WeChat      Избранное

Аскар Салымбеков: «Коңшу кытай элинин башына түшкөн зор сыноону бирдиктүү чаралар менен жеңүү зарыл деген тыянактамын»

05/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Аскар Салымбеков: «Коңшу кытай элинин башына түшкөн зор сыноону бирдиктүү чаралар менен жеңүү зарыл деген тыянактамын»

Сүрөт интернеттен алынды

«Дордой» ассоциациясынын негиздөөчүсү, белгилүү ишкер Аскар Салымбеков Кытай Эл Республикасына жардам берүү максатында 50 миң медициналык беткап жөнөтөрүн билдирди. Ал медициналык каражаттарды өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аркылуу жөнөтөт.

«Акыркы убактарда биз, бардык дүйнө жүзүндөгү адамзаты, Кытайда болуп жаткан коркунучтуу илдеттин кулачын кең жайып, алаамат вирустан жабыркаган адамдардын саны күн санап өсүп жаткандыгына күбө болуп жатабыз. Бул көрүнүш башка Кыргызстандык жарандардай эле менин да тынчымды алып, кошуна мамиледе болуп келген коңшу кытай элинин башына түшкөн зор сыноону бирдиктүү чаралар менен жеңүү зарыл деген тыянактамын»-деген билдирүүнү Аскар Салымбеков «Фейсбуктагы» баракчасына калтырды.

Ал өз сөзүндө: «Бүгүн, биздин коңшу кытай элинин башына оор, кырдаал иш түшүп турганда, ар кандай туңгуюк ушактарга жол бербей, бүтүндүктү, достук мамилени көрсөтүү менен, сабырдуулукка чакырабыз» - деп айтып, «Дордой» Ассоциациясы кытай элине жардам берүү жана колдоо максатында 50 миң беткап алып, Кыргыз Республикасынын ӨКМне тапшыруу чечимин кабыл алгандыгын билдирди. Сөз соңунда бул илдетке чалдыккандардын бардыгына тезирээк оорудан арылып, сакайып кетүү менен бирге, бекем ден-соолук каалаарын айтып өттү.

Эске сала кетсек, коронавирус 2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Хубэй провинциясындагы Ухань шаарында тараган. Бейтаптардын көбү деңиз азыктарын саткан базарда иштеген. 5-январда ооругандардын саны 60ка жетип, алардын жетисинин абалы оор болгон. Ал эми 9-январь күнү гана кытайлык адистер оорунун козгогучун нуклеин кислотасы аркылуу аныктап, ал коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин аныкташкан.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)