Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган жок
Сүрөт интернеттен алынды
5-февралга карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Министрликтен белгилешкендей, өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу.
Бүгүнкү күндө стационарларда 52 адам кароодо жатат. Жашаган жери боюнча 295 киши медициналык кароого алынган. Баарынын абалы туруктуу.
Улуттук вирусологиялык лаборатория текшерүү жүргүзүү үчүн даярдалып, бардык эл аралык талаптарга жооп берет жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан аккредитациядан өткөн. Аталган лабораторияга коронавирус РНКсын аныктоо үчүн 500 тест-система келген. Байкоого алынган бардык жарандар бул тест-система менен текшерүүдөн өтүп, баарында терс жыйынтык чыккан.
Кытайдан келген жарандар КРВИ же сасык тумоонун белгилери бар болгон учурда текшерилип, саламаттык сактоо уюмдарына, атайын палаталарга жаткырылып, алар медициналык кароого алынып, тиешелүү дарылануу жүргүзүлүүдө.
Кытайдын Ухань шаарынан келгендер клиникалык белгилер болбогон учурда да милдеттүү түрдө 14 күнгө чейин медициналык кароодон өтүшөт. Андан тышкары, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин көмөгү менен жарандарды кабыл алуу жана жайгаштыруу жайларында 280 орун даярдалган: "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө жайында 100 – орун, "Эркечтам" көзөмөл-өткөрмө жайында – 100 орун; "Манас" эл аралык аэропортунда – 50 орун, "Ош" аэропортунда – 30 орун.
последние
Рекомендация
- 1Аскар Салымбеков: «Коңшу кытай элинин башына түшкөн зор сыноону бирдиктүү чаралар менен жеңүү зарыл деген тыянактамын»
- 2КР Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев: «Биз короновирус инфекциясынан тез арылуу максатында Кытай тарап менен өз ара тыгыз кызматташуу багытын колдойбуз»
- 3Держись, Ухань! В Бишкеке состоялся флешмоб в поддержку народа КНР в борьбе с коронавирусом
- 4Шевченко менен Чукагяндын эртеңки беттешин көрсөтө турчу сайттардын тизмеси
- 5Флешмоб в поддержку Уханя