WeChat      Избранное

26-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 17 жаӊы учуру катталды - жалпы 682

26/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

26-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 17 жаӊы учуру катталды - жалпы 682

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 26-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 17 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 17 бейтаптын ичинен Бишкек ш. – 7, Ош ш. – 1, Чуй облусу – 1, Нарын облусу – 2, Баткен облусу – 2, Жалал-Абад облусу – 2, Ош облусу – 2. Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 682ге жетти.

Кыргызстанда коронавирусту дагы 5 медкызматкер жуктуруп алды.  Бишкек шаарында - 3, Жалал-Абадда - 1 жана Нарында - 1. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медицина кызматкерлери арасында 180 учур катталды.

Бир сутка ичинен жалпысынан 25 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алар Бишкек ш. – 10, Ош ш. – 2, Ош облусу – 1, Жалал-Абад облусу – 6, Нарын облусу – 6. Республика боюнча жалпы 370 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 

Учурда, коронавирус жуктурган 13 адамдын абалы оор, анын алтоосу реанимацияда жатат. 21 адамдын абалы орточо оордукта. 270 бейтаптын абалы канааттандырарлык”, - деп маалымат берди. 

Муну менен эле катар, министрдин орун басары: “Азыркы тапта, эпидемиологиялык абалды талдап жатабыз. Биздин Орто Азия өлкөлөрүндө оорунун жогорку чекитине жетти дегендей бейтаптардын саны кескин көбөйгөн жок. Кийинки учурда өтө көбөйүп же өтө азайып кетпей бир калыпта болууда. Эпидемиологиялык параметр катары бул оорудан каза болгондордун саны кескин көбөйгөн жок. Бул аймактагы өзгөчөлүктөй болуп сезилүүдө. 

Ошондой эле биздин республиканы алганда да ошондой жагдай болуп жатат. Бир аймакка тиешелүү мүнөзгө ээ болуп жатат. Эпидемиологиялык абалдын бир беткей өөрчүшү болбой, ар тараптуу болууда”, - деп билдирди. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)