WeChat      Избранное

Аида Шаменова, “АСКА” мода үйүнүн жетекчиси: “Кытайга барып тажрыйба топтоп келдим”

11/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Аида Шаменова, “АСКА” мода үйүнүн жетекчиси: “Кытайга барып тажрыйба топтоп келдим”

Аида Шаменова.

Акыркы учурларда кыргыздын улуттук колорити чагылдырылган адеми көйнөк-чапандар, баш кийимдер, бут кийимдер жана башка не бир сонун буюмдар чебер, уз, тикмечилердин колунан жаралууда. Мурда мындай улуттук колориттеги кийимдерди артисттер гана кийсе, азыр заман талабына шайкеш келген жакшынакай кийимдерди той-кечелерге, күнүмдүк  жумушка кийгенге ыңгайлуу чыгара башташты. Ушундай пайдалуу, аялзатына өтө керектүү иш менен алектенген мода үйүнүн жетекчиси Аида айым менен маектештик.

- Аида, азыр мода үйлөрү абдан көп экени баарыбызга эле маалым. Атаандаштар көп мезгилде мода үйүн кандай максатта ачтыңыз? 

- Мода үйүн ачуунун биринчи максаты:  кыргыздын улуттук кийимдерин даңазалоо. Ошону менен бирге илгертеден бери келе жаткан улуттук кийимибизди көп өзгөртпөстөн, бирок заманга ылайык тиккенге аракет кылабыз. Бизде улуттук кийимдерди даярдоодо ар бир кийимдин өз орду жана философиясы бар. Ошону сактап жана барктаганга чакырат элем.

- Сиз үчүн кайсынысы маанилүү? Сапатыбы же акчасыбы? 

- Жеке өзүм сапатын тандаймын. Акчасы мага өтө маанилүү эмес. Себеби, сапаттуу жасалган буюм – албетте, кунт коюп жасалган буюм болуп эсептелинет. Менин оюмча, акчага караганда кайсы тармак болбосун сапаттуу нерсе бийик турат. 

- “АСКА” мода үйүнүн кийимдерин кимдер жактырып алышат?

- Кардарларыбыз жаш кыз-келиндерден баштап, ардагер айымдарга чейин кызыгып сатып алышат. Суроо-талап буюрса жакшы. Кээ бир учурларда биздин көйнөктөрдү кайненелер жактырып келиндерине сатып беришкен учурлар да кездешет. Шоу бизнестин өкүлдөрү да алып жатышат. 

Аида Шаменова, “АСКА” мода үйүнүн жетекчиси: “Кытайга барып тажрыйба топтоп келдим”

- Кийимдериңиздин дизайнын чийгенге ким жардамдашат?

- Кийимдин дизайнын өзүм чием. Себеби, биринчи кесибимди Чуйков атындагы көркөм-сүрөт окуу жайында окугам, экинчиси Архитектура жана курулуш Университетинде кол- өнөрчүлүк кесиби боюнча билим алгам. Андан тышкары, апам көп кеңештерди берет. Себеби, апам 45жылдан бери жогорку деңгээлдеги тикмечи. Тигүү иштеринен башка дагы янтардан дубалга иле турган сүрөт жасайм. Мен өзүмдүн кесибим боюнча ушул тармакта Кытайга тренинге барып келгем.

- Кытайга барууңузга ким себепкер болду? 

- Негизи өзүм саякаттаганды жакшы көрөм. Капыстан баргам деп айтсам да болот. Бир идеяны ишке ашырыш керек болуп аябай изденүүдө жүргөм. Ал нерсе Кыргызстанда жасалышы мүмкүн эмес болчу. Кайсы жакка барып окуп, үйрөнүп келсем деп ойлонуп жүрсөм, курдаш кызым Кытайга барууга кеңеш берди. Ошентип, Кытай жергесине Үрүмчү шаарына сапар алдым. 

- Алгач барганда кытай эли сизге кандай таасир калтырды?

- Кытай эли аябай меймандос экен. Мага үйрөтүү жагынан  алар эч нерсесин аяган жок. Бир сөз менен айтканда, Кытай өлкөсү баардык жагынан өнүккөн өлкө экен. Кытайга барып тажрыйба топтоп келдим. 

- Тагыраагы ошондо сиз эмнени үйрөнүп келдиңиз?

- Мен бизнес жаатында иш алып барам, ошондуктан азырынча бул сыр бойдон калса дейм... (күлүп). 

- Кытай дүйнө боюнча өндүрүш тармагынын падышасы эмеспи. Сиз ушул тармакта кандай тажрыйба топтоп келдиңиз? 

- Албетте,  Кытай Эл Республикасы өндүрүш жагынан эң жогорку тепкичте тураарын эч ким тана албайт. Учурда мен жибек көйнөктөрдү тигем. Мына ошол өзүмө тиешелүү тармакта көп тажрыйба алдым. Баардыгын колдонуп жатам. Кайсы тармак болбосун кытай элинин жаны тынбаган аракетчилдиги өтө жакшы. Бул жактагы адамдардын ушунчалык эмгекке берилгендиги мени абдан таң калтырды. 

- Элестетсеңиз, Кыргызстандык жарандар ушундай эмгекчил болсо кандай болот эле?

- Албетте, анда кыргыз экономикасына зор өзгөрүү кирмек. Негизинен, азыр биздин жаштар деле бир топ эмгекчил болуп келатышат. Бул эми замандын талабы болуп атпайбы. Бирок дагы деле көп жетишпегендиктер бар.

- Ошол кемтикти кантип толтурса болот деп ойлойсуз?

- Жаштар эң биринчиден терең билим алышы керек. Анан ошол билимдүү адам өлкөсүнө керектүү, пайдалуу бир нерсе ойлоп табышы керек. Мына ушул ойлоп тапкан нерсеси өзүнө жана өлкөсүнө пайда алып келсе – өнүгүү пайда болот эле. 

- Сөз соңунда биздин жаштарга эмне айтаар элеңиз?

- Жаңыдан бизнес баштайм деп изденип жаткан жаштарга айтаарым:  кандай гана идея пайда болбосун, эң алгач каалоо жана ошого байланыштуу билим, маалымат болушу керек. Андан кийин тынымсыз аракет менен акырындап максатты ишке ашырууга толук мүмкүнчүлүктөр пайда болот. Минтип айтканымдын себеби: мен бул процессти өз башымдан өткөргөндөн кийин түшүндүм.

- Эмесе, ишиңизди ийгилик коштосун!

(Автор:​ Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)