WeChat      Избранное

2020-жылдын 18-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 17 жаӊы учуру катталды - жалпы 506

18/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

2020-жылдын 18-апрелине карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 17 жаӊы учуру катталды - жалпы 506

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 18-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 17 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев республикалык штабдын пресс борборунда билдирди.

Нурболот Үсөнбаев: “Жаңы катталган 17 бейтаптын ичинен Ош облусу – 5, Ош ш. – 1, Нарын облусунун Ат-Башы району- 11. Жаӊы катталган учурларда 4 аял, 13 эркек. Бүгүнкү күнү Кыргызстанда тастыкталган СOVID-19 инфекциясынын жалпы 506 учуру катталды. Анын ичинде: Жалал-Абад облусу – 93, Ош облусу – 140, Ош ш. – 74, Чүй облусунда – 28, Бишкек ш. – 102, Баткен облусунда – 5, Нарын облусу – 56, Ысык-Көл облусунда – 8. Жалпы катталган учурлардын ичинен – 270 аял, 236 эркек. 

Бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлер катталган жок. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер саны 116 учур бойдон калды. 2020 жылдын 5-апрелинен тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 31 460. Жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жалпы саны – 30 868. Сутка ичинде жүргүзүлгөн изилдөөлөр болсо 1 850нү түздү”, - деп маалымат берди. 

Бүгүнкү күнү COVID-19 лабораториялык жактан тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 7 738 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал). Жакын байланыштар (I категория) – 1 663, башка байланыштар (II категория) – 6 075. Кыргызстан боюнча обсервацияда 1 075 адам жатат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)