WeChat      Избранное

1-11-класстар үчүн IV чейрек сабактары дистанттык түрдө башталды

08/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

1-11-класстар үчүн IV чейрек сабактары дистанттык түрдө башталды

Сүрөт интернеттен алынды

Өлкөдөгү убактылуу кырдаалды эске алып Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан мектепке даярдоо жана 1-11-класстар үчүн IV чейектин сабактары дистанттык түрдө башталды. Бул тууралуу КРдин Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Надира Санташевна: “Буга чейин тартылып, даярдалган видеосабактар “Баластан” КТР (1-4-класстын окуучулары жана бала бакчалардын бүтүрүүчү тайпалары үчүн), “Илим Билим” ЭлТР (5-11-кластын окуучулары үчүн) жана "Санат", "Пирамида", "5-каналдарынан" эфирге берилип жатат.

Ушул эле видеосабактар, окуу материалдары, электрондук китептер, теледен кетчү сабактардын жадыбалы, кошумча адабияттар, тапшырмалар, мугалимдер үчүн колдонмолор, өнүктүрүүчү оюндар, тесттер ж.б. министрлик тарабынан түзүлгөн oku.edu.gov.kg порталына жүктөлдү. Ошондой эле “МЕГА 24” тиркемесинде да жогорудагы каражаттар жайгаштырылды”,-деп маалымат берди. 

Сабактар телеканалдардан көрсөтүлгөндөн кийин гана oku.edu.gov.kg порталына жүктөлөөрү белгиленди. Ошондон кийин гана дароо “МЕГА 24”  тиркемесинен көрүүгө мүмкүнчүлүк болот. Муну менен катар эле, телеканалдар дагы өздөрүнүн ютуб каналдарына дагы жүктөшөт. 

Кайтарым байланыш үчүн Zoom, WhatsApp, Google classroom сыяктуу каражаттар менен ишке ашып жатат.

Надира Санташевна: “Өтө кыска мөөнөттө министрлик жана өнөктөштөрүбүз менен биргеликте дистанттык форматтын концепциясын иштеп чыктык. Анын алкагында  үчүн IV чейректин негизги материалдарын камтыган видео сабактарды тартуу үчүн 200дөн ашуун мугалимдердин командасы топтолду. 1000ден ашуун видео сабактар тартылууда. Бул жаңы билим берүү форматы болгондугу үчүн кандайдыр бир мүчүлүштүктөрдү чогуу чечүүгө туура келет. Ошондуктан биз менен ыкчам байланышуу үчүн 0550 512 075, 0550 801 026, 0550 368 784, 0550 513 385, 0557 442 355 номерлерин колдонсоңуздар болот”- деп билдирди. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)