WeChat      Избранное

Э. Алишеров: “Кытай эл Республикасы менен сүт, алча жана балды экспорттоо боюнча Протоколдорго кол коюлган”

21/11/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Э. Алишеров: “Кытай эл Республикасы менен сүт, алча жана балды экспорттоо боюнча Протоколдорго кол коюлган”

Сүрөт интернеттен алынды

2019-жылдын 21-ноябрында Бишкекте Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеровдун, КР ЭМ Инвестициялык саясат башкармалыгынын жетекчиси Ханчоро Мурзалиевдин, Тарифтик эмес жөнгө салуу жана экспорттук контроль бөлүмүнүн башчысы Назар Малаевдин, Инвестицияларды алга жылдыруу жана коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү бөлүмүнүн башчысы Нурлан Ариповдун катышуусунда КРдин экспорттук потенциалын өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу маалымат жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КРдин Экономика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Э. Алишеров: “Учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2022 - жылдарга экспортту өнүктүрүү боюнча программасын ишке ашыруу боюнча планы аткарылууда.

Аталган Программа экспорттун көлөмүн өстүрүүгө багытталган. Планда 151 иш-чара камтылган, анын 63 чү 2019 жылга каралган.

Пландын алкагында экспорттоочуларга башка мамлекеттерге товарларды сатуу процедуралары боюнча маалыматтын жеткиликтүүлүгүн камсыздоо ишке ашырылууда. ЕАЭБ дин 35 техникалык регламенти мамлекеттик тилге которулуп, экономика министрлигинин сайтына жайгаштырылды, ошондой эле, export.gov.kg маалымат порталында 15 башка мамлекеттердин товар киргизүүгө болгон талаптары жайгаштырылды.

Техникалык жөнгө салуу багытында бир топ жумуштар аткарылууда. Алсак, Кыргызстандын ветеринардык көзөмөл системасы ЕАЭБ өлкөлөрү тарабынан таанылды. 2018-жылы ЕАЭБдин мекемелердин бирдиктүү реестринде 87 кыргыз үндүрүүчү мекемелер каттарган болсо, быйыл алардын катарын дагы 21 мекеме толуктады.

Республика боюнча жалпысынан 62 лаборотория иштеп жатат, анын 14 эл аралык талаптар боюнча акредитациядан өткөн. Ал эми 6 су ЕАЭБдин лабороторияларынын бирдиктүү реестрине киргизилген.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)