Эркин Асрандиев: “Азыркы тапта, Кытай менен тыгыз иш алып баруудабыз”
Сүрөт интернеттен алынды
23-мартта саат 13:10дон баштап Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Эркин Асрандиевдин катышуусунда өзгөчө кырдаал: COVID-19 вирусунун экономикага тийгизген таасири боюнча онлайн пресс-конференциясы болууда. Вице-премьер министр алгач Кыргызстандын учурдагы абалы тууралуу маалымат берип өттү.
Өкмөттө экономикалык кризиске каршы чаралар дагы талкууланып жаткандыгын айтып, жакынкы күндөрү анын программасы элге сунушталаарын айтты. Ал эми, кыргызстандык ишкерлер тарабынан берилген Кытай менен чек араны ачуу суроосуна: “Азыркы тапта, Кытай менен тыгыз иш алып баруудабыз. Анткени, алардын бул жаатта тажрыйбасы бар. Учурда болсо, коңшу мамлекет менен Кыргызстан ортосундагы жүк ташуу унааларын жүргүзүү боюнча дагы сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жакынкы күндөрү бул боюнча так маалымат берилет”,-деп жооп берди.
последние
Рекомендация
- 1Всем миром против одной угрозы
- 2Кыргызстан закрывает границу и вводит запрет на въезд иностранцев
- 3Глава кыргызского правительства призвал население придерживаться предписаний медиков
- 4Деятельность точек общепита и игровых площадок в торговых центрах будут временно запрещены
- 5Азык-түлүктүн баасы негизсиз көтөрүлсө каякка кайрылуу керек.