WeChat      Избранное

Ат-Башы районунда коронавирустун алгачкы 2 учуру катталды

08/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Ат-Башы районунда коронавирустун алгачкы  2  учуру катталды

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 8-апрелине карата коронавирусун жуктурган 42 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо Сабиржан Абдикаримов республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Министр: “Жаӊы катталган 42 учурдун ичинен 14ү медицина кызматкерлери. 2020-жылдын 8-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктурган 42 жаӊы учур катталды. Алардын ичинен 16 эркек жана 26 аял. Жаӊы катталгандардын ичинен: Бишкекте – 10. Чүй облусунда – 2, Ош облусунда – 24, Жалал-Абад облусунда – 1, Нарын облусунда – 5. Учурда, Кыргызстанда жалпы 270 учур катталды. 

Алардын ичинен дарылап чыгаргандардын саны 25, кайтыш болгондордун саны 4. Бүгүнкү күндө 241 киши ооруканада. Алардын ичинен 9унун абалы оор. Жалпы бейтаптар менен байланышта болуп обсервацияда жаткандардын саны 1097, үй карантинине чыккандар 439. Жогоруда айткандай, өлкө боюнча стационарлардан жалпы 25 бейтап коронавирус инфекциясынан айыгып, үйүнө чыгарылды. Бүгүн Жалал-Абад облустук ооруканадан дагы 10 бейтапты чыгаруу пландалууда

Коронавирусту сырттан алып келгендер негизинен Умрадан, Россиядан жана Пакистандан келгендер. Муну менен эле катар, Ат-Башы районунда түштүктө болуп кайткан эки даабатчыдан дагы бул илдет аныкталды. Өлкө ичинде эпидемиологиялык кырдаал курч бойдон калууда”, -деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, Кытай Эл Республикасынан дагы ири гуманитардык жардам келгендиги маалым болду. Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов коңшу мамлекеттин Өкмөтүнө өз ыраазычылыгын билдирип өттү. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)