WeChat      Избранное

Кыргыз Республикасынын Тоо кен өнөр жайындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча колдонмо” презентацияланды

02/02/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргыз Республикасынын Тоо кен өнөр жайындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча колдонмо” презентацияланды

Фото 1: Иш-чаранын жүрүшүнөн бир көз ирмем. 

2018-жылдын 1-февраль күнү Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин жыйындар залында “Кыргыз Республикасынын Тоо кен өнөр жайындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча колдонмонун” презентациясы болуп өттү.

Колдонмо КРнын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин тапшырыгына ылайык “Peace Nexus”фондунун каржылык колдоосу менен даярдалган.

Бул иш-чарага КРнын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Уланбек Рыскулов, төраганын орун басары Суйунтбек Аликеев, Эл аралык ишкерлер Кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков, “Peace Nexus” (Пис Нексус) фондунун аймактык программалар боюнча менеджери Питер Кросс жана кен иштетүүчү компаниялардын өкүлдөрү катышышты.

Иш-чараны КР ЭӨКМКнын Төрагасы Улан Рыскулов ачып, өз сөзүндө “КРнын Тоо кен өнөр жайындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча колдонмонун” маанисине жана зарылчылыгына токтолуп өттү. 

Ал: “Бардыгыбыз билгендей, бир канча жыл мурун, Кыргызстандын ар бир аймагында жергиликтүү калк менен кен иштетүүчү компаниялардын ортосунда жаңжалдар болуп келген. Мына, ушундай кагылышууларды чечүү үчүн комитет көптөгөн иш-чараларды уюштуруп, жергиликтүү калк арасында, кен иштетүү тармагынын мааниси, анын мамлекеттин экономикасына кошкон салымы, кошумча жумуш орундарынын пайда болуусу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келди. Мындан сырткары, нормативдик базаны өзгөртүп, аймактарды өнүктүрүү фонддорун түзүү ж.б. ушул багыттагы жумуштар аткарылды. 

Бул аткарылган иштер текке кеткен жок. Учурда, өзүнүн ийгиликтүү жыйынтыгын көрсөтүп, бир нече объектилерди ишке киргизүүгө жардамчы боло алды. Аларды атай кетсек: Иштамдерди, Талды-Булак, Ширальджин жана Жерүй ”.

Улан Рыскуловдун айтуусунда, ушундай иш тажрыйбалардын жыйынтыгынан улам, ишкерлер жана жергиликтүү калктын ортосундагы жаңжалдарды чечүү жана алдын-алуу боюнча атайын маалымат китепчесин даярдоо идеясы ортого чыккан. Бул Колдонмо инвесторлорго жергиликтүү калк менен иш алып барууда жардамчы болоорун билдирип өттү. 

“Кыргыз Республикасынын Тоо кен өнөр жайындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча колдонмо” катышуучулар тарабынан дагы жакшы кабыл алынды. Колдонмо Кыргызстандагы Тоо кен өнөр жайына байланыштуу чыгышы ыктымал чыр-чатактарды жөнгө салуу жагынан компанияларга, инвесторлорго жана жергиликтүү бийлик органдарына, ошондой эле эл аралык агенттиктерге көмөктөшүү үчүн чыгарылган. Ал төрт тилде: кыргызча, орусча, англисче жана кытай тилинде жазылган. Бул Колдонмо менен КРнын Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу мамлекеттик комитетинин сайтынан дагы таанышууга мүмкүнчүлүк бар. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)


Рекомендация