WeChat      Избранное

25-марттан баштап 11-апрелге чейин өлкө аймагында 2327 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн кармалган

11/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

25-марттан баштап 11-апрелге чейин өлкө аймагында 2327 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн кармалган

Сүрөт интернеттен алынды

2020-жылдын 11-апрелине карата Кыргыз Республикасынын аймагындагы өзгөчө абал киргизилген аймактарда 85 жаран коменданттык сааттын талаптарын бузган. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Бишкек шаары, Ош областынын Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Ош шаарынын, Жалал-Абад областынын Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын аймактарында коменданттык саат киргизилген убакыттын ичинде тактап айтканда кечки саат 20.00 эртең мененки 07.00 убакыттын ичинде жалпы республика боюнча коменданттык сааттын талаптарын жана эрежелерин эскертүүлөргө карабай бузгандыктары үчүн ички иштер органдарынын бөлүмдөрүнө 85 жаран жеткирилип, 10 автоунаа атайын жайларга токтотулду. Алардын ичинен: Бишкек шаары боюнча - 57, Ош шаары боюнча - 7, Жалал-Абад шаары - 14, Сузак району– 4, Кара Суу району-3.

Ал эми, Ноокат районунда тартип бузуулар катталган жок.

Жалпысынан алганда 25-марттан баштап бүгүнкү күнгө чейин өлкө аймагында 2327 жаран коменданттык саатты бузгандыктары үчүн милициянын кайгуул тобу менен кармалды. Алардын бардыгына коменданттык сааттын талаптары менен эрежелерин бузгандыктары боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, экинчи кайталанбоосу эскертилип, коменданттык сааттын аякташы менен койо берилген. 

ИИМ жарандарды Өзгөчө абалдын жана Коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат. Ошондой эле жарандарды социалдык тармактар жана Интернет аркылуу жалган маалыматтарды таратпоого чакырат. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)