Азык-түлүктүн баасы негизсиз көтөрүлсө каякка кайрылуу керек.
Фото WWW
Тамак-аштын баасы себепсиз көтөрүлө турган болсо Финполдун нөөмөт бөлүмүнө байланышууга болот. Мекеменин кызматкерлери жеринен текшерүү иштерин жүргүзмөкчү.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы жарандарды азык-түлүктүн баасы негизсиз көтөрүлгөн фактыларды кабарлап коюуну өтүнөт.
Буга чейин мекеменин маалымат кызматы алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге карата сотко чейинки өндүрүштөрдү баштаганын билдирген. Узаган дем алышта айрым базарларда жана супермаркеттерде азык-түлүктөр массалык түрдө сатып алынганы байкалган. Учурдан пайдаланган кээ бир ишкерлер товардын баасын көтөрүп жиберишкен.
Азык-түлүктүн баасы себепсиз көтөрүлө турган болсо, (0312) 32-30-91 жана 32-37-07 номерлери аркылуу Финполдун нөөмөт бөлүмүнө байланышууга болот. Мекеменин кызматкерлери жеринен текшерүү иштерин жүргүзмөкчү.
последние
Рекомендация
- 1В Кыргызстане открыт 23-й санитарно-карантинный пункт
- 2Кыргызстан готов обратиться к Китаю за помощью в борьбе с коронавирусом
- 3Глава кыргызского правительства призвал население придерживаться предписаний медиков
- 4По итогам заседания Совета безопасности в узком составе принят ряд решений
- 5Азат Бодошев: От осложнений после гриппа умирает больше людей