WeChat      Избранное

​Коронавирус буюм аркылуу жукпайт

11/02/2020  Источник:оригинал   шрифта:

​Коронавирус буюм аркылуу жукпайт

Сүрөт интернеттен алынды

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) эксперттери коронавирус буюм аркылуу жукпай турганын билдиришти. Окумуштуулардын маалыматына караганда, вирус 40°С температураны көтөрө албайт жана айлана-чөйрөгө туруксуз келет. Бул тууралуу КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.

“Чет өлкөдөн жөнөтүлгөн буюмдарды алуу аркылуу коронавирусту жуктуруп алуу коркунучуна кабылбайсыз. Башка коронавирустарды изилдөө тажрыйбасы көрсөткөндөй, бул типтеги вирустар кат, баштык, почта аркылуу келген буюм-тайымдарда жашай албайт ”, деп Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунан билдиришти.

ДССУнун адистери коронавирус дем алуу учурунда аба аркылуу же оорулуу адам менен түзмө-түз байланышта болгодо жугаарын түшүндүрүшүүдө.

2019-nCoV вирусунун кандайдыр бир буюмдун үстүндө жашап кетүүсүнүн узактыгы аныктала элек, бирок алдын ала берилген маалыматтарга таянсак, ал бир нече саат жашай алаары айтылууда. Вирусту же анын адамдарга жугуу мүмкүнчүлүгүн инфекцияларга каршы каражаттардын жардамы менен жок кылууга мүмкүн.

Курчап турган чөйрөдө вирус туруксуз – 3 саатка жакын гана жашай алат, аэрозолдук (түтүн, туман сыяктуу) абалда – 8-10 саатка жана көлмөлөрдө – 9 суткага чейин сакталат. Тоңдурулган бойдон вакуумда кургатылган (лиофилизилдешкен) абалда (+4°С) жана тоңдурулган абалда (-70°С) инфекциялык активдүүлүгүн бир нече жылга чейин сактайт. Ысыкка сезимтал келип, 56°С жогору температурада дароо өлөт жана 37°С жогору температурада 15 мүнөттүн ичинде өлөт.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)