметтик комиссия жалпы жетишкендиктеринин негизинде жыйынтыктоочу бааны коет. Ал экзамендик баа болуп эсептелет”, - деп ал, айрым сабактар тереңдетилип окутулган мектептер бешинчи жана тандоо сынактарын өткөрө алышарын жана ага окуучулар өз калоосу менен катыша аларын билдирди.

Анын айтымында, предметтик комиссия жыйынтыктоочу бааларды койгондон кийин класс жетекчи окуучуларга сынактын жыйынтыктарын жөнөтөт. Окуучулар алган бааларына ыраазы болсо, баалар ошол боюнча калтырылат. Ал эми кандайдыр бир себептер менен жыйынтыктоочу баа окуучуну канааттандырбаса, ал талаш-тартыш комиссиясына кайрыла алат.

Андай учурда, комиссия баа коюлган сабактын мугалими, класс жетекчиси менен маектешип, кошумча материалдарды карап чыгып, башка баа коет же алгачкы коюлган бааны калтырат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)