WeChat      Избранное

2020-жылдын 10-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 18 жаӊы учур катталды

10/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 10-апрелине карата COVID-19 вирусун  жуктурган 18 жаӊы учур катталды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 10-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 18 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Мадамин Мусаевич: “COVID-19 вирусунун катталган 18 жаңы учуру Бишкек ш. – 6, Чүй облусунда (Кемин району – 6, Токмок ш. – 1, Аламүдүн району – 1) – 8, Жалал-Абад облусунда (Сузак району – 2, Жалал-Абад ш. – 1) – 3, Ысык-Көл облусунда (Ак-Суу району) – 1 адамдан тастыкталды. 

Өткөн сутканын ичинде Ноокаттын ооруканасында бир адам COVID-19 оорусунан каза тапты. Ал 87 жашта болгон. Кыргызстанда жалпысынан оорудан беш адам көз жумду. Буга чейин 34 дарыгер коронавирусту жуктуруп алганы белгилүү болгон. Илдетти дагы беш медик жуктуруп алды. Бүгүнкү күндө коронавирус 39 медкызматкерден табылды”,- деп маалымат берди. 

10-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жеткендиги белгилүү болду. Алардын ичинен: Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 98, Чүй облусунда – 15,  Баткен облусунда – 4, Ош ш. – 36, Бишкек ш. – 42, Нарын облусунда – 10, Ысык-Көл облусунда – 4.

Катталган учурлардын ичинен: 154 –аял, 144 – эркек, жаӊы 18 учурдун ичинен 7 аял, 11 эркек.  Алардын ичинен 39 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. 

Эске сала кетсек, коронавируска байланыштуу Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаары, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак райондорунда 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин өзгөчө абал киргизилген.

Өтүнүч, жакындарыңыздын саламаттыгы үчүн үйдөн чыкпаңыздар!

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)