WeChat      Избранное

Эркин Асрандиев: “Атайын ачылган эсепке 8,7 млн сомдон ашык каражат түштү”

23/03/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Эркин Асрандиев: “Атайын ачылган эсепке 8,7 млн сомдон ашык каражат түштү”

Сүрөт интернеттен алынды

Коронавируска каршы күрөшүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн жана жарандардан жардам иретинде атайын ачылган эсепке 8,7 млн сомдон ашык каражат түштү. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эркин Асрандиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында билдирди.

Ал учурдагы кырдаалда бизнес өкүлдөрүнөн жана жарандардан жардам иретинде каражат берилип жатканын айтып, алар Каржы министрлигинде жана "Айыл Банк" жана "РСК Банкта" ачылган эсепте топтолууда. Анын айтымында, учурда ал акчалардан бир сом да сарптала элек.

Жыйында вице-премьер-министр коронавирустан улам түзүлгөн кырдаалда экономика жана бизнеске кандай колдоо болору, азык-түлүк менен камсыздоо тууралуу маалымат берип, жөлөкпул, пенсия боюнча маселе жаралбай турганын айтты. Бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине (анын ичинде каникулга таратылган мугалимдердин) айлык акысы боюнча төлөмдөр, пенсиялар, жөлөкпулдар, ошондой эле калктын социалдык аярлуу катмарына төлөмдөр толук көлөмдө жана өз убагында берилээри тууралуу маалымат айтып өттү.

Салык төлөмдөрүн жылдыруу маселелери боюнча төмөнкү маселелер каралгандыгы айтылды. Алар: салыктарды төлөө мөөнөтү жылдырылат; салык текшерүүлөрүн жүргүзүү токтотулду; электрондук эсеп-фактураларын, электрондук унаа-жүк ташуу коштом кагаздарын жана виртуалдык ККМ киргизүү мөөнөттөрү жылдырылды.

Учурда өлкөдө COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14кө жетет (6 эркек, 8 аял): Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам.

(Автор:​Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)