WeChat      Избранное

Азимкан Жусубалиев: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруу долбоору өтө масштабдуу”

11/01/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Азимкан Жусубалиев: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруу долбоору өтө масштабдуу”

 Жусубалиев Азимкан

Акыркы жылдары, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруу долбоорунун тегерегинде көптөгөн талкуулар болуп келет. Мына, ушул тема жөнүндө жана КРнын Транспорт жана жол министрлигинин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү тууралуу КРнын Транспорт жана жол министринин орун басары Азимкан Жусубалиев биздин гезитке эксклюзивдүү маек куруп берди. 

-Азимкан Ильязович, алгач КРсынын Транспорт жана жол министрлигинин жүргүзүп жаткан ишмердүүлүгү тууралуу кеп салып берсеңиз?

-Биздин министрлик бир катар бараандуу долбоорлордун үстүндѳ иш жүргүзүп келе жатат. Мамлекеттин жардамы менен транспорттук коридорлор, Ош-Баткен-Исфана, Ош-Сары-Таш-Иркештам, Балыкчы-Кувакы, Бишкек-Нарын-Торугарт автожолдору курулуп колдонууга берилди. 

Ал эми, азыркы тапта Түндүк- Түштүк альтернативалык авто жолу, Тараз-Талас-Суусамыр, Ош-Баткен-Исфана (28-75км) Бишкек-Кара-Балта авто жолдорунун  курулушу улантылууда. 

Бул жерден, Кыргызстандагы ири долбоорлордун бири болгон  Түндүк-Түштүк авто жолунунун артыкчылыктарына токтоло кетсем, жол эл аралык деңгээлге жооп берүү менен бирге, жаңы технологиялардын жардамы менен курулуп жатат. Салмак кѳтѳрүүсү 3-категориядагы  эл аралык стандартка дал келет. 

Борбордук Азиядагы  жол каттамдарын жакшыртуунун алкагында,  Түп-Кеген «Балыкчы-Ананьево-Каракол» автожолун оңдоп-түздөө иштери дагы жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары, 2017-жылы республикалык бюджеттен  жалпы пайдалануудагы жолдорду оңдоого жана сактап кармап турууга  акча каражаты  каралган. 334км асфальтобетон төшөө иштери аткарылды. Мындан тышкары жол бетин бодурлап оңдоо иштери, (ШПО -140 км.  карашагыл төшөө иштери жана - 23 даана көпүрөлѳрдү куруу иштери каралып, толугу менен бүткөрүлдү. Калган көпүрөлөрдү жыл аягына чейин бүткөрүү пландаштырылууда. 

Ошондой эле үзгүлтүксүз транспорт каттамын камсыздоо максатында учурдагы, оңдоо-түздөө иштери жана кышкы, жайкы кармоо иштери өз убагында аткарылууда.

Транспорт тармагында айта кетсем. КР ТжЖМ алдындагы Автомобиль, суу транспортунун жана салмак өлчөм көзөмөлдөө агенттигинде да ѳзгѳрүүлѳр болду. Салмак кѳзѳмѳл пунктарында, тараза жумушчулар тарабынан кѳзѳмѳлдѳнүп, ашык салмакка кошулган акчалардын кѳбү жумушчулардын чѳнтѳгүнѳ түшүп жаткан болсо, азыркы учурда, бардыгын электрондоштуруп видео камералар аркылуу кѳзѳмѳл жүргүзүлүп жатат.  

Темир жол тармагында 2013-2015-жылдары «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын өзүнүн каражатына, алыскы жана жакынкы мамлекеттерде өзүнүн ишин ийгиликтүү далилдеген техникалык паркын жакшыртуу максатында,  6 жаңы тепловоз сатылып алынып, ишке берилди. 

Ал эми, жарандык авиация тармагында, Евробиримдиктин кара тизмесинен чыгуунун тегерегинде иштер аткарылып жатат. 2016-жылдын февралындагы ИКАОнун аудитинин жыйынтыгы боюнча, аракеттерди корректировкалоо планын даярдоо жана аткаруу болгон. Бүгүнкү күндө, пландын 90 % ы аткарылды.

-Министрликтин ишмердүүлүгүнүн алкагында Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасы ортосунда түзүлгөн келишимдер, долбоорлор багытында кандай иштер аткарылууда?

-Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосунда транспорт багытында түзүлгөн келишимдердин негизинде бүгүнкү күндө, Кытай менен жүк ташуулар чөйрөсүндөгү кызматташтык 1994-жылдын 4-июнундагы «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы эл аралык автомобиль каттамдары жөнүндө» Макулдашуусу аркылуу жөнгө салынууда. 

Бул Макулдашууга ылайык, эки өлкө арасындагы жүк ташуулар Тараптардын компетенттүү органдары тарабынан берилген уруксат кагаздарынын негизинде ишке ашат. 2017-жылдын 10 айындагы маалыматка таянсак, «С» түрүндөгү кытайлык 19320 уруксат кагазы (жүк ташууга) сатылган. 

Бул 2016-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 632 уруксат кагазына көп, жана «А» түрүндөгү 2 уруксат кагазы (регулярдуу жүргүнчү ташууга) сатылган.

Ал эми Кытай автоунааларынын Кыргызстанга кирүү жана чыгуу, транзит менен жүрүү кыймылы боюнча маалыматка ылайык, «Торугарт» жана «Иркештам» транспорттук көзөмөл пункттары аркылуу өтүү 12347 унааны түзгөн (31.10.2017-ж.карата). 

Өз кезегинде, ушул эле мезгил ичинде кыргыз тараптан Кытайга 71159 автоунаа катталган, бул өткөн жылга салыштырмалуу 8082 унаага көп.

Ошондой эле, эл аралык автомобилдик ташуулар жагында өз ара кызматташтык жөнүндө көп тараптуу макулдашуулар, Өзбекстан, Кыргызстан жана КЭР Өкмөттөрүнүн ортосунда, ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн, жана Казакстан, Кыргызстан, КЭР жана Пакистан Ислам Республикасынын Өкмөттөрү ортосунда түзүлгөн. 

“Министрлик Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу району менен дагы тыгыз кызматташтык алакасын түзүп келет” 

-Ушул долбоорлордун канчасы иш жүзүндө аткарылды?

-КЭР-Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы транзиттик ташуулар жөнүндө келишимдерди ишке ашырууда, 2017-жылдын 28-29-сентябрында Пекин шаарында «Ташкент-Андижан-Ош-Иркештам-Кашгар» каттамы боюнча эл аралык пилоттук автожүрүштү уюштуруу жөнүндө эксперттик кеңешме өтүп, автожүрүш ушул жылдын 30-октябрынан 4-ноябрга чейин уланды. Ага ар бир тараптан үчтөн унаа катышып, автожүрүш ийгиликтүү ишке ашырылды.

Андан тышкары, 2014-жылдын 12-сентябрында Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) Россия Федерациясы, Казакстан, КЭР, Тажикстан, Өзбекстан жана Кыргызстан тарабынан кол коюлган «ШКУга мүчө-мамлекеттердин Өкмөттөрүнүн ортосундагы эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн жагымдуу шарттарды түзүү жөнүндө» макулдашуу 2017-жылдын 20-ноябрында күчүнө кирди. 

Аталган макулдашуунун алкагында, 2018-2020-жылдар аралыгында эл аралык автомобилдик ташуулар үчүн ачыла турган 6 (алты) каттамдын тизмеги аныкталган. Алардын ичинен кыргыз тарапка тийиштүү бөлүгү төмөнкүдөй каттамды карайт: Ат-Башы-Торугарт (Кыргыз  Республикасы), Торугарт (Кытай Республикаcы) – Кашгар – Үрүмчү – Ляньюньган. Бул каттамдын ачылышы 2020-жылдан кеч эмес мезгилге болжолдонууда. Жүк ташуулар үчүн автомобилдик каттамдардын ачылышы, кыргыз айдоочуларына да, чет өлкөлүк ташуучуларга да көптөгөн артыкчылыктарды алып келмекчи.

-Кытай Эл Республикасынын кайсы провинциялары менен дагы кызматташтык мамилесин түзүп келесиздер?

-Кыргыз Республикасынын жүк ташуучулары менен абалды жакшыртуу боюнча маселени кытай тарап менен талкуулоо максатында, 2017-жылдын 16-20-октябрь аралыгында Бишкек шаарында КЭРдин Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун транспорттук делегациясы менен жолугушуу болду. 

Тараптар, жүргүнчүлүк жана жүк ташуулар жөнүндө маалыматтар менен алмашуу, Кашгар-Жалал-Абад каттамы боюнча жүк ташуу, өткөрмө пунктарынын иштөө режимдери жөнүндө сүйлөшүштү.

Дагы белилей кетүүчү жагдай, 2016-жылы 17-ноябрда Үрүмчү шаарында КРнын транспорт жана жолдор министрлиги менен КЭР СУАР делегацияларынын кезектеги жолугушуусунда Бишкек-Торугарт-Үрүмчү жана Ош-Иркештам-Үрүмчү каттамдарын ачуу боюнча ички мамлекеттик процедуралар аяктаганы белгилүү болгон. Бүгүнкү күндө бул каттамдар кыргыз ташуучулары үчүн ачык.

-Министрликтин алдыда аткарчу пландары менен дагы бөлүшүп кетсеңиз?

-Министрликтин алдында бир топ долбоорлор турат. Жол тармагынын 2016-2025-жылдарга өнүгүүсүнүн негизги багыттары, темир жол транспортунун 2014-2020-жылдарга өнүгүүсү, жарандык авиациясынын 2016-2020-жылдарга өнүгүү программасы, автомобиль транспортунун 2017-2021-жылдарга өнүгүүсүнүн негизги багыттары жана «Ысык-Көл кемечилиги» Мамлекеттик Ишканасынын 2015-2020-жылдарга өнүгүү программасы үстүндѳ иш алып баруу.

-Азыркы учурда, көпчүлүктү кызыктырып келген Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу тууралуу айтып берсеңиз. Эмне себептен бул маселе чечилбей келе жатат, кандай кыйынчылыктар, тоскоолдуктар болууда?

-Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жол куруу долбоору өтө масштабдуу долбоор. Анткени, бул долбоорго катышып жаткан үч өлкө биргеликте иш алып баруусу керек. 

Кытай – Кыргызстан – Өзбекистан темир жол куруу долбоорунун алкагында 2015-жылда иштелип чыккан Техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) кыргыз тарап карап чыгып, жыйынтыгы боюнча КРнын кызыкчылыгына жооп берген оптималдуу маршрут аныкталган. Жогорудагы темир жол Торугарт бекетинен башталып, Ак-Бейит, Кызыл-Туу, Достук жана Үгүт негизги кыштактары аркылуу өтүп, Жалал-Абад шаарынан аяктайт. Кыргызстандын аймагында жалпы узундугу 432,78 км түзөт. Каттамдын негизги артыкчылыгы, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алып, аны толук чагылдырганы. 

2016-жылдын башында, ушул долбоордун алкагында атайын эксперттик топтун иши калыбына келтирилип, кайта иштеп чыгуу үчүн эксперттик тобунун отуруму Пекин шаарында 2016-жылдын 31-майынан 1-июнга чейин, жана ошондой эле, ошол жылдын 19-20-декабрларында болуп өттү. 

Акыркы эки тараптуу жолугушуунун алкагында Кытай тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагынан темир жол куруу долбоору жаңы кыска маршрут аркылуу өтүү  талабы коюлду. Ошол эле учурда, Кыргыз тарабы Мамлекетин кызыкчылыгы үчүн жогорудагы аныкталган маршрутту ыңгайлуу экендигин билдирди. 

Себеби, Кытай тарап сунуштаган каттамдан айырмаланып, Кыргыз тарап сунуштаган каттам Нарын областынын Ак-Бейит, Кызыл-Туу, Достук, Угут ж.б. у.с. негизги калктуу пункттары аркылуу өтүп, келечекте Мамлекетибиздин экономикасын көтөрүү, жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылуу, жана ошондой эле темир жол каттамы аркылуу түндүк менен түштүктү бириктирүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетчү нерсе, жыйналышта негизги маселе катары, келечектеги темир жолдун колдонулуучу техникалык стандарттары, каржылоо схемасы жана жолдун өтүү маршрутунун көйгөйлөрү каралып, Кытай – Кыргызстан – Өзбекистан темир жолунун курулушу боюнча эксперттик топтун кийинки жыйындардын алкагында жогорудагы маселелерди талкуулоо  2017-жылы май айында өткөрүлүп, ошонун алкагында 2017-жылдын 5-июлунан 25-июлуна чейин кытай тарабы аркылуу талааларды изилдөө иштери жүргүзүлдү. Талаа изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча 2017-жылдын 27-30-ноябрларында Пекин шаарында кыргыз жана кытай эксперттик жумушчу топтору тарабынан дагы каралды. 

-Эгерде жол Кыргызстан аркылуу өтүп калса, Кыргызстан канчалык деңгээлде пайда алып келет?

-Бул темир жолду курууну ишке ашыруу Кыргыз Республикасы үчүн кошумча Евразия рынокторуна чыгууга жана өлкөнүн экономикасынын жана калкынын ташуу талаптарына толук кандуу камсыздоого, өлкөнүн транзиттик мүмкүнчүлүктөрүн ишка ашырууга түрткү берүүчү темир жол системасын өнүктүрүүгө, жана транспорттук чыгымдарды азайтууга мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

Мындан тышкары, бул долбоорду ишке ашыруу менен жаңы жумуш ордуларын түзүү жана жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылууга шарт түзүлөт. Бул темир жолду куруу убагында Кыргызстанда 20 миңдей жумуш орду түзүлөт. Куруунун аякташы менен темир жол тармагында 2 миңдей адам, ал эми темир жолду колдонуудан, жүк ташуунун көлөмү өскөндүктөн 10 миңдей адам жумуш менен алектенет. 

Жаңы темир жолдун маршруту байыркы Улуу Жибек жолу менен дал келип, туризм тармагынын өнүгүшүнө шарт түзөт, андыктан жүргүнчү ташуунун көлөмүнүн өсүшү жылына 250 миң адамды түзөт. Республиканын жергиликтүү калкына, жаңы, арзан мамлекет ички жана эл аралык саякаттоо сунушталмакчы.

Бул долбоорду ишке ашыруу Кыргызстандын жалпы экономикасына социалдык-экономикалык жагдай түзүп, калкка болгон транспорттук кызматты кеңейтүүгө, транспорттук чөйрөнү өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө чоң өбөлгө түзөт. Транспорттун бардык тармагында жаңы деңгээлде иш алып барууга мүмкүндүк түзүлөт. 

Азимкан Жусубалиев: “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол куруу долбоору өтө масштабдуу”

Акыркы жылдары, Кыргызстандын бардык булуң-бурчунда жолдорду оңдоо иштери жүргүзүлүп келет.

“Дүйнөлүк рынокко чыгуу, мамлекеттер аралык соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн эл аралык ташуулар жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү”

-Кыргызстанда транспортировканы өнүктүрүү багытында кандай иш-чаралар аткарылууда?

-Дүйнөлүк рынокко чыгуу, мамлекеттер аралык соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана эң негизгиси өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн эл аралык ташуулар жагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маанилүү.  Өлкөлөр ортосунда эки жактуу жана көп жактуу макулдашуулардын негизинде кыргызстандык ташуучуларга шарттарды түзүү боюнча иштер аткарылууда. Ага катар улуттук ташуучулар кабылган көйгөлөрдү чечүү максатында мекемелер аралык туруктуу жумушчу топ түзүлгөн. 

-2013-жылы Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долборуна баа берүү менен бирге, анын Кыргызстанга ачкан мүмкүнчүлүктөрүнө токтоло кетсеңиз?

-2013-жылы Кытай, Евразия өлкөлөрүнүн ортосундагы байланышты түзүүгө багытталган, экономкалык өнүгүүнүн жаңы стратегиясы «Бир алкак – бир жол» (Улуу Жибек жолунун Экономикалык алкагы) жөнүндө жарыялаган. Долбоорду ишке ашыруу менен, Чыгыштан Батышка жеңилдетилген шарттарда товарларды түз ташуулар үчүн соода коридору ачылат. Ошондой эле Жогорку Евразиялык экономикалык комиссиянын 2015-жылдын 16-октябрындагы «ЕАЭБ менен Жибек жолунун Экономикалык алкагын байланыштыруу маселелери боюнча ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин өз ара аракеттери жөнүндө» тескемесине ылайык, «Жибек жолунун Экономикалык алкагы» кытай демилгесине катышуу маселелери боюнча Евразиялык экономикалык комиссиянын ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин Өкмөттөрү менен өз ара аракеттешүүнү уюштуруу чечими кабыл алынган.

Жалпысынан инфраструктуранын өнүгүшү жана инвестицияларды тартуу жагынан алганда Кыргыз Республикасы, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан сунушталган «Бир алкак – бир жол» долбооруна катышуусу биздин өлкөнүн стратегиялык тапшырмаларына туура келет.

-Кытай жергесине болгон сапарларыңыз тууралуу айтып берсеңиз?

-Кытай Эл Республикасына учурга чейин эки жолу барып келдим. Эки жолку сапарым тең жумушума байланыштуу болгон. Алгачкы жолу, 2012-жылы жаз айларында Шанхай Кызматташтык уюмунун алкагында “ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аткаруу бийлик органдарынын жетекчилери” аттуу семинарга катышып келгем. Ал убакта Президенттик аппаратта сектор жетечиси болуп иштечүмүн. Бардык тармактарды ичине камтыган, экономика, мамлекетти башкаруу системасы жаатында, муниципалдык органдардын иштөөсү ж.б. багыттар боюнча абдан кызыктуу семинар болуп өткөн. 

Семинар Фуцзянь провинциясынын Фуджоу шаарында болуп өткөн. Фуджоу өзү 6-7 миллион калкы бар шаар. Кытайдагы,  жашоо үчүн эң ыңгайлуу шарттары бар шаар катары бааланат  экен. Мындан башка, Кытайдын дагы башка бир нече шаарларын көрүп, жакындан таанышып келүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. 

Ал эми, экинчи жолу 2017-жылдын Кытайдын Ляньюньган шаарына барып келдим. Ал жакта, “Бир алкак-бир жол” долбоорунун негизинде уюштурулган, чоң бизнес форумга катыштым. Абдан жогорку статустагы иш-чара болуп өттү. Башкача айтканда, вице-премьерлердин деңгээлинде болду. Мен биздин министрликтин атынан доклад окудум. 

Кытай Эл Республикасы менен акыркы жылдары бардык тармактарда кызматташтык алакабыз өнүгүүдө. Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорунун үстүнөн дагы тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Буюрса, 2018-жылы  бул проекттин ишке ашуусу үчүн чоң түрткү болуп, алгачкы кадамдар башталат деп ойлойм.  

-Сөз соңу...

-Сөз соңунда жалпы кыргыз элимди, кыргызстандыктарды 2018-Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эл-журтубуз аман болсун. Бул жыл берекелүү, ак жолтой жылдардан болсун. 2017-жылы жаңы Президентибизди шайлап алдык. Президентибиз дагы ак жолтой болсун. Өлкөбүз өсүп-өнүгө берсин. Жергебизде тынчтык болуп, береке-молчулук  байырласын! 

(Автор:​ Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)