WeChat      Избранное

Дистанттык режимде билим алуудагы эң зарыл болгон интернет ресурстары

08/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Дистанттык режимде билим алуудагы эң зарыл болгон интернет ресурстары

Сүрөт интернеттен алынды

Билим берүү жана илим министрлиги 8-апрелден тарта баштала дистанттык режимде билим берүү үчүн кыска аралыкта өнөктөштөрдүн жардамы менен төмөндөгү интернет ресурстарды жасап чыкты. Ошондой эле тизменин аягындагы эки дүйнөлүк ресурс коронавирус пандемиясына байланыштуу акысыз колдонууга мүмкүнчүлүк ачып берүүдө.  Бул тууралуу КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

1.ЭЛЕКТРОНДУК КИТЕПКАНА. Министрлик окутуу кыргыз, орус, тажик жана өзбек тилдеринде жүргүзүлгөн мектептер үчүн ар түрдүү тематикадагы 400гө жакын окуу материалдарын камтып төмөнкү электрондук даректе жайгашкан: https://kitep.edu.gov.kg, сайтын сунуштайт.

Бул ресурстарга 1-класстан 11-класска чейинки окуу китептери жайгаштырылды. Тиешелүү бөлүмдөрүнө кирип, классты тандап, ар бир предмет боюнча китептерди көчүрүп алууга, же болбосо ошол жерде онлайн окууга да болот. Китептер окуганга ыңгайлуу форматта жүктөлгөн. Китептер кыргыз, орус, өзбек, тажик тилдүү мектептер үчүн.

Ошондой эле окуу китептерин https://lib.kg/lib/school/ дарегинен табууга болот. Бул жерден окуу китептеринен сырткары да материалдар жайгашкан.

2.Министрлик окуучулар жана ата-энелерге башталгыч класстар үчүн иштелип чыккан 7 предмет боюнча электрондук программалык-методикалык iBilim комплексин кошумча билим берүү ресурсу катары сунуштайт. Окутуу материалдары республикабыздын кыргыз жана орус тилдеринде окуган мектептердин башталгыч класстарынын окуучуларына арналган, билим берүү стандарттарына жана окуучулардын жаш өзгөчөлүктөрүнө ылайык келет. Комплекстер төмөндөгү https://www.ibilim.kg/kyr/index.html шилтемесинде жайгаштырылды

3.Ал эми 5-9-класстар үчүн БИЛИМ БУЛАГЫ КОМПЛЕКСИ сунушталат. «Билим булагы» – бул математика, физика, химия, биология, география, тарых, дүйнөлүк жана кыргыз адабияты, англис тили боюнча Кыргыз Республикасынын билим берүү уюмдарынын 5–9 класстарынын билим берүү стандарттарынын чегиндеги окуу материалдарынын мультимедиялык комплекси. Ал төмөнкү даректе жайгашкан https://www.bb.edu.gov.kg

4.Билим берүү жана илими министрлиги тарабынан “КЫРГЫЗСТАНДЫН БИЛИМ БЕРҮҮ РЕСУРСТАРЫ” деген аталыштагы билим берүү порталы түзүлгөн. Бул порталга 1-11-класстарынын окуу материалдары, электрондук китептер, кошумча адабияттар, тапшырмалар, видеосабактар, өнүктүрүүчү оюндар ж.б. жайгаштырылат. Дареги oku.edu.gov.kg. Буга кошумча “Кыргызстандын билим берүү ресурстары” деген аталыштагы youtube канал ачылды.

5.Маалым болгондой “АЛЬФА ТЕЛЕКОМ” КОМПАНИЯСЫ (Мегаком) менен жетишилген меморандумга ылайык, компания өлкө мугалимдерин бирдиктүү корпоратив тарифине кошуп, Мега24 мобилдик тиркемесин акысыз колдонууга мүмкүндүк берет. МЕГА 24 тиркемесинин базасында “МЕКТЕП” бөлүгү ишке кирип, ал жерден окуучулар видеосабактарды, керектүү окуу китептерин, тесттик тапшырмаларды таба алышат жана онлайн окутуунун башка мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга болот. Ошондой эле ал жерде мектепке чейин билим берүү мекемелерине ылайыкталган “Наристе” программасына тиешелүү материалдар да жайгашат.

6.Буга кошумча кырдаалга байланыштуу, окуу мекемелеринин дистанциондук формада окууга өтүп жаткандыгынан улам «Хандикрафт» компаниясы Mozaik Education сайты менен чогуу дистанциондук окутуу системасын өнүктүрүүгө жардам катары санариптик билим берүү ресурстарына акысыз кошулууга мүмкүндүк берүүдө ( mozaBook Classroom мугалимдер үчүн жана mozaWeb Premium окуучулар үчүн). Бул сайттан миллиондогон түрдүү вариациядагы, форматтагы (видео, 3D, санариптик сабактар,) материалдарды көрүүгө, окууга болот. Ал ресурстарга төмөнкү шилтеме менен өтүүгө болот. https://www.mozaweb.com/ru/ сайтына http://intobr.kg/ аркылуу катталып, 2 ай акысыз колдонуу мүмкүнчүлүгү бар.

7.Билим берүү жана илим министрлиги https://www.yaklass.ru/ сайтын да сунуш кылат, аталган сайт да 6-апрелден баштап акысыз иштеп баштайт. Бул сайттан мектеп программасындагы 13 предмет боюнча 1,6 трлн тапшырмалар жана видеосабактарды табууга болот.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)