Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү
Сүрөттөр COVID-19: Республикалык штабына таандык
26-марттын эртең мененки убактысына карата Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын саны 44. Жаңы катталгандар жок. Учурда, 10 адамдын абалы орточо оор, 6 адам – реанимацияда, ал эми 34 адам – канааттандырарлык абалда ооруканадан чыгарылды.
Мына, ушул илдетке каршы, анын алдын-алуу максатында Кытай Эл Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам көрсөттү. Бул тууралуу COVID-19: Республикалык штабынан билдиришти.
Коңшу мамлекеттин жардамын, кечээ, 25-мартта “Торугарт” чек ара көзөмөл өткөрүү пунктунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов кабыл алды.
Гуманитардык жардамды Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу кыргыз автономдук облусунун губернаторунун орун басары Ван Шин Ганг мырза тапшырып, кыргыз элинин бул ооруну тезирээк жеңип чыгуусун тилек кылды.
Кытай Эл Республикасынан 10 миң даана дарыгерлер үчүн респиратордук беткап, 100 миң даана бир жолу колдонулуучу беткаптар, ошондой эле 1 миң даана коргонуучу кийимдер келди. Мындан сырткары 10 миң даана беткаптарды Кытайдын Кыргызстандагы элчилигине тапшырышты.
Эске сала кетсек, коронавирусту алдын-алуу максатында 2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилди.
Мындан улам Бишкекте 20:00дөн 07:00гө чейин коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө болбойт. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.
последние
Рекомендация
- 1При негативном сценарии выпадения из бюджета могут составить более 20 миллиардов сомов
- 2На карантине ЦУМ, ГУМ и крупный рынок столицы
- 3На КПП «Ак-Тилек» вновь километровая пробка
- 4Айнура Акматова: “25-мартка карата Кыргызстан боюнча жугуштуу илдетти жуктургандардын саны 44гө жетти”
- 5В Ноокатском и в Ошской области вводится режим чрезвычайной ситуации.