WeChat      Избранное

Муктаждарга 5 миң тонна ун бөлүнүп берилет

30/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Муктаждарга 5 миң тонна ун бөлүнүп берилет

Сүрөт интернетттен алынды

Бүгүн, 30-март күнү Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев жана Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин катышуусунда маалымат жыйыны болуп өттү. Бул жыйында COVID-19 илдетинин жайылышы менен Кыргызстандын учурдагы абалы жана аны алдын-алуу  тууралуу маалымат берилип, жыйындын катышуучулары журналисттерди кызыктырган суроолорго жооп беришти.

Кубатбек Боронов Кыргызстандын учурдагы кырдаалы боюнча толук маалымат берди. Ал: “Тилекке каршы жарандарыбыз, өзгөчө Бишкек шаарынын тургундары учурдагы абалды түшүнбөгөндүктөн көчөдө жүрүүнү токтотпой жатышат. Ошондуктан, бул жаатта дагы кошумча чараларды көрүп жатабыз. Медициналык кызматкерлерин зарыл болгон кийим-кечелер менен камсыз кылуудабыз. Тамак-аш жагы дагы каралган. Аларга кошумча акы төлөө боюнча дагы иштер жүргүзүлүп жатат. 

Учурдагы кырдаал калктын басымдуу бөлүгүнүн акчасынын акырындык менен азайышына алып келет. Азыр биз аз камсыз болгон жарандарга жана көп балалуу үй-бүлөлөргө азык-түлүк жагынан жардам берүүнүн алгоритмин иштеп жатабыз. Бул жардам адамдын организминин толук кандуу иштөөсүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон азык-түлүктөрдөн турат. Жардам көрсөтүүнүн мындай механизми Бишкек жана Ош шаарларында сынамык катары колдонулат. Ийгиликтүү апробация болгон шартта, механизм ыкчам тартипте жалпы республикага жайылтылат. Анын ичинде муктаждарга 5 миң тонна ун бөлүштүрүп берүү чечими кабыл алынды”,-деп билдирди. 

Муну менен эле катар, жарандардын демилгеси менен ачылган эсеп тууралуу айтып берди. Ал жактагы акча-каражатын бөлүштүрүү маселесин чечүү үчүн атайын комиссия түзүлгөндүгүн айтып өттү. Сөзүндө, бул каражаттар бардыгы ачык-айкын түрдө болоорун белгилеп кетти. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)