WeChat      Избранное

6-апрель күнүнө карата Кыргызстанда коронавирус менен тастыкталган 69 жаңы учур катталды

06/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

6-апрель күнүнө карата Кыргызстанда коронавирус менен тастыкталган 69 жаңы учур катталды

Сүрөт интернеттен алынды

6-апрель күнүнө карата Кыргызстанда коронавирус менен тастыкталган 69 жаңы учур катталды. Бул тууралуу Республикалык штабдын пресс-борборунда Саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов билдирди. 

Ал өз сөзүндө: “Жаңы табылган учурлардын бардыгы обсервацияда жатышкан.  Кыргызстанда жалпысынан COVID-19 менен каталгандардын  саны 216 болду. Алар: Жалал-Абад облусу – 80, Ош облусу – 94, Бишкек – 25, Баткен облусу – 4, Нарын облусу – 5, Ысык- Көл облусу – 3, Чүй облусу – 5. Учурда, эпидемиологиялык очоктордо бардык тиешелүү иш-аракеттер көрүлүүдө”, -деп маалымат берди.

Муну менен катар эле, саламаттыкты сактоо министри массалык маалымат каражаттарына тастыкталган маалыматтарды берүүгө чакырды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык өткөн суткада республика боюнча коменданттык сааттын шартын бузган 78 жаран кармалган. 

Маалыматка ылайык, алардын ичинен Бишкек шаары боюнча - 66, Ош шаары боюнча - 2, Жалал-Абад шаары - 6, Сузак району боюнча - 2, Кара-Суу районунда - 2 адам кармалып, ички иштер бөлүмдөрүнө жеткирилген. Ал эми Ноокат районунда коменданттык сааттын талаптарын бузгандар катталган эмес.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)