WeChat      Избранное

Курбанбек Айтибаев: “Араван районунун 49 айылынын 43 айылында таза суу маселеси чечилген”

24/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Курбанбек Айтибаев:  “Араван районунун 49 айылынын 43 айылында таза суу маселеси чечилген”

Фото WWW

Ош облусунун Араван району эл оозуна алынган атактуу “Аксайы” тууралуу ыр менен гана эмес, өзгөчө климаттык шарты, Кыргызстандын башка жеринде дээрлик өспөгөн мөмө-жемиштердин түрлөрү, ажайып кооз жаратылышы менен да белгилүү. Салтка айланган аймак башчылары менен болгон маекти бул ирет биз район акими Курбанбек Айтибаев менен уланттык. 

- Курбанбек Гайыпбекович, айтсаңыз, райондун аймагында Кыргыз Республикасынын Президентинин “2019-жылды - аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгы кандай ишке ашууда?

- Кыргыз Республикасынын Президентинин  2019-жылдын 11-январындагы  аталган Жарлыгынын аткарылышын камсыз кылуу боюнча     Араван районунун мамлекеттик администрациясы  өзүнүн атайын токтомун кабыл алып,  анын негизинде бекитилген иш-чаралардын планын аткаруу үчүн  бардык айыл өкмөттөргө жана ишкана-мекемелерге жиберген.

Ал иш-чарада кошумча жумуш орундарын түзүү, чакан жана орто ишкерликти колдоо үчүн шарттарды түзүү, инвестицияларды тартуу, айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, жергиликтүү маанидеги автожолдорду оңдоо, аймактарды санариптештирүү, саламаттык сактоо, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, спорттук борборлорду түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, сугат тармактарын өнүктүрүү, чек арага жакын аймактардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн инфратүзүмүн өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Араван районунун мамлекеттик администрациясынын бөлүмдөрү, райондун өзалдынча башкаруу органдары жана жалпы коомчулугу өздөрүнүн бардык күч-аракеттерин 2019-жылы аймактарды өнүктүрүүдө системалуу өзгөрүүлөр үчүн негиз салууга багытталган  иш-аракеттерди алып барууда. 

Айыл аймактарындагы көрүнүктүү жерлерге, ишкана-мекемелердин имараттарына “2019-жыл – Кыргыз Республикасында аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы!”, “Аймактар өнүксө - өлкө өнүгөт!” деген мазмундагы лозундар илинди. Айыл өкмөттөрүндө 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындарда,  ишкана-мекемелердин эмгек жамааттарынын чогулуштарында аймактарды өнүктүрүүнүн ролу тууралуу кеңири түшүндүрүү иштери алып барылды. Араван районунун мамлекеттик администрациясынын аппараттык жыйындарында  бул багытта аткарылган иштердин жыйынтыктары талкууланып турду.

Бул иш-аракеттердин   натыйжасында Араван районунун мамлекеттик администрациясынын 2019-жылдын 26-апрелиндеги  17 пункттан турган  иш-чараларынын планынын көпчүлүк пункттары толугу менен аткарылды.   Өзгөчө, инвестиция тартуу менен райондун өнөр жай тармагын өнүктүрүү, жаңы жумуш орундарын түзүү, аймактарды санариптештирүү багытында аткарылган иштер бараандуу болууда.

Атап айтканда, быйылкы жылдын өткөн  тогуз айында өнөр жайында 2 миллиард 401 миллион сомдук продукция өндүрүлдү. Бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырганда 776,5 миллион сомго көп, же физикалык көлөмдүн  индекси 150,6 пайызды түздү. 

Ал эми район боюнча  мамлекеттик бюджетке чегерилүүчү салыктардын жана жыйымдардын  болжол планы 138, 3 миллион сом болсо, иш жүзүндө  139, 2 миллион сомдук салык жыйналып, план тапшырма  100,6 пайызга аткарылды.      Анын ичинде   жергиликтүү бюджетке түшүүчү салыктын план-тапшырмасы 95, 5 миллион сом болсо, аткарылганы 96, 8 миллион сомду түзүп, 101,3 пайызга аткарылды. Пландан ашыкча 1 миллион 274 миң сом көп жыйналды.

- Райондогу ар бир айылга интернет жеткенби?

- Райондо 49 айыл болсо, анын баарына интернет жеткен. Жыл башынан бери 300дөн ашуун абонент жогорку ылдамдыктагы  волокон оптикалык кабели аркылуу интернет желесине уланышты.  2019-жылдын 1-октябрына карата бардык айыл өкмөттөр, 34 ишкана-мекмелер, 52 мектеп интернет байланышы менен камсыз болгон. 

Райондук үй-бүлөлүк медицина борборуна караштуу 25 ФАП да волокон оптикалык кабели аркылуу интернет желесине уланды.

Учурда райондогу мектептердин компьютерлер менен  камсыз болуусу  89,5 пайызга жетти.

- Айыл өкмөттөрдүн бюджети негизинен кайсы булактардан куралат? Экономиканын кайсы тармагы эң көп салык берет? 

- Айыл өкмөттөрдүн бюджети негизинен салыктын төмөнкү түрлөрүнөн куралат: Киреше салыгы, жер салыгы (айыл чарба жана айыл чарба эмес), мүлк салыгы (кыймылсыз жана кыймылдуу), патенттерден түшүүчү салык, сатуудан алынуучу салык, жайыт жерлеринен түшүүчү салык жана кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринен алынуучу ижара акы жана башкалардан. Алардан тышкары – республикалык бюджет тарабынан берилүүчү теңдештирүүчү грант да бар. Райондо эң көп салык берүүчү тармактар - өнөр жайы, айыл чарбасы, кичи жана орто бизнес чөйрөсү. 

- Араван району Кытайга кокон гиластарды экспорттой баштады. Жергиликтүү дыйкандар гиластардын көлөмүн жогорулатууну көздөөдөбү?

- Быйылкы жылы  Чек-Абад айыл аймагынын борбору – Көчүбаев айылындагы “Араван-Агросервис” кооперативинин базасында  “Долгое будущее” Жоопкерчилиги Чектелген Коомунун райондун дыйкандары өстүргөн кокон гиластарды кабыл алып, атайын идиштерге жайгаштырып, сатуу үчүн Кытай Эл Республикасына жөнөтүүчү чакан ишканасы сезон мезгилинде  иштеди.

Гиласты Кытайга сатыкка жөнөтүү  кубаттуулугуна ээ болгон бул ишкананын  ачылышы менен райондо жаңыдан 35  жумуш орун түзүлдү. Анын курулушуна кытайлык жеке ишкердин   9 миллион 660  миң сомдук акча  каражаты инвестиция катары тартылды. 

Быйыл бул ишкана аркылуу Кытайга 35 тонна гилас экспорттолду. Дыйкандарыбыз жыл сайын базарларда гиластын килограммын 100 сомдон сатып келишкен болсо,  бул ишкананын ачылышы менен алар 220-230 сомдон сатуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. 

Келерки жылы жергиликтүү дыйкандар гиластардын көлөмүн дагы да жогорулатууга кызыкдар болуп жатышат.

Жакынкы келечекте бул ишкана жылына  1000 тонна гилас жыйнап, экспорттоо жагын пландаштырып жатат. Ал учурда эспорттун көлөмү райондо $2 миллионго жетиши күтүлөт.

- Кокон гиластан тышкары, район аймагында өскөн кайсы жемишти экспорттосо болот, же экспортко чыгуудабы? 

- Быйылкы жылы Араванда  өндүрүлгөн 7 миң 219 тонна картошка, 1 миң 10 тонна сарымсак пияз, 2 миң 5 тонна капуста,  246  тонна кокон гилас, 268  тонна өрүк,  436 тонна  кара өрүк, 500 тонна дарбыз жыйналып, Кытайга, Казакстанга, Өзбекстанга жана Россия Федерациясына  экспортко чыгарылды.

 Учурда Араванда бышып-жетилген курманы, алманы Россия Федерациясына экспорттоо иштери жүрүп жатат.

- Президент Сооронбай  Жээнбеков Кыргызстан боюнча 653 айылды ичүүчү таза суу менен 10 жыл эмес, 5 жыл ичинде камсыз кылууну талап кылган. Айылдарды таза суу менен камсыз кылуу кандай жүрүүдө?

- Райондо  49 айыл болсо, ошонун 43үндө таза суу маселеси чечилген. Араван районунда  бардыгы болуп 14 ичүүчү таза суу колдонуучулар коомдору,    райондун аймагындагы 16 суу түтүктөрү аркылуу райондун калкын таза суу менен камсыз кылуу багытында иш жүргүзүүдө, ал эми район боюнча бардык таза суу системасынын жалпы узундугу  331,1 километрди  түзөт. 

Акыркы эки жылдын ичинде бул иштерге  7 миллион  сомдук чет өлкөлүк инвестиция тартылды. Алсак,  Тепе-Коргон айыл өкмөтүндө Кувейт өлкөсүнүн “Табарак”, “Ассалам”, “Алсахи” коомдук фондорунун жардамы менен аз камсыз болгон 600 үй-бүлөлөрдүн  үйлөрүнө жер астынан суу чыгуучу кудуктар куруп берилди, андан тышкары 38 жерге кудук казылып мектептерге, балдар бакчаларына  жаңы  конуштардын элине   таза суу  тартылды.

Өткөн жылы “Агахан”  фонду  менен Төө-Моюн айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде жалпы суммасы 9,4 миллион сом болгон Авиз жана  Сары-Таш  айылдарындагы  таза  суу  линиясы  курулуп, пайдаланууга берилди, 556 кожолук таза суу менен камсыз болду. Бул сумманын 6 миллион сомун “Агахан” фонду каржылап, ага керектүү материалдарды алып берди. Жалпысынан  9,5  км  аралыкка  суу  түтүгү    тартылган.   Элдин салымы  240,8 миң сом болду. Бул багыттагы жумуштар элдик ашар жолу менен аткарылды. Айыл өкмөтү болсо 566 миң сом салым кошту.

Бул жерде айта кетчү нерсе – райондун аймагында Союз мезгилинде курулган таза суу тармагынын бир кыйла бөлүгү жараксыз абалга келип калган, бүгүнкү күндө талап өз деңгээлинде иштебей жатат. Алдыбызда аларды жаңылоо, ондоо милдети турат.

Ошондой эле, алты  айылда  - Керме-Тоо айыл аймагынын алыскы тоо арасындагы Күндөлүк, Майдан-Тал, Мин-Теке, Сары-Булак, Алля Анаров айыл аймагынын алыскы тоо арасындагы Кара-Булак айылдарында азырынча таза суу маселеси чечиле элек. Бул айылдар Ош шаарынан 150-160 километр алыстыкта жайгашкан.

Ал эми Керме-Тоо айыл аймагынын борбору – Гүлбаар айылын, Төө-Моюн айыл аймагындагы Керкидон, Эсенбай айылдарынын калкын таза суу менен камсыз кылуу маселесин чечүү багытында иштер жүрүп жатат.

- Өкмөт аймактардагы ишкердикти шыктандыруу максатында, жаңы ачылган өндүрүштүк ишканаларды салыктын 4 түрүнөн бошотуу боюнча токтом чыгарган. Ушу токтом ишке ашуудабы? Жыл башынан бери жаңы өндүрүштүк ишканалар ачылдыбы?

- 2019-жылдын 9 айында 11 жаңы ишкана ишке берилип, 98,6 млн. сомдук инвестиция тартылды жана анын эсебинен 149  жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бирок, аталган ал ишканалар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 24-апрелиндеги №193-токтомунда көрсөтүлгөн салыктын 4 түрүнөн бошотулуучу ишканалардын категориясына кирбейт.

А. Анаров айыл аймагындагы “ЮКСМ”  ЖЧКу тарабынан 2018-жылдын 2-ноябрында пайдаланууга берилген 2500 тонна клинкер иштеп чыгаруучу технологиялык линиянын уландысы болгон долбоордук баасы 16,0 млн АКШ доллары турган тегирмендин курулушу жүрүп жатат. Аны жакында пайдаланууга берүү каралууда.

Араван айылынын “Ош – 3000” көчөсүндө «Натурал Стон» Жоопкерчилиги  Чектелген Коому тарабынан долбоордук сметалык баасы 35,0 млн сом болгон тоо ташынан мрамордук курулуш плиталарын иштеп чыгаруучу заманбап цех курулуп, 2019-жылдын июнь айында ишке берилди. Цехке Түркия өлкөсүндө иштеп чыгарылган жабдыктар орнотулган.

Мында күнүнө 200 м2 тоо ташынан мрамордук курулуш плиталары иштеп чыгарылат,  16 жумушчу орун түзүлдү.

Бул ишкана тарабынан иштеп чыгарылган плиталар Өзбекстанга, Казакстанга экспорттолду,  ал эми калганы ички керектөөчүлөргө сатылды.

Ишкананын түзүүчүлөрү – жеке ишкерлер Суюнбек Абдукааров, Алмазбек  Таабалдиев жана Абдурашит Турсунов мырзалар.

Учурда мына ушул жерде  "Араван-Эт" ишканасы курулуп жатат.    Жетекчиси -Турсунов  Нурмахаммад. Кубаттуулугу - суткасына  30-40  баш  ири мүйүздүү мал союлат. 

Долбоордун  наркы  - 23,0 млн  сом.   Каржылоо  булагы -  өздүк  салым - 8 миллион сом, Кыргыз-Россия  өнүктүрүү фондунун  каржылоосу- 15 миллион  сом. 

Керектелүүчү  жабдууларды  Россия  Федерациясынан  алып  келишет.        Имараттын  өлчөмү - 1148  чарчы-метр. Экспортко  чыгарылуучу  этке  2  даана  муздатуучу  камера  курулат. Ички  базарга  1 камера  курулат.  20 жумушчу  орун түзүлөт.   Ишке  киргизүү   убактысы    - 2019-жылдын     декабрь айы.

- Ишкерлик темасын улай. Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги тарабынан Invest.gov.kg  интернет сайты иштей баштады. Ага ылайык райондук администрациялар дагы сайтка бизнес-долбоорлорду киргизе алат экен. Ушу сайт менен ишти баштадыңыздарбы? 

- Бул маселеде иштер жүрүп жатат. Аталган агенттик менен биргеликте Араван РМАда иштеген  бир адиске логин жана парол берүү, ага ушул сайтка кирүүгө уруксат алуу маселеси чечилүүнүн алдында турат.

- Райондун белгилүү, кооз жаратылыш шарттары бар. Мисалы, Чил-Устун үңкүрү. Туризм жагы кандай өнүгүүдө? 

- Райондун негизги туристтик обьектилери - “Дул-Дул Ат” археологиялык эстелиги, “Чил-Устун” үңкүрү жана “Чарбак” жайкы эс алуу жайы. Бул жайлар жөнүндө тасмалар тартылып, ЭлТр, КТР телеканалдары аркылуу  теле берүү жана маалыматтык турлар уюштурулду. 

“Чил-Устун” үңкүрү боюнча адис Данияр Имлаков бул үнкүргө туристтик маршрут ачуу боюнча атайын долбоор даярдап, тиешелүү уюмдарга сунуш кылды. 2019-жылдын 22-июнунан 28-июнуна чейин Бишкектеги Чуңкурчак капчыгайында  балдар туризминин 60 жылдыгына арналган туристтик мелдешке 8 окуучудан турган тобу катышып, 2-орунду ээлеп келишти. 5-августтан 15-августка чейин Ысык-Көлдө өткөрүлгөн спорттук-туристтик тренинге райондогу спелео-клубдун 10 мүчөсү катышты. Сентябрь айында Кой-Ташта өткөрүлгөн туристтик жүрүшкө клубдун 3 мүчөсү катышты.

27-сентябрь - туризм күнүнө карата Араван районундагы А.Тургунов атындагы жатак-мектепте Ош облусунун аймагынан келген 150 туристтин катышуусунда семинар өткөрүлдү.

Быйыл “Чил-Устун” үңкүрүнө Болгариядан 2 жана Германиядан 3, 200дөн ашуун жергиликтүү туристтер келишти.

- Айтсаңыз, аймакта спорт маселеси кандай, жаштарга спорт менен машыгууга кандай шарттар түзүлгөн?

- Акыркы кездерде эле Чек-Абад айыл аймагынын Агроном айылындагы Т. Исмаилов, Мангыт айыл аймагынын Жаңы-Арык айылындагы Н. Исанов, Керме-Тоо айыл аймагынын Жеңиш калктуу конушундагы  Э. Кебекбаев атындагы орто мектептердин, ушул эле айыл аймагынын Пахта-Арал калктуу конушундагы кышкы спорттук залдар пайдаланууга берилди. Мунун өзү жаштардын жылдын төрт мезгилинде да спорт менен машыгуусуна жакшы шарттар түзүлүп жаткандыгынан кабар берет.

Азыркы кезде Алля Анаров айыл аймагынын Жаңы-Араван айылында жайкы спорттук аянтчанын курулуш иштери аяктап калды. Жакында пайдаланууга берилет.

Быйыл Чек-Абад айыл аймагынын Төлөйкөн жана Пахтачы айылдарына элдин демилгеси менен курулуп жаткан кичи футбол аянтчасына айыл өкмөтүнүн эсебинен 261,7 мин сомдук спорт  жабдуулары сатып алып берилди. 

Төө-Моюн айыл аймагынын Найман айылына айыл өкмөтү тарабынан   420,5 миң сом каржыланып,  кичи футбол аянтчасы курулду.  Ал эми С.Юсупова айыл аймагындагы Х.Абдуллаев мектебинде да спорт аянтчасы курулду, жалпы сарпталган каражат 240 миң сом болду.

Райондун борбору – Араван айылында бардык ыңгайлуулуктарга ээ болгон “Достук” футболдук стадиону  иштеп турат.

Биздин жаштар  Араванда туулуп-өсүп, 2018-жылы грек-рим күрөшү  боюнча чоңдор арасында Азиянын чемпиону болгон  Махмудов Акжол Махамаджанович  менен сыймыктанышат.

- Аймакта маданият тармагы кандай өнүгүүдө? 

- Адыш Исмаилов атындагы райондук маданият үйү баш болгон 8 айылдык мадания үйлөрү иштеп жатат. Алардын баарында калкты тейлөө боюнча жакшы шарттар түзүлгөн. Райондук борборлоштурулган китепкананын жер-жерлердеги филиалдары үзгүлтүксүз иштөөдө. Алар мүмкүнчүлүккө жараша жаңы көркөм адабий китептер менен толукталып турат. 

Аталган маданият үйлөрүнүн элдик таланттарынын демилгеси менен даталуу күндөргө, майрамдарга карата ар түрдүү маданий иш-чаралар өткөрүлүп жатат. Аравандын элдик таланттары быйылкы жылы Таласта өткөрүлгөн улуттук көчмөндөр оюнуна активдүү катышып келишти. Азыр белгилүү коомдук жана мамлекеттик   ишмер Т. У. Усубалиевдин туулган күнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чаралар уюштурулуп жатат.       Бул боюнча сентябрь айында Бишкекте өткөрүлгөн иш-чарага Социалисттик Эмгектин Баатыры Д. Рафикова катышты жана чогулгандардын алдында сөз сүйлөдү.

Быйыл Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Аравандык обончу жана аткаруучу Абдыманап Төрөбековго “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” Ардак наамы берилди. Муну Аравандыктар  элдик таланттын эмгегин жогору баалагандык катары кабыл алышты.

(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)