WeChat      Избранное

Светлана Шералиева: “Ата-эне айткан сөздөр, алардын мамилеси баланын психикасынын чоң бөлүгүн түзөт”

03/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Светлана Шералиева: “Ата-эне айткан сөздөр, алардын мамилеси баланын психикасынын чоң бөлүгүн түзөт”

Сүрөт маек ээсине таандык

Кыргызстан боюнча Өзгөчө кырдаал жарыяланып, бир катар шаарларга Өзгөчө абал режими киргизилди. Карантин убагында үй-бүлө мүчөлөрү ар түрдүү психологиялык абалга дуушар болуп, эки ортодо түшүнбөөчүлүктөр пайда болуп жаткандыгына күбө болуудабыз. Ошондуктан, биз психолог Светлана Шералиева менен ушул багытта маек куруп, окрумандарыбызга кеңеш берүүнү чечтик. 

-Светлана сиз психолог катары карантин, Өзгөчө абал учурунда үй-бүлө мүчөлөрүнө кандай кеңеш берет элеңиз?

-Ооба, туура айтасыз. Өзгөчө абал киргени кыргызстандыктар адаттагы көнүп калган режиминен башкача шарттарда күнүмдүк тиричилигин өткөргөнгө дуушар болууда. Мурдагыдай эртең менен жумушка кетип, кечинде үйгө келип, жекшемби күндөрү ар кандай иштер менен алектенгенге мүмкүнчүлүктөр чектелди. Карантинге байланыштуу үй-бүлө мүчөлөрү эртеден-кечке бир үйдө чогуу болууда. 

Албетте, мындай шарттар психологиялык абалга өзүнүн таасирин тийгизет. Мүмкүн үй-бүлө ичиндеги мурда байкалбай же болбосо ачык айтылбай жүргөн ар-кандай процесстер ачылып, мамилелер өзгөрүшү мүмкүн. Негизи үй-бүлөлүк системанын күзгүсү ал уяда чоңоюп жаткан балдар деп айтылат. Демек, жубайлардын бири-бирине болгон мамилеси, сөзсүз түрдө балдарга да таасирин тийгизет. Ал эми азыркы учурда, шарттарда ошол мамилелер терең ачылып, үй-бүлөдөгү ар бир мүчө кайрадан өзүнүн жашоосун бир нукка салууда деп да айтсак болот.

Ошондуктан психолог катары үй-бүлөдөгү климат жакшы болуп, анын ар бир мүчөсү өзүн жакшы сезүү үчүн кийинки кеңештерди сунуштайт элем. Биринчиден, режимди туура нукка салууга аракеттениш керек. Себеби, режим бизге туруктуулук сезимин берет. Көбүнчө тынчы жок болуп, адамдын өзүн-өзү коопсуздугу жок болуп сезүүсүнө белгисиздик себеп болот. Ал эми режим бизге алдын-ала өзүбүз үчүн белгилеп алган –эртең менен туруу, тамактануу, иш боюнча алектенүү, китеп окуу, телевизор көрүү, балдар менен ойноо убактыларын ыңгайлуу кылып түзүп алууга шарт түзөт. Экинчиден, үй тар болсо дагы, ар бир үй-бүлө мүчөсүнүн сөзсүз түрдө өзүнүн территориясы болуш керек. Себеби, ар бир адам ошондой шартка муктаж. Кээде жалгыз калып же болбосо өзү менен өзү болууга муктаждык болот. Ошондуктан ата-эне өздөрүнүн территорияларын аныктаганга балдарга да жардам берүүсү зарыл. Ал муктаждыкты эске алып, сыйлоо керек. Үчүнчүдөн, сөзсүз түрдө ар бир мүчө жеке өзүнүн психологиялык абалына көңүл буруусу зарыл. Эгерде тынчсызданып, паникага алдырып баратса терең дем алуу сыяктуу медитативдик ыкмаларды колдонуусу абзел. 

Интернеттен ар кандай негативдүү жаңылыктарды, фейкттик маалыматтарды окуудан, көрүүдөн өзүн-өзү чектеш керек. Ар бир инсан өзүнүн жоопкерчилигин мойнуна алып, психологиялык туруктуулукту иштеп чыгууга аракеттенүүсүнө чакырат элем. Себеби ата-эне өздөрүн кандай сезсе, ал үй-бүлөдөгү балдар дал ошондой абалда болушат.

-Жакында эле, Ысык-Көл облусунда 5 өспүрүмдүн суицидге барганы белгилүү болду, ушундай кырдаалда ата-эне балдарына кандай мамиле кылуусу зарыл? Бул жакта башкы көйгөй интернет маселеси болуусу мүмкүнбү?

-Бул коомдогу, үй-бүлө системасындагы өтө трагедиялуу көрүнүш болду. Ата-эненин балага болгон ролу, таасири өтө чоң. Ата-эне айткан сөздөр, алардын мамилеси баланын психикасынын чоң бөлүгүн түзөт. Ошол ата-энелик кабыл алуудан, баланын өзүн-өзү кабыл алуусу, баалоосу негизделет. 

Негизи, эгерде психология илимине таянсак, ар бир адам өзүнүн жашоосунда бир канча жолу жашына жараша кризистерден өтөт. Өспүрүм жашы эң бир татаал, маанилүү учур жана ошол кризистердин бири. Бул маалда бала коомдо жаңы өзүнүн ордун издеп, социалдык байланыштар маанилүү болуп, өз курактагы балдар менен мамиле түзүүгө аракеттене башташат. Мурдакыдай ата-энесин чоң авторитет катары кабыл албай калат, ата-энесинин кемчиликтерин, мүчүлүштөрүн өзгөчө оор кабыл алышы мүмкүн. Себеби буга физиологиялык дагы себептер бар. Өспүрүмдүн организминде бул учурда өтө чоң гормоналдык өзгөрүүлөр жүрөт, гормондор жалпак тил менен айтканда кадимкидей секирип, кайра калыбына келип, кайра секирип турат. Албетте, бул көрүнүш өспүрүмдүн мүнөзүнө, кыймыл-аракеттерине таасир тийгизет. 

Эгерде өзүнүн үй-бүлөсундө ата-энесинен түшүнүүнү, кабыл алууну таппаса, ал сезимдерди көчөдөн, сиз айтып кеткендей, Интернеттен издей баштайт. Жанагы мен жогоруда айткандай, карантин убагында үй-бүлөдөгү түшүнбөстүктөр өзгөчө ачылат. Себеби, шарттар мурдагыдай жумушка, окууга алаксыгандан чектейт. Ар бир үй-бүлө мүчөсү бир-бири менен тыгыз баарлашууга дуушар болот. Өзгөчө өспүрүмдөр, мен айтып кеткендей, социалдык байланыштарга, досторго муктаж болуп турган кезде, ата-энеси менен көбүүрөөк убакыт өткөзүүгө дуушар болууда. Эгерде ата-эне аны түшүнбөй, инсан катары сыйлабай, өзүнүн территориясына камсыз кылбай, орой мамиле кыла берсе жогорудагыдай трагедиялуу окуяларга алып келиши мүмкүн. 

Кыргыздарда сөз бар эмеспи: “Адамдын көңүлү гүл” деген. Өзгөчө өспүрүмдүн көңүлү назик гүл. Ошондуктан менин оюм боюнча, бул болгон окуяларда Интернет маселеси негизги себеп болгон эмес. Негизги себеп бул жерде ал балдарга ата-эне тараптан кылынган мамиле, ошол үй-бүлөдөгү психологиялык климат себеп болгон. Демек, ар бир ата-эне баласында эң биринчи инсанды көрүш керек, тарбиялоо менен бирге сый, аяр, тең мамиле кылуусу зарыл.

-Ушундай кырдаалда үй-бүлө мүчөлөрүнүн карым-катнашын жакшыртуу үчүн, кандайдыр бир психологиялык ыкмалар барбы?

-Азыркы кырдаалда үй-бүлө бекемдегенге бир чети жакшы шарт түзүлдү. Психологиялык ыкмалар көп. Чогуу тамактануудан баштап, ар кандай оюндарды уюштуруу, чогуу ырдоо, музыка коюп алып бийлөө. Оюн жөнүндө сөз кылсак, наристе төрөлгөндөн баштап, чоңойгонго чейин ошол оюн аркылуу өнүгөт. Көптөгөн тренингдер аркылуу чоң адамдар дагы ойногонду жакшы көрөөрүн байкап жүрөм.  Ошол оюндар аркылуу кадимкидей, көңүлдөрү ачылып, күлүп, маанайлары көтөрүлөт. 

Тренинг өтүү ыкмаларында атайын топтун, алардын мүчөлөрүнүн биримдилүүгүн жаратууга арналган көптөгөн оюндар бар. Мисалы, кичинекей топту алып бири-бирине жөн ыргытпастан, мактап, жакшы сапатын айтуу менен бирге топту узатуу. Үй-бүлөдө дагы бул оюнду балдар менен чогуу ойносо болот. 

“Белек” деген дагы оюн бар, ал жерде бири бирине сөз менен эмес, кыймыл-аракет, вербалдык эмес баарлашуу аркылуу, мимика, жест аркылуу белек берүү. Бир айланып бүткөндөн кийин, ар бирөө кандай белек алгандыгын айтат, берген адам тапкан, таппаганын далилдейт. Негизгиси ушундай шартта ар бир үй мүчөсү, өзгөчө ата-энелер бири-бирине сый, аяр мамиле жасаганга аракеттенүүсү зарыл. 

Кино тандаганда да маанайды көтөрүүчү тасмаларды тандоо зарыл. Албетте, үйбүлө мүчөлөрү ушундай оюн, кино көрүү, бирге убакытты өткөзүү менен бирге, жалгыз калгысы келсе, чарчаса, ал нерсени ачык айтып (орой тилде эмес) өзүнүн территориясына барып эс алыш керек. Балдарды дагы азыртан ошол психологиялык дагы гигиенага үйрөтүү абзел.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)