WeChat      Избранное

Цзинь Вей: “Кыргызстан базарында көп компаниялардын ичинен биздин компания эң алдыда келе жатат деп 100% кепилдик бере алам”

11/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Цзинь Вей: “Кыргызстан базарында көп компаниялардын ичинен биздин компания эң алдыда келе жатат деп 100% кепилдик бере алам”

“Тяньши” корпорациясы - 1995 жылы Кытайда Ли Цзиньюан мырза тарабынан негизделген. “Тяньши” деген сөз кытайчадан которгондо “Асман арстаны” деген маанини берет. Корпорациянын негизги иш алып баруу багыты - бул дары-дармек өнөр жайы болгондуктан корпорациянын баардык тармагы көбүнчөсү ден соолукка байланыштуу. ( Корпорациянын ичинде эле дагы башка бир топ акционердик коомдор бар. Айта кетсек: “Тяньши биотек” груп, “Тяньши” эл аралык холдинг, “Тяньши” биоинженеринг, “Тяньши” фармацевтик, “Тяньши” лайф рисоурч, “Тяньши” биоложикал девелопмент жана башкалар камтыган. Тяньцзинь шаарында жайгашкан “Тяньши” комплекстин ичинде корпорациянын баш кеңсеси, мейманкана, университет, бизнес-борбор, эс алуу жайлар, медициналык центр жайгашкан ). Азыркы учурда дүйнөнүн 111 өлкөсүндө расмий түрдө ачылып, 126 филиал менен дүйнөдөгү таанымал брендге айланган. Дүйнөлүк бренд болгон  Лореал сыяктуу бир топ бренддер менен узун мөөнөттүү келишим менен иштешип келишет. А бизге, Кыргызстанга расмий түрдө 2002- жылы ачылып, ушул күнгө чейин иш алып барууда. Биз бүгүн Кыргызстандагы “Тяньши” АКнын генерал директору Цзинь Вей мырза менен баарлаштык. 

- Өзүнүздү тааныштырып кетсеңиз ?

- Мен Кыргызстанга келип иштеп, жашап жатканыма 5 жылдын жүзү болду. Москва шаарында 5 жыл университет аяктаган соң, орус тилин да жакшы билгендиктен  “Тяньши” корпарациясынын баш мүдүрү мени Бишкек шаарына генералдык директор кылып дайындады. Албетте Москва шаары абдан чоң, абасы болсо суук дегендей. Бишкекке келип кичине көнө албай жүрдүм. Азыр эми абдан жакшы көрөм. Абасы таза. Эли да жакшы.    

- Корпорация тууралуу айтып кетсеңиз ? 

“Тяньши” корпорациясынын башкы кеңсеси Кытайда чоңдугу боюнча үчүнчү шаар болгон Тяньцзинь шаарында жайгашкан. Калкынын саны 15млн. Бул шаарда корпорациянын ишканалары, башкы кеңсеси, бизнес борбору, мейманканасы, ооруканасы жана медициналык борбору жайгашкан. Мындайча айтканда шаардын ичинде шаар! Мындан тышкары корпорациянын өзүнүн Университети да бар. Дагы экинчи университет курулуп бүтөйүн деп калды. 2018-жылы буйруса 30 миң студент кабыл алабыз деп турабыз.  

Кыргызстанга кайсы жылы ачылган ?

- Кыргызстанга мындан 15 жыл мурун, 2002-жылы ОсОО “Тяньши” деп расмий түрдө ачылган. Баардык тийиштүү мекемелерден биздин расмий чечимдерибиз жана уруксатыбыз бар. Бул 15 жылдын ичинде бизде жакшы ийгиликтер жана жетишкендиктер болду. Кыргызстан базарында көп компаниялардын ичинен биздин компания эң алдыда келе жатат деп 100% кепилдик бере алам. Кыргызстан боюнча  кеминде 15000 дистрибьюторубуз бар. Акыркы 5 жыл ичинде товар жүгүртүү көлөмүбүз 10 эсеге көбөйдү. Бишкек шаарындагы Свердлов районундагы Салык- төлөө мекемесинде  салык төлөө боюнча эң алдыдабыз. Бул деген ийгиликтин белгиси.  Мына эми, эртең биздин компания буйруса Саламаттыкты сактоо министирлигинен “Эң мыкты продукция” деген наамга татып сертификат алганы турабыз. Бул да болсо биздин ийгиликтерибиздин бири. 

- “Тяньши” бул деген дүйнөлүк бренд болуп калбадыбы. Көпчүлүгү түшүнбөйт, бул “Тяньши”де эмне бар деп. Продукция тууралуу айтып берсеңиз?

- Биздин продукцияларыбыз баары ден соолука байланыштуу. Дары деп айта албайбыз. БАД ( Биоактивные добавки) деп айтылат. БАД дарды колдонуш керек. Анткени азыр баардык тамак аштарыбыз химикат болуп калганы үчүн БАД дарды колдонсок ден соолукка пайдалуу. Бул БАД дар Кытайда биздин корпорацияда жасалат. Мындан тышкары косметикаларыбыз бар. Витаминдерибиз бар. Ден соолука керектелүүчү буюмдарыбыз бар. 

- Бул БАД дар эмнеден жасалат ?

- Кытайда биздин корпорацияда баардыгы натуралдык жолдор менен чөптөрдөн жасалат. 

- А биздин элдин бул продукцияларга мамилеси кандай ? Эң көп колдонулган кайсы продукциялар ?

- Эң көп кальций алышат. Кальцийдин түрү бар. Жаш балдардыкы жана чоңдордуку деп бөлүнөт. Кант диабетине да продукцияларыбызда көп алышат. Сөөк муун, сустав, кан басым, баш оорууларына да продукцияларыбызды көп алышат. “Тяньши” продукцияларына өтө кылдаттык менен көңул бурат. Ар бир продукциябыз дыкат текшерилет. Ар бирине сертификаттар бар. Кытайда булар тамаша сымал жасалбайт. Корпорация буларды чоң жоопкерчилик менен жасайт. Анткени дүйнөнүн баардык өлкөлөрүндө ичип жатышат.Дагы кошумчалай кетсем биздин продукцияларыбыз халал жол менен жасалат. “Халал” сертификатыбыз да бар. 

- “Тяньши” продукцияларын ичип же колдонуп ооруларына шыпаа таап айыгып кеткендер барбы?

- Албетте бар! Колдонгон адамдарыбыз далилдеп жатышат. Сурамжылоо жүргүзсөңүз болот. 

- Иш алып баруу жолу кандай?

- Бишкек шаарында башкы кеңсебиз бар. Баардык региондордо жалпы 15 миң дистрибьюторлорубуз бар. Бизге баардык элдер келип иштей алса болот. Биз аларды атайын окутуп тренинг өткөрүп турабыз. Медициналык билим шарт эмес. Азыр элдин баары билимдүү. 

-Жаңы жылда эки элге каалоо тилегиңиз?

- Мен кыргыз элине тынчтык жана ынтымак каалайт элем. Эки революцияны баштарынан өткөрүштү. Мындан ары өнүгүүнү каалайм. Азыр мынакей “Бир алкак- бир жол” долбоору эки өлкөнүн мамилесин дагы бекемдеп, көптөгөн пландар ишке ашып жатканына чекесинен күбө болуп келтабыз. Келечекте дагы чоң ийгиликтер жаралышына тилектешмин. 

(Автор:​ Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)


Рекомендация