WeChat      Избранное

Шевченко менен Чукагяндын эртеңки беттешин көрсөтө турчу сайттардын тизмеси

08/02/2020  Источник:Sputnik   шрифта:

Шевченко менен Чукагяндын эртеңки беттешин көрсөтө турчу сайттардын тизмеси

Шевченко менен Чукагяндын эртеңки беттешин көрсөтө турчу сайттардын тизмеси

Фото WWW

UFC 247 турниринин башкы беттешинде Жонс менен Рейес беттешсе, кеченин экинчи маанилүү кармашында Шевченко менен Чукагян октагондо жолугушат. Sputnik редакциясы турнирди көрсөтө турчу телеканалдар менен сайттарды сунуштайт.

9-февралга караган түнү Хьюстон шаарында беделдүү делген UFC 247 турнири өтөт. Бул 2020-жылдын эсебинен компания уюштурган биринчи чемпиондук беттеш болмокчу.

Турнирдин алкагында эки чемпион наамдарын коргойт. Аралаш мушташта утулуп көрбөгөн Доминик Рейес уюмдун орточо оор салмак (93 кг) боюнча чемпиону Жон Жонстун курун тартып алганга аракет кылат. Ал эми америкалык Кэтлин Чукагян кыргызстандык Валентина Шевченкодон чемпиондукту талашат.

UFC уюмунун эң мыкты мушкери Жон Жонс узак тыныгуудан кийин октагонго кайтууда. Соңку беттешинде, былтыр июлда өткөн UFC 239 турниринде бразилиялык Тиаго Сантосту уткан.

Бул ирет сегиз бурчтукта жеңилүү ызасын тартпаган Доминик Рейес менен кармашып, наамын сактап калганга аракет кылат. 93 килограмм салмактагылар арасында "падыша" болгон Жонс наамын 11-ирет коргомокчу. Жеңип калса оор салмактагылардын дивизионуна өтүүнү ниеттенип жатат.

Рейес UFС уюму менен келишимди эки жарым жыл мурда түзгөн. Анын рекорду 12:0. Анткен менен букмекерлердин анын Жонсту утуп алышына көзү жетпей жатат.

Шевченко менен Чукагяндын кармашы турнирдеги маанилүү беттештердин экинчиси деп саналат. Валентина наамын үчүнчү ирет коргойт. Акыркы кармашында эзелки атаандашы Лиз Кармушту уткан.

Чукагян UFC уюмун1да 2016-жылдан бери беттешип келет. Үч жыл ичинде сегиз беттеш өткөрүп, анын алтоосунда жеңишти камсыздаган. Былтыр эки кармашын калыстардын чечими менен уткандан кийин чемпиондук наамга талапкер болгон.

Ири мелдеш Хьюстондогу Toyota Center аренасында өтөт. Үстү жабыл

ган спорттук имарат 19 миң көрүүчүнү сыйдырат.

Түз эфир Бишкек убактысы боюнча 05:00дө башталат. Ал эми негизги беттештер 9:00дө старт алат.

Турнирдин уюштуруучулары түз эфирди коммерциялык негизде бергендиктен, Кыргызстандын телеканалдары беттешти көрсөтө албайт.

Кармашты онлайн-режимде же спутник аркылуу көрүүгө болот. Төмөндө онлайн-каналдар менен сайттардын тизмеси берилди. Бирок алардын биздин региондо көрсөткөнгө акысы жок болсо блоктолуп калышы ыктымал.

Беттешке чукул Sputnik агенттиги UFC 247 турнирин түз эфирден көрсөтө турчу сайттарды тизмектеди.

"Сила ТВ" спорттук каналынын сайты;

Setanta сайты;

Rostrek.com спорттук порталы;

UFC уюмунун "ВКонтакте" тармагындагы расмий группасы.


(Автор:Аноним / Редактор:GL)