WeChat      Избранное

2020-жылдын 19-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 48 жаӊы учуру катталды - жалпы 554

19/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 19-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 48 жаӊы учуру катталды - жалпы 554

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 19-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 48 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 48 бейтаптын ичинен Бишкек ш. – 9, Чүй облусу – 2, Ысык-Көл облусу – 2,  Ош облусу – 7, Ош ш. – 9, Жалал-Абад облусу – 9, Нарын облусу – 11, Баткен – 1. Бүгүнкү күнү Кыргызстан боюнча коронавирус менен 554 учур тастыкталды. 

Бир сутка ичинде 18 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда – 4, Баткен облусунда – 1, Ош облусунда – 2, Ош ш. – 3, Нарын облусунда – 4, Бишкек ш. – 4. Ошентип, азыркы тапта COVID 19 жуктурган жалпы медиктердин катталган учуру 134дү түздү. 

COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7877 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Жакын байланыштар (I категория) – 1769, башка байланыштар (II категория) – 6108” – деп маалымат берди. 

Анын айтымында, учурда ооруканаларда 416 бейтап жатат. “Алардын ичинен 16 адамдын абалы оор болуп, анын тогузу жандандыруу бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 400 бейтаптын абалдары канааттандырарлык жана орточо оор деп бааланууда", - деди ал.

Бир сутка ичинде жалпысынан 3 бейтап ооруканадан айыгып чыгарылды. Алар Бишкек ш. – 2, Нарын облусу – 1. Республика боюнча бүгүнкү күнгө чейин жалпы 134 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)