WeChat      Избранное

“Күч биримдиги-рух биримдиги”-дүйнө көчмөндөрү кайрадан Кыргыз жергесинде

11/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Күч биримдиги-рух биримдиги”-дүйнө көчмөндөрү кайрадан Кыргыз жергесинде

Ааламдын жаралышы-чексиздикти таамай айкындаган сырдуу музыка аркылуу жаңырып, өмүр айлампасы-көчмөндөрдүн терең жана улуулук феноменин даңазалоо жолу менен, бардыгыбыз күткөн III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салтанаттуу ачылыш аземи башталды. 

Аттын пири Камбар Ата жана “Асман аргымактарынын” алгачкы жолугушуусу, Умай эненин ак батасы жаңырып, ал арада Манастын төрөлүшү улуттук оюндар менен коштолуп, сахна өзгөчө көркүнө чыгып турду. Улам-улам алмашып турган эпизоддордо 40 чоронун согуш майданындагы эрдиги чагылдырылып, асманда ак шумкар шаңшып көрүүчүлөрдү кандайдыр бир сыйкырдуу дүйнө өз кучагына тартып алды. 

Ат майданды өзгөчө маанайга бөлөгөн “Дүйнө кайыгы” бөлүгү кыргыздын улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун элесин берип, анын чыгармаларындагы жашоо философиясын, ой-толгоосун көрүүчүлөргө тартуулады.

Мына ушундай, “Өмүр дарагы” аттуу театрлаштырылган 9 сахналык сүрөттөмө жаңы технологияларды пайдалануу менен көчмөндөрдүн философиясын таамай баяндап берди. Бардыгы 70 сүрөттү ичине камтыган көрсөтүүлөр бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр демилгеси менен кыргыздардын уникалдуу мурасы-улуу “Манас” эпосу жана залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармачылыгы менен байланышты. 

Көрүүчүлөрдү өзгөчө ат жалында ойногон кыргыз уул-кыздарынын оюндары, күлүк аттар өзүнө тартып, бүйүрүн кызытып жатты. 

Бул театралдык оюн-зооктун башкы режиссеру Алтынбек Максутов, коюучу режиссер Виктор Фельд жана сценарийин жазгандар У. Абдрахманов, В. Фельд, С. Раев, А. Максутов, Э. Бейшенбаев, С. Сителенко, У.Зайнидин уулу болду. Программага жалпысынан 1500 адам катышып, ар түрдүү жанрдагы артисттер, ошондой эле цирк, драма, балет өнөрлөрүнүн ээлери, каскадерлор, музыканттар өз өнөрлөрүн тартуулашты. 

Андан соң, Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларынын, спорт делегаттары менен чыгармачыл жамааттын өкүлдөрү бирге параддан өтүштү. Дүйнөнүн төрт бурчунан келген көчмөндөр, кыргыз эли тарабынан абдан жылуу кабыл алынып, ар бир парад өзгөчө кол чабуулар менен коштолуп турду. 

Соңунда, КРнын Президенти Сооронбай Жээнбеков Казакстандын, Түркиянын, Венгриянын өлкө башчыларын, чет элдик конокторду жана Кыргызстандын элин ушундай мыкты саамалык менен менен куттуктап, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун салтанаттуу түрдө ачык деп жарыялады. 

Ошентип, “Күч биримдиги-рух биримдиги” урааны алдында 2-сентябрь күнү саат 20.00дө Чолпон-Ата шаарынын Бактуу-Долоноту айылында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюну салтанаттуу түрдө ачылды. 

Оюндун ачылышына жогорку мартабалуу коноктордон Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Татарстандын президенти Рустам Минниханов катышты. Мындан тышкары, Бириккен Араб Эмирлигине караштуу Фужейра эмирлигинин мураскер канзаадасы, шейх Мухаммед бин Хамад бин Мухаммед Ал-Шарки да сыйлуу коноктордон болушту.

“Күч биримдиги-рух биримдиги”-дүйнө көчмөндөрү кайрадан Кыргыз жергесинде

Сооронбай Жээнбеков, КРнын Президенти: 

“Көчмөн элдердин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу-зор мааниге ээ”

- Биз бүгүн касиеттүү жерибизде, кереметүү Ысык-Көлдун боюнда, Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун салтанаттуу ачылышында Сиздерди кучак жайып, тосуп алганыбызга чексиз кубанычтабыз!

Бүгүн дүйнөдөгү саясий, экономикалык, экологиялык жана маданий процесстердин темпи тездеди. Технологиялар ыкчамдык менен өзгөрүүдө. Бул көрүнүштөр адамзаттын алдында жетишкендиктер менен катар жаңы көйгөйлөрдү жаратты. Ушундай шартта көчмөн элдердин дөөлөтүн, мурасын, каада-салтын жандандыруу-зор мааниге ээ. Ал дүйнө элдеринин ынтымагын бекемдеп, гуманизмдин идеалдарын жайылтууга, табиятка, адам коомуна болгон мамилени өзгөртүүгө негиз боло алат. 

Көчмөндөр цивилизациясы-дээрлик миңдеген жылдык тарыхты камтыйт.Тынч океандан тартып Европага чейинки аймакты, Борбордук жана Чыгыш Азияны, Кичи Азияны жана Жакынкы Чыгышты бириктирген улуу мурас. Мындай мейкиндикти көчмөндөр гана өздөштүрө алган. Көчмөн дүйнөсү жүздөгөн элдерди бириктирет. Алардын маданияты, дүйнө таанымы кайталангыс өзгөчөлүккө ээ.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч ирет катары менен көчмөн маданиятынын ордосу болгон кыргыз жеринде, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде өтүп жатат. Эми дүйнөлүк оюндардын кезеги буюрса Түркия Республикасына өткөрүлүп берилет. Эстафетаны алып жаткан Түркия Республикасынын Президенти урматтуу Эрдоган мырзанын кийинки көчмөндөр оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алуусуна тилектешмин.

Үчүнчү Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын маңызы-спорт, маданият жана билим! Көчмөн оюндары— күчтүн гана сынагы менен чектелбестен, кайталангыс маданияттардын, салттардын маанисин өнүктүрөт. Көчмөндөргө таандык салттуу спорттук мелдештер жана маданий иш-чаралар жер шарынын төрт бурчунан келген адамдарды жакындатып, бирге жашоонун идеалын даңазалайт.Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы спорттук таймаштарда кара кылды как жарган калыстык болуп, эң күчтүүлөр, эң шамдагайлар, татыктуулар жеӊсин. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун ачык деп жарыялайм! 

“Көчмөндөр ааламы” 30 өлкөнү бир арага чогултууда 

Оюндун башкы максаты-көчмөңдөрдүн маданиятын кайра жандандыруу жана сактоо, маданияттын көп түрдүүлүк демилгесин, улуттук спортту даңазалоо, жана маданий диалогду тереңдетүү болуп саналат. Оюнду өткөрүү өлкөнүн туристтик потенциалын көтөрүүнү жөнгө салат.

Программага спорттун 37 түрү киргизилген: ат чабыштар, ат оюндары, улуттук күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер, салттуу интеллектуалдык оюндар,  күрөштүн түрлөрү боюнча мелдештер, салттуу жаа атуу, “Салбуурун” улуттук аңчылык өнөрүнүн түрлөрү жана башка оюндар кирди. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына 66 өлкөдөн жана Россиянын бир катар субъекттеринен 1556 адам катышууну билдиришкен. Спорттук оюндарда бардыгы - 594 медаль (174 алтын, 173 күмүш, 247 коло) ойнотулат. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жалпы сыйлык фонду - 28 миллион сом.

Бостери айылындагы “Nomad” амфитеатрында 4-7-сентябрда өтө турган “Көчмөндөр ааламы” эл аралык этномаданий фестивалына катышууга 30 өлкөдөн 400 адам келди.

Илбирс III Көчмөндөр оюнунун талисманы 

Илбирс-өтүп жаткан Көчмөндөр оюнунун талисманы болуп кабыл алынды.

Илбирс байыртадан кыргыз эли үчүн ыйык жаныбар, жоокердин колдоочусу катары эсептелген. Илбирстин образы легендага жана жомокторго бай, ал сулуулукту, кайраттуулукту жана эркиндикти даңазалайт. Жаныбарларга, жаратылышка өзгөчө мамиле кылуу кыргыздардын көчмөн маданиятына мүнөздүү. Илбирстин образы бир гана кыргыздын тарыхы менен байланыштуу эмес, ага белгилүү адабий чыгармалар, кинотасмалар да арналган. 

Кыргызстандын борбору - Бишкек шаарынын гербинде жана желегинде илбирс чагылдырылган. Дүйнөдө илбирстин саны 3 миңден 7 миңге чейин деп эсептелинип, Кызыл китепке киргизилген. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маанидеги милдеттердин бири – бул сейрек жаныбардын экосистемасын сактоо.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун талисманынын көркөм образын -коюучу-сүрөтчү, режиссер-аниматор Толукбек Койчуманов түзгөн.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын дүйнөнүн алдыңкы ЖМКлары чагылдырат 

Ири иш-чараны чагылдыруу үчүн Кыргызстанга дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн чет элдик ЖМКнын 500дөн ашык өкүлдөрү келишти. Анын ичинен 500ү телеканал, 12си радио, 67си маалымат агенттиги, 48и гезит, 50сү блогерлер.

Алардын ичинен BBC радиосу, Казахстандын “Хабар” телеканалы, Канада журналы “Journal of Nomads”, “Aljazeera network”, CCTV кытай телеканалы, The New York Times, National Geographic Society, Associated Press, “NRC-newspaper” улуттук күндө чыгуучу нидерланд гезити, “Abu Dhabi Media” Бириккен Араб Эмираттарынын телеканалы, Associated Press, “МИР” МТРКсы, “Россия сегодня”, “России”, “ИТАРТАСС”, “Интерфакс” маалымат агенттиктери,  “German TV ZDF”, Матч ТВ, Анадолу агенттиги, TRT TRT EL Arabia, НТРК “Өзбекстан” телеканалдары “Маданият ва маърифар”, “Urkpress.info” маалымат агенттиги, “Image.ua” эл аралык журналы, Француз ALTAPRESS, France Televisions, МИА “Франс Пресс”, Немецкий Sputnik news Deutschland, “Корелла Фильм” эстон киностудиясы, Японская информационная агенство “Tosei” япон маалымат агенттиги жана башкалар келишти.

Ал эми, ата мекендик 70ке жакын жалпыга маалымдоо каражаттарынын 700дөн ашуун өкүлдөрү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдырмакчы. Ага 26 интернет басылмалары, 7 радио, 30 мамлекеттик, облустук, жеке телеканал, 12 басма сөз кирди.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)