WeChat      Избранное

​Талгат Нурбаев:“Чайна Саузерн” жана “Эйр Манас” аба жолдорунун ортосунда атаандаштык бар, бирок бул эки компаниянын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратпайт”

11/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

​Талгат Нурбаев:“Чайна Саузерн” жана  “Эйр Манас” аба жолдорунун ортосунда атаандаштык бар, бирок бул эки компаниянын өнүгүүсүнө тоскоолдук жаратпайт”

Кыргызстанда аба каттамдары аркылуу иш алып барган компаниялар арбын. Алардын катарында өзгөчө орду бар бул “Эйр Манас” авиакомпаниясы. 2012-жылдан бери иштеп, аба каттамдарын  заманбап учактар менен камсыздаган “Эйр Манас”авиакомпаниясынын генералдык директору Талгат Нурбаев менен баарлаштык.

- Талгат мырза, “Эйр Манас” авиакомпаниясынын жетекчиси катары бул учак компаниясы жөнүндө эмнелерди айтып бере аласыз? 

- “Эйр Манас” авиакомпаниясы 2006-жылдан баштап алгачкы чартердик рейстерди аткарып баштаган. 2012-жылы толук жана расмий түзүлгөн.  Азыркы учурда 51% кыргыз тарыбына, 49% Европадагы алдыңкы компиялардын бири “Пегасус Эйрлайнс” стратегиялык өнөктөштөрүбүзгө таандык. Биздин 2 кеңсебиз бар, бирөө Бишкек шаарында шаар ичинде жана аэропортто, экинчиси Ош шаарында. Андан тышкары биз каттаган ар бир шаарда:  Москва, Ташкент, Үрүмчү, Дели шаарларында ар дайым биздин жүргүнчүлөрдүн кызматына ачык расмий өкүлдөрүбүз бар. Учак билеттерди каалаган авиакассадан же болбосо түз эле биздин расмий сайттан сатып алсаңар болот. 

- Кечиресиз, Үрүмчү шаары дебедиңизби, бул шаарга канча убакыттан бери жана канча жолудан каттайт? 

- Үрүмчү шаарына биз 2015-жылдан баштап учуп баштадык. Азыркы учурда жумасына 2ден каттам аткарылууда. Башка шаарларды айтсам, күн сайын Москва (Домодедово аэропорту аркылуу) шаарына жана жумасына 2 жолу Ташкент менен Дели шаарларына каттайбыз. Бишкек – Ош багытында күнүнө 3-4 каттамыбыз бар.  

- Компаниянын алдыга койгон пландары?

- Компаниянын алгачкы пландары – учак паркын жана каттамдарды көбөйтүү. Биздин стратегиялык өнөктөшүбүз “Пегасус Эйрланс” болгондуктан, Кытайдан Түркияга, Европадагы жана Азиядагы шаарларга учууну сунуштайбыз.

- “Эйр Манас” учактары азыркы заманбап талапка ылайыкташканбы? 

- “Эйр Манас” Кыргызстанда жаңы жана заманбап учактарды колдонгон эң алгачкы компаниялардан болуп эсептелет. Мисалы: Кыргызстанда “Эйр Манас” авиакомпаниясында гана “Boeing 737-800 NG” үлгүсүндөгү учак бар. Лоукост концепциясы менен иштегенибиздин негизги себеби -  жаңы жана көп оңдоону талап кылбаган ишенимдүү учактарды колдонуу болуп саналат. Компаниябыз үчүн жогорку деңгээлдеги коопсуздук стандарттары биринчи орунда турат. Ушул себепке байланыштуу өз алдынча эл аралык IOSA аудитини өтүп жатабыз жана ушул жылы ЕСтин кара тизмесинен чыккан Кыргызстандагы  алгачкы авиакомпаниялардан  болууну пландаштырып жатабыз. Лоукост концепциясын жогоруда эскертип кеткендей эле, биз аз чыгымды же бюджетти талап кылган ташууга басым жасайбыз. 

- Компаниянын кардарлары кандай кызматтар менен пайдалана алышат? 

- Жүргүнчүлөргө ташууга тиешелүү болгон стандарт кызматтарды – учактагы орун, стандарттуу багаж жана кол жүгүн билетте сунуштайбыз. Ал эми жүргүнчү өзү муктаж болгон  кошумча жүк, тамак-аш, учактын ичинде орун тандоо сыяктуу кошумча кызматтарды өзүнүн каалоосуна жана мүмкүнчүлүгүнө жараша сатып алса болот. 

- Билет баалары кандай? 

- Билет баалары сезонго, учакта калган орундардын санына, учуу күнүнө жана мындан башка факторлорго жараша өзгөрүп турат. Ошондуктан алдын ала канчалык эрте билет сатып алса, орточо баадан төмөн ыңгайлуу баада билет алууга мүмкүн экендигин унутпоо керек. 

- Карго кызматттары барбы?

- Ооба, жүргүнчү ташуудан тышкары биз жүк да ташыйбыз, бирок бул биздин ишмерлигибиздин негизги түрү эмес. Эгерде жүргүнчүлөр биздин учак менен жүк жөнөтүүнү кааласа, биз менен иштеген агенттердин бирине кайрылса болот.

- Кытайдын “Чайна Саузерн” авиакомпаниясы да бар эмеспи, алар менен атаандаштык барбы? Эгер болсо кайсы багытта?

 - Менин оюмча “Эйр Манас” жана “Чайна Саузенрндин” кардарлары бир аз  айырмаланат. Ар бир авиакомпаниянын өзүнүн кардарлары болот дегендей,  атаандашуу албетте бар, бирок менин оюмча, бул авиакомпаниялардын өнүгүүсүнө эч кандай тоскоолдук кылбайт.

- 2018- жаңы жыл жаңырганы турат, “Эйр Манас” авиакомпаниясынан жаңы жылга карата билеттерге арзандатуу жана башка акциялар каралганбы?

- Ооба. Жаңы Бишкек –Ташкент –Бишкек каттамын ачканыбызга байланыштуу, Ош шаарынын тургундарына белек тартуулоону чечтик. Ташкентке жана Ташкенттен учууну каалаган Ош тургундары  Ош – Бишкек / Бишкек – Ош сегменттеринде бекер уча алышат, болгону Бишкек – Ташкент – Бишкек сегментинде учууга төлөшөт. Андан тышкары, жүргүнчүлөр туугандарын, досторун көрүп келишсин деп биз дайыма Жаңы жылдын биринчи күндөрүндө ич каттамдардын билет бааларын арзандатабыз. Ошондой эле январь айында ички жана эл аралык каттамдарга алдын ала саякатын пландаштырып, билет алган жүргүнчүлөр үчүн үнөмдөө болсун деп жаңы акцияны баштоону чечтик.

- Сөз соңунда Кытай менен Кыргызстан мамлекеттерине  жана "Жибек Жолу. Маданий өнүгүү" гезитине  каалоо-тилектериңизге кулак салсак...

- Биздин Кыргызстан менен Кытай эки өлкөнүн ортосунда ынтымак болуп,  эларалык мамилелерин чыңдап жана кызматташтыгын арттыруу менен бирге келечекке бирге кадам таштаганы мени аябай кубандырат. Кытай мамлекети коңшу өлкө болгон соң, биз алар менен ар дайым жакын жана тыгыз мамиледе болуубуз шарт. Мен Жаңы  жылда да ушул кызматташтык жаңы күч-кубат менен өсө берет деп ишенем. Бирге өнүгүү бири-бирибизден мыкты тажрыйбаларды үйрөнүүгө жана учурдагы процесстерди жакшыртууга мүмкүнчүлүк берет. "Жибек Жолу. Маданий өнүгүү" гезитине жана жалпы жамаатына мындан ары да өсүп-өнүгүүнү каалайм. Ал эми биздин жаркын келечек үчүн биз жаңыны үйрөнүүгө  жана  жаңы нерселерди жаратууга умтулабыз.

- Маегиңизге чоң рахмат!

(Автор:​ Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)


Рекомендация