WeChat      Избранное

Гульнара Актайлакова, №62-мектеп-гимназиясынын директору: “Окуучуларыбыздын багынткан ийгиликтери биз үчүн сыймык”

11/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Гульнара Актайлакова, №62-мектеп-гимназиясынын директору: “Окуучуларыбыздын багынткан ийгиликтери биз үчүн сыймык”

 №62 окуу-тарбиялоо комплекси мектеп гимназиясынын директору Гульнара Актайлакова кытай кесиптештери менен бирге.

Учурда, кытай тилин үйрөнүүнү каалагандардын саны күндөн-күнгө көбөйүүдө. Жеке гана студенттер арасында эмес, мектеп окуучуларынын ичинде дагы бул тилди мыкты өздөштүрүп, эл аралык сынактарда Кыргызстандын атын татыктуу таанытып жүргөндөр аз эмес. Мына, ушундай окуучуларды тарбиялап, мыкты билим берген мектептердин бири бул-№62 окуу-тарбиялоо комплекс мектеп гимназиясы.  

Мектепте өтүлгөн кытай тили жана окуучуларынын жетишкендиктери тууралуу гимназиянын директору Актайлакова Гульнара биздин гезитке маек куруп берди. 

-Гульнара айым, кытай тили сиздердин мектепте канча жылдан бери өтүлүп келе жатат. Алгач, ушул тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Негизинен, гимназияда кытай тили 2009-жылдын февраль айынан баштап бериле баштаган. Ошол жылы К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту менен кызматташа баштаганбыз. Алгач, кытай тилин үйрөнгөн окуучуларыбыздын саны 50нү гана түзгөн. Ал эми, мугалим Конфуций институту тарабынан бөлүнүп берилген. 

Ошондо, жалпысынан алганда, кытай тили биздин гимназияда толук сегиз жылдан бери ийгиликтүү өтүлүп келе жатат. 

Гульнара Актайлакова, №62-мектеп-гимназиясынын директору: “Окуучуларыбыздын багынткан ийгиликтери биз үчүн сыймык”

 “Окуучуларыбыз кытай тилин гана үйрөнүшбөстөн, кытай маданияты менен дагы жакындан таанышышат”.

-Конфуций классы качан ачылды эле?

-Башында 2009-жылы кытай тили жаңы бериле баштаган. 2010-2011-окуу жылдары болсо Конфуций институту менен келишим түзүлүп, ошонун негизинде мугалимден сырткары, Кытайдан келген волонтер дагы сабак өтө баштаган. Тилди жаңы үйрөнө баштаган окуучулардын саны 250гө жетип, 30 бала болсо, улантуучу группада билим алышкан. 

Ошол жылы эле, биздин окуучулар кытай тилин үйрөнүүдөгү алгачкы жетишкендиктерин көрсөтө башташты. Айта кетсем, “Кытай тили-достуктун көпүрөсү” аттуу сынакка катышып, мектепти татыктуу таанытышты. Мындан сырткары, 2011-жылы үч окуучубуз Конфуций институтунун колдоосунун алдында, Кытай жергесине жайкы лагерге барууга мүмкүнчүлүк алышты. Алар, Кытайдын Үрүмчү, Сиань, Лоянь жана Чинжоу шаарларын кыдырып, кытай маданиятын, элин жакындан таанып келишти.

Гимназияда кытай бийлери боюнча дагы ансамбль түзүлгөн. Мектепте кытай тили гана эмес, кытай тарыхын үйрөтүү үчүн дагы атайын курстар киргизилген. 

Ал эми, 2011-2012-окуу жылында болсо, кытай тилин үйрөнгөндөрдүн саны 510го жетти. 5-класстар-180, 7-класстар-150, 8-класстар-150 окуучуну түзсө 9-10-класстар улантуучу группа катары 30 бала кытай тилин үйрөнүп жатышты. Ал жылдары, бир мугалим жана Кытайдан келген волонтерлер сабак беришчү. Жылдан-жылга кытай тилин үйрөнүүнү каалаган окуучуларыбыздын саны көбөйүп, тилди тереңдеп үйрөтүү үчүн кошумча шарттар талап кылына баштады.

Мына, ушундай себептерден улам, 2013-жылы биздин мектеп-гимназияда К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институтунун колдоосу аркылуу Конфуций классы ачылган. 

Конфуций классы кытай тилин үйрөнүүгө керек болгон окуу куралдары менен камсыздандырылган. Кабинет техникалык жабдыктар менен дагы толук жабдылып, окуучулардын тилди жогорку деңгээлде өздөштүрүүсү үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берет. 

Гульнара Актайлакова, №62-мектеп-гимназиясынын директору: “Окуучуларыбыздын багынткан ийгиликтери биз үчүн сыймык”

 “Кытай тили көпүрөсү” конкурсу ар багыттарды ичине камтып, окуучуларды ар тараптуу текшерди. 

 -Окуучуларыңыздын кытай тилин үйрөнүүдөгү багынткан ийгиликтери тууралуу дагы айтып берсеңиз?

-Ар бир ийгилик тынымсыз эмгектин арты менен келет. Ошондуктан, кытай тилин үйрөнүүдө жигердүү эмгек кылган окуучуларыбыз, азыркы тапта, жакшы көрсөткүчтөрдү көрсөтүп келишет. Мисалы, 2012-жылы “Кытай тили-достук көпүрөсү” жарышына катышкан 11В класстын окуучусу Аббасова Рамина 2-орунду ээлеп, Кытай жергесине, Пекин шаарына жолдомо утуп алып, бекер барып келүүгө мүмкүнчүлүк алган. Биздин бүтүрүүчүлөрүбүз Кытай Эл Республикасынын Гуанчжоу, Пекин шаарларындагы жогорку окуу жайларында билимин улантышууда. 

Ал эми, 2017-жыл биздин окуучулар үчүн абдан ийгиликтүү жылдардын бири болду. Анткени, эки окуучубуз Кытай жергесине “Кытай тили көпүрөсү” конкурсуна катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишти. Бул тууралуу кенен маалымат бере кетсем. 13-октябрдан баштап 30-октябрга чейин Кытай Эл Республикасынын Конфуций институтунун штаб-квартирасында мектеп окуучулары арасында кытай тилин өздөштүрүү деңгээли, тарыхы жана маданиятын ичине камтыган жарыш болуп өттү. 

9-класстын окуучусу Бегимай Кутуева жана 11-класста окуган Саамай Калмаматова, алгач, Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилиги жана К. Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин алдындагы Конфуций институту тарабынан өткөрүлгөн “Кытай тили көпүрөсү” конкурстун жеңүүчүлөрү аталып, Кытай жергесинде өткөрүлчү конкурска жолдомо алышкан.  

Ал эми, алардын Кытай жергесине болгон сапары абдан кызыктуу гана болбостон, Кыргызстандын атын татыктуу таанытып, 96 мамлекеттен келген 320 окуучунун арасынан суурулуп чыгып, Бегимай 1-орунду, Саамай 2-орунду багынтып келишти. 

Ушул жетишкендиктиринин арты менен Бегимай Кытай Эл Республикасындагы каалаган жогорку окуу жайында 4 жылдык бекер билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болсо, Саамай,  Кытайдагы каалаган жогорку окуу жайында бир жылдык бекер окууга жолдомо алды. Бул биз үчүн дагы абдан кубанычтуу кабар болду, сыймыктанып жатабыз. Бул жерде, Кытай тилин үйрөткөн мугалимдердин дагы салымы зор деп айтып кетээр элем. 

Мындан сырткары, жакында эле БГУда “Кытай ырлары” аттуу конкурс болуп өттү. Ал жерден дагы окуучубуз Мамбетова Анел 3-орунду ээлеп, акчалай сыйлык менен сыйланды. Мына, биздин мектептин окуучулары ушундай жетишкендиктерди багынтып жүрүшөт. 

Гульнара Актайлакова, №62-мектеп-гимназиясынын директору: “Окуучуларыбыздын багынткан ийгиликтери биз үчүн сыймык”

 Бегимай менен Саамайдын Кытай жергесиндеги жарыштан, кытай маданиятын таанытуу учурунан бир көз ирмем.

-Учурда, кытай тилин үйрөнүү заман талабыбы?

-Негизи, жеке гана кытай тили эмес, башка тилдерди өздөштүрүү дагы окуучуларыбыздын жаркын келечеги үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бермекчи. Албетте, кытай тилин тереңдеп үйрөнүү биздин окуучулар үчүн Кытай Эл Республикасында билимин улантып, эки элдин кызматташтык алакасын чыңдоого салым кошууга мүмкүнчүлүк бермекчи. Анткени, Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын кошунасы болуу менен бирге, бардык тармактарда байланышы бар өнөктөшү дагы болуп келет. 

Учурда кытай тили тандоо курстары катары өтүлүп келет. Жылдан-жылга бул тилди терең өздөштүрүп, кытай маданиятын, салт-санаасын жакындан таанып, үйрөнгүсү келген окуучуларыбыздын саны көбөйүүдө. Келечекте биздин мектеп, кытай тилин, маданиятын, тарыхын үйрөтүүчү борбор болуу менен бирге, эки элдин достук көпүрөсү болот деп ишенем.

-Сөз соңу...

-Сөз соңунда, окуучуларымды, №62 ОТКМ гимназиясынын жалпы эмгек жамаатын кирип келген 2018-жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Окуулары, иштери ийгиликтүү болуусуна тилектешмин. Кыргызстанды дагы жаңы жылы менен куттуктайм. Кирип келген жылыбыз тынчтыктын, молчулуктун, берекенин жылы болсун! Жаңы жыл, жаңы ийгиликтин жылы болсун!

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)


Рекомендация