WeChat      Избранное

Мырзамамат Кебекбаев: “Кытай жергесинде жөнөкөй адистерден баштап, жетекчилерге чейин жоопкерчилик, аткаруучулук талаптары өтө катуу коюлган”

11/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Мырзамамат Кебекбаев: “Кытай жергесинде жөнөкөй адистерден баштап, жетекчилерге чейин жоопкерчилик, аткаруучулук талаптары өтө катуу коюлган”

Мырзамамат Кебекбаев. Шанхай шаары.

Кыргыз Республикасы өз көз карандысыздыгын алгандан кийин дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү менен кызматташтык алакасын өөрчүтүп, эл аралык байланышты бекемдеп келет. Ушул багытта дагы ишти илгерилетүү максатында, бараандуу иштер аткарылып, муну менен катар эл аралык байланышты чыңдоо үчүн атайын уюмдар жана борборлор дагы иш алып барууда.

Алардын бири, Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаментинин “Түштүк-КыргызЭкспоЦентр” борбору. Биз ушул борбордун жүргүзгөн ишмердүүлүгү тууралуу кенен маалымат алуу максатында, анын жетекчиси Мырзамамат Кебекбаев менен маек курдук. 

-Мырзамамат агай, алгач өзүңүздүн ишмердүүлүгүңүз тууралуу окурмандарга айтып берсеңиз?

-Мен учурда, КРнын Соода-өнөр жай палатасынын Түштүк департаментинин алдындагы “Түштүк-КыргызЭкспоЦентр”-атындагы борбордун жетекчилик кызматын аркалап келем. Кызматтык милдетиме палатанын мүчөлөрү менен иш алып баруу, тышкы экономикалык байланышты түзүү, өлкөбүздүн ичинде жана чет мамлекеттерде өтүп жаткан көргөзмө-жарманкелерге палатанын мүчөлөрүнөн турган расмий делегацияларды катыштыруу, бизнес чөйрөсү менен иштешкен эл аралык, коомдук уюмдар, каржы институттар менен иш алып баруу кирет. 

Менин мурунку жумуш ордум дагы инвесторлор менен иштешүүгө багытталган эле. Башкача айтканда, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясында реалдуу секторду тейлөө боюнча 8 жыл эмгектенип келгем. Ал жерде иштеп жүргөн кезимде, 2006-жылдан бери эле облустун ишкерлеринен турган расмий делегацияларды Кытай Эл Республикасынын, СУАР провинциясынын Үрүмчү шаарында, Кашкар округунда өткөрүлгөн көргөзмө-жарманкелерге жана Кызыл Суу Кыргыз автономдук облусуна жумушчу иш сапар боюнча алып барып, келип жүргөн элем. Муну менен катар, өзүм да убагында 10 жылга жакын ишкерлик менен алектенип, ал жактан алган тажрыйбам, билимим, учурда, бул кызмат ордумда чоң жардам көрсөтүүдө десем жаңылышпайм. 

-“Түштүк-КыргызЭкспоЦентр” тууралуу толук маалымат бере кетсеңиз?

-КРнын Соода-өнөр жай палатасынын түштүк департаментинин алдына койгон максаттардын бири бул-тышкы экономикалык байланышты өнүктүрүү, анын алкагында палатанын мүчөлөрүнүн бизнесин өөрчүтүүгө шарт түзүү болуп саналат. Ошондуктан, палатанын мүчөлөрүн жана Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынын ишкерлеринен турган расмий делегацияларды 2013-2018-жылдар ичинде, Кытай Эл Республикасында, Турцияда Италияда, Германияда, Индонезияда, Бириккен Араб мамлекеттеринде жана коңшу КМШ өлкөлөрүндө уюштурулуп, өткөрүлүп жаткан эл аралык көргөзмө-жарманкелерге, форумдарга, расмий жолугушууларга официалдуу чакыруулардын негизинде катыштырып келе жатабыз.

Соода-өнөр жай палатанын мүчөлөрү жогоруда аталган чет мамлекеттердеги көргөзмө-жарманкелерге барып, алардын жетишкендерин жана ал жерге башка мамлекеттерден келген компаниялардын жарнамалангандарын, продукцияларын көрүшүп, бизде дагы ушул багытта иш алып барган, өлкөбүздүн түштүк аймагында иштеп жаткан, компаниялардын чыгарган продукцияларын, калкка жана келген конокторго жарнамалоо үчүн биздин аймакта дагы көргөзмө-жарманкелерди уюштурууну, өткөрүү жагын колго алган уюмду түзүү сунушу менен 2016-жылы кайрылышкан. Анын жыйынтыгында, учурда биз иштеп жаткан “Түштүк-КыргызЭкспоЦентр” борбору уюштурулган.

Борбордун максаты: өлкөбүздүн түштүк аймагында иштеп жаткан ишкерлердин, компаниялардын чыгарган продукцияларын, товарларын, калкка жана келген конокторго таанытуу, көрсөтүлүп жаткан кызматтарды жарнамалоо. Ал эми, милдеттерине: Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында көргөзмө-жарманкелерди уюштуруу жана өткөрүү, өлкөбүздүн ичинде, КМШ-мамлекеттеринде жана чет мамлекеттерде өткөрүлүп жаткан Эл аралык көргөзмө-жарманкелерге палатанын мүчөлөрүн катыштыруу, чет мамлекеттердеги фирмалар, компаниялар менен карым-катнаш байланыштарды түзүүгө, алардын жетишкен тажрыйбалары, колдонуп жаткан жаңы ыкмалары, технологиялары менен таанышууга шарттарды түзүү иштери кирет.

-Борбор эки жыл катары менен эл аралык деңгээлде мыкты жарманке уюштуруп келүүдө, ушул багытта кеп салып берсеңиз?

-“Түштүк-КыргызЭкспоЦентр” уюшулгандыгына аз эле мезгил болгонуна карабастан, үч эл аралык көргөзмө-жарманкелерди өткөрүүгө жетишти. Тактап айтсак, өткөн 2017-жылдын сентябрь айынын 12-14 күндөрүндө “Түштүк Экспо-2017” атындагы Эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкени өткөрдүк. Ага Кытай Эл Республикасы, Иран Ислам Республикасы, КМШ- мамлекеттеринен Россия, Казакстан, Өзбекстандын өкүлдөрү жана өлкөбүздүн түндүк, түштүк аймактарынын ишкерлери келишип, жалпысынан “Түштүк Экспо-2017” атындагы көргөзмө-жарманкеге 125 компания-экспоненттер өзүлөрүнүн продукциялары менен катышышкан. 

Жыйынтыгында “Түштүк Экспо-2017” атындагы көргөзмө-жарманкеге катышкан ишкерлер ортосунда эки тараптуу кызматташуу максатындагы 28 миллиондон ашык АКШ долларындагы долбоорлорго кол коюлду. 

Үстүбүздөгү, 2018-жылдын март айынын 7-10 күндөрү “Евразия Ишкер Айымдары” атындагы эл аралык көп тармактуу дүң жана чекене соода-сатык көргөзмө-жарманкесин Ош шаарындагы “Таатан - Ош” соода борборунун имаратында өткөрдүк. 

Белгилүү болгондой, 15-17-август күндөрү “Түштүк Экспо-2018” эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеси болуп өттү. Аталган көргөзмөгө Кытай, Индонезия, Иран, Пакистан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринин бизнесмендери, фирмалары жана өзүбүздүн түштүк, түндүк аймактарына 73 компаниялар катышышты. 

Бүгүнкү күндө, Кытайдан келген компаниялар менен түштүк аймагындагы айыл чарба кооперативдердин кызматташуусуна колдоо көрсөтүү максатында, тактап айтканда, жүгөрү жана пахта өсүмдүктөрүнүн жаңы үрөндөрүн жана зыянкечтерге каршы дары-дармектерин, жер семирткичтерди кытай тараптан, айыл чарба тармагындагы жаңы ыкмаларды, жабдуулар менен камсыздоо боюнча дыйкандар менен жолугушууларды уюштуруп жатабыз.

Чындыгында, ар бир көргөзмө-жарманкени өткөрүү бул команданын иши, ошондуктан “КРнын Соода-өнөр жай палатасынын түштүк департаментинин жамааты өзүнө өнөктөш катары, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкулчүлүктүн Аппараты, Ош шаарынын мэриясы, Кыргызстандын түштүгү боюнча КРнын Тышкы Иштер Министрлигинин ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, “BiEXPO” компаниясы, “Таатан - Ош” соода борбору, Кыргыз-Кытай Улуттук Ассоциациясы менен биргеликте алдыга койгон иш-чараларды биргеликте аткарып келүүдө. 

Мырзамамат Кебекбаев: “Кытай жергесинде жөнөкөй адистерден баштап, жетекчилерге чейин жоопкерчилик, аткаруучулук талаптары өтө катуу коюлган”

Кытай ишкерлери менен болгон көргөзмө-жарманке. Бишкек шаары.

-Сиз өзүңүз дагы Кытай жергесинин бир топ жерин кыдырып, алардын өндүрүш ишканалары менен жакындан тааныштыгыңыз бар экен. Кытай компанияларынын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берсеңиз?

-Мени байкоомдо, Кытай Эл Республикасы 1979-жылы чарбалык системасындагы экономикалык багыттагы реформалоону туура жүргүзгөндүгүнүн натыйжасында, бүгүнкү ийгиликтерге жетишип жатат. Муну турмуш өзү дагы тастыктоодо. 

Мен, Кытай жергесине болгон ар бир сапарымдын алкагында, көптөгөн ишканаларды кыдырып көрдүм. Кытай Эл Республикасында ишкана, мекемелерде иштеген жөнөкөй адистерден баштап, жетекчилерге чейин, жумушка болгон жоопкерчилик, аткаруучулукка талаптар өтө катуу коюлгандыгын өз көзүм менен көрүп, анын жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө жетип жаткандыктарына дагы күбө болуп жүрөм. 

12 жыл аралыгында Кытай Эл Республикасында ар бир кызматка дасыккан адистерди тандап, алар менен иштешүү жагына катуу көңүл бурулгандыгын баса белгилеп кетким келет. Кытай Эл Республикасынында, Советтер Союзу мезгилиндегидей “Кадрлар бардыгын чечет”-деген принципти жоготпой, аны андан дагы жогорку дэңгээлге көтөрүшүптүр деген бүтүмгө келдим. Кадр маселесинде, таанышчылык, тууганчылык, жердешчилик деген “принцип” жок экен. 

Акыркы 30 жылдын ичинде Кытай Эл Республикасынын бардык социалдык-экономикалык тармактарында туруктуу өсүшкө жетишүүнүн негизги механизминин бири “Кадр маселесинин” туура жолго коюлгандыгынан улам десек да болот. Мындан сырткары, чарба тармагын реформалоодо Кытай Эл Республикасы рынок системасын колдонуу менен бирге, социалдык пландоо системасын четке какпастан, анын жакшы  жактарын калтырып жана рыноктун негизги түрткү берүүчү күчү таза “атаандаштык” механизмин өтө жакшы өздөштүргөндүгүн байкадым. 

-Кытай эли, жери Сизге кандай таасир калтырды?

-Жогоруда айткандай, Кытай жергесине болгон сапарларым абдан көп болду 2008-жылы кезектеги жумуш боюнча өргүүгө чыгып Кашкар, Үрүмчү шаарларында 24 күн болгон учурумда, ошондой эле 12 жыл ичинде Кытай Эл Республикасына кызматтык сапар менен барган кездеримде, жөнөкөй карапайым адамдар, ишкерлер, кызматкерлер менен болгон жолугушууларым ар дайым жылуу маанайда өтүп, кандайдыр бир терс көрүнүштөргө кабылган жокмун. Ошондуктан, менде кытай эли, мамлекети жөнүндө өтө жакшы пикир, эскерүүлөр гана калды десем жаңылышпайм. Жалпылап айтканда, кытай эли өтө эмгекчил, калпты жаман көргөн, достукка, сөзүнө бекем турган, конокту өтө сыйлаган эл деген пикир жаралды. 

Кытай Эл Республикасынын, СУАРдын, Үрүмчү, Кашкар шаарлары, Сычуань провинциясынын, “Панда мекени” болгон Чэнду шаарында, ири шаарлардын бири Шанхайда болгонумда, ар бир провинциялардын  табигый жаратылышынын өзгөчөлүгүнө, шаарларынын архитектуралык, тарыхый баа жеткис курулуш имараттарын көрүп, суктандым. Ушундай тарыхы бар элдин, басып өткөн жолундагы башына түшкөн кыйынчылыктарга чыдамкайлык, туруштук, сабырдуулук менен кылган мамилеси аркылуу жетишкен жеңиштерине таазим кылуу ашыктык кылбайт. 

-Учурда, Кыргызстанга негизинен Кытай Эл Республикасы тарабынан инвестиция көп келүүдө, дагы да болсо биздин жерге кытай ишкерлерин тартуу боюнча кандай ойлоруңуз, сунуштарыңыз бар?

-Дүйнөдөгү үчүнчү ири мамлекеттердин бири болгон Кытай Эл Республикасы биздин жакынкы коңшубуз. Кыргызда, “Алыскы туугандан, жакынкы коңшу”-деп бекер айтылган эмес. Кытай элинин саны бир миллиарддан ашуун экендиги бардыгыбызга белгилүү. Бул эмнени түшүндүрөт, бул дүйнөдөгү эн чоң рынок менен чектеш, коңшу жашап жатабыз дегенди билдирет. Ушундай рынок менен коңшу жашоо, ага кирүүгө болгон мүмкүнчүлүктөрүбүздү дагы жогорулатып, эки тараптуу пайдалуу кызматташтыкты түзүүгө мыкты өбөлгө болуп берүүдө. 

Кытай Эл Республикасы биздин өлкөбүздүн экономикасынын реалдуу секторунун эң ири долбоорлоруна инвестиция кылып, өз салымын жумшап жаткан мамлекеттердин бири. Тактап айтсак, бардыгыбызга белгилүү, Кыргызстандын энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо багытындагы “Кемин-Датка” жана “Түндүк-Түштүк” автомагистралды куруу долбоорлору буга толук далил болуп бере алат. Мындан тышкары дагы, ондогон долбоорлор жер-жерлерде ишке ашырылып, экономикабызды көтөрүүгө жардамчы болуп келүүдө.

Жакында болуп өткөн “Түштүк Экспо-2018” атындагы эл аралык көп тармактуу көргөзмө-жарманкеде Кыргыз-Кытай Улуттук Ассоциациясынын башчысы биздин телеканалга берген интервьюсунда, жергиликтүү бийлик органдары менен биргеликте Ош облусунун, Кара- Суу районуна караштуу Мады айылынын аймагынан 150 гектар жер тилкесин бөлдүрүү жана ал жерге жаңы 50 заводду куруу боюнча макулдашуулар жүргүзүлүп жаткандыгын айтып өттү. Мына, ушул сыяктуу иштер эки мамлекеттин кызматташтык алакасын бекемдеп, биздин Өкмөттүн колдоосунун алдында дагы инвесторлорду Кыргыз жергесине тартуу иштери аткарылып келүүдө. Дагы да болсо, биз ушул багытта иш-чараларды өткөрүп, кытай ишкерлерине Кыргызстандын, түштүк аймагынынын инвестициондук климатын жакындан таанытуунун үстүнөн иштей бермекчибиз. 

Мырзамамат Кебекбаев: “Кытай жергесинде жөнөкөй адистерден баштап, жетекчилерге чейин жоопкерчилик, аткаруучулук талаптары өтө катуу коюлган”

Борбордун ишмердүүлүгүнүн алкагында, Жалал-Абад жана Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облустарынын жетекчилеринин кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюп жаткан учурунан бир көз ирмем.

-Биздин продукцияларды кытай рыногуна чыгарууга “Түштүк КыргызЭкспоЦентр” кандай көмөк көрсөтө алат, ушул багытта ортодо кабыл алынган кандайдыр бир келишимдер барбы? 

-Өлкөбүздүн түштүк аймагы менен эң жакын коңшу аймактар болуп, бул Кытай Эл Республикасынын Синьцзян Уйгур автономдуу районуна караштуу Кызыл-Суу Кыргыз автономдук облусу жана Кашкар округу болуп саналат. Биздин мекеме 2014-жылы Кашкар округунун Соода-өнөр жай палатасы, 2017-жылы Кызыл Суу Кыргыз автономдук облусунун Соода-өнөр жай палатасы менен “Кызматташуу жөнүндөгү макулдашуу”-келишимдерин түзүүгө жетишкенбиз.

Бул кадам, биздин мекемеге, палатанын мүчөлөрүнө Кытай Эл Республикасынын компаниялары менен кызматташууга шарттарды түзүүгө, өнөктөштөрдү жана инвестиция табууга, инвесторду тартууга, жаңы ыкмаларды, технологияларды, жабдуулар менен таанышуу үчүн өзүбүз уюштуруп жаткан көргөзмө-жарманкелерге Кытай Эл Республикасынын компанияларын катыштырууга жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. 

Биздин мекеменин алдындагы “Түштүк-КыргызЭкспоЦентр” уюштуруп, өткөрүп жакткан көргөзмө-жарманкелер, өлкөбүздүн түштүк аймагынын экономикасына, чакан жана орто бизнестин өсүшүнө, ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн чыгарган продукцияларын алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин рынокторуна экспортко чыгарууга жол ачууга өз салымын кошуп жатат. 

Ошондой эле, ушул эле багытта Кытай Эл Республикасында уюштурулуп, өткөрүлүп жаткан көргөзмө-жарманкелерге палатанын мүчөлөрүн болушунча катыштыруу менен ата-мекендик товар өндүрүүчүлөрдүн товарларын экспортко чыгаруу багытында иштерди уюштуруп келет.

Белгилей кетсек, июль айында Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында уюштурулган Шаньдун провинциянын Циндао шаарындагы көргөзмө-жарманкеге Кыргыз-Кытай Улуттук Ассоциациясынын жардамы менен мекеменин директорунун орун басары Пазылов Кайрылла палатанын мүчөлөрүнөн турган расмий делегацияны жетектеп барып келишти. 

Палатанын мүчөсү, жеке ишкер Арстан мырза, аталган көргөзмө-жарманкеге мөмө-жемиштен кайра иштеп чыгарган продукциясы жана тоо балы менен катышкан эле. Анын айтуусунда, көргөзмө жабылганча кардарлардын саны үзүлбөй, кыргыз продукциясына кызыккандар абдан көп болгон. Чындыгында, биздин ишкерлер жылдан-жылга чет жактагы рынокко сапаттуу, бардык талаптарга жооп берген экспорттук товарларды чыгарууга жетишип жатышкандыгын белгилеп кетүү ашыктык кылбайт. 

Палатанын дагы бир мүчөсү “Маныз KG” ишканасы “Евразия Ишкер Айымдары” атындагы эл аралык көп тармактуу дүң жана чекене соода-сатык көргөзмө-жарманкесине өзү өндүргөн продукциялары менен катышкан. Андан соң, палатанын жолдомосу аркылуу “Маныз KG” ишканасы 22-мартта Катар мамлекетинде өткөн “6-АГРИТЕК 2018” эл аралык айыл-чарба көргөзмө-жарманкеде өз продукциясын таанытып, рыноктун талаптарына жооп бергендей таңгакталган, кургатылган мөмө-жемиш, тоо балын алып барып ийгиликтүү катышып келди. Жыйынтыгында, Катар мамлекетине өз продукцияларын экспорттоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушуп, кызматташуу келишимине кол коюшту.

-Сөз соңунда, борбордун алдында аткарылчу кандай пландар бар, кандай иш-чараларды өткөрүүсү күтүлүүдө, ушул боюнча сүйлөп берсеңиз?

-“Түштүк КыргызЭкспоЦентрдин” алдыда аткара турган иштерине токтолсок, ушул жылдын төртүнчү квартал ичинде Жалал-Абад облусунун ишкерлеринин жана палатанын мүчөлөрүнүн катышуусунда “Ишкерлер күнү” атындагы чоң иш-чара өткөрүү максатыбыз бар.

Ошондой эле, Өзбекстан Республикасынын Фергана облусунун Соода-өнөр жай палатасынын сунушу боюнча Ош шаарында “Фергана Соода Үйүн”, Наманган облусунун “Наманган Соода Үйүн” Жалал-Абад шаарында биргеликте ачууну ишке ашыруу боюнча иштерди аткарып жатабыз.

2019-жылы Кыргыз-Кытай Улуттук Ассоциациясы менен биргеликте Кытай Эл Республикасынын ар бир провинцияларынын көргөзмө-жарманкелерин уюштуруп, өткөрүү боюнча иш-чара иштеп чыгып, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасына сунуштоо боюнча дагы иштерди алып барып жатат. 

Кыргызстан ички жана сырткы инвесторлор менен кызматташууга ар дайым даяр. Биз дагы ушул тармакты өнүктүрүү менен катар, өзүбүздүн ишкерлерди дагы колдоо багытында иштеп келебиз. Алдыда, аткарылчу иштер көп, учурдагы ишмердүүлүгүбүз бул даңгыр жолго ташталган алгачкы гана кадамдар десем жаңылышпайм.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)