WeChat      Избранное

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити эки жашта!

15/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити эки жашта!

КРнын ЖКнин Төрагасынын куттуктоо сөзү менен Төраганын өкүлү Ибраим Нуракун уулу тааныштырды.

“11-ноябрь” бул күн биздин гезит үчүн абдан маанилүү күндөрдүн бири. Себеби, 2015-жылдын дал ушул күнү “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити жарыкка чыга баштаган. Андан бери эки жыл өттү. Ушул жылдар аралыгында биздин гезит эл арасынан өз окурмандарын таап, Кыргызстандын массалык маалымат айдыңында өз ордун таба алды.
Быйыл, 11-ноябрь күнү “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити туулган күнүн белгилеп, жакын санаалаштарын, досторун, сыйлуу конокторун Бишкектеги ресторандардын биринде тосуп алды. Кубанычыбызды тең бөлүшүп келген сыйлуу конокторубуз куттуктоо сөздөрүн сүйлөшүп, алып келген тартуулары менен дагы бизди кубантышты.
Майрамга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары, министрликтердин өкүлдөрү, Кыргызстандагы Аялдар конгрессинин жетекчилиги, Бишкек шаарынын мэрия кызматкерлери, Конфуций Институтунун жетекчилери, мугалимдери жана дагы Кыргызстандагы Кытай Эл Республикасынын элчилигинин өкүлдөрү катышып, сыйлуу конок болуп кетишти.
Мындан сырткары, Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан ири Кытай компанияларынын жетекчилери дагы катышып, изги тилектерин  билдиришти.
Кеченин көркүн Конфуций Институтунун даярдаган майрамдык салтанат ачып, кытай тилин үйрөнүп жаткан окуучулар дагы өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ал эми, Назбек Кенчибаев менен Нурайым Азыкбаеванын “Маш ботой” аттуу музыкалык номери көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, зал ичин өзгөчө шаңга бөлөдү. Аткарылган ар бир ыр, бий кыргыз-кытай маданиятынан бир үзүм болсо да, элге тартууланып, конокторду кайдыгер калтырган жок.
2015-жылы Кыргызстандын маалымат айдыңында пайда болгон “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити сандан-санга кыргыз-кытай элдеринин достугун бекемдеп, эки мамлекеттин кызматташтыгын арттырууда өз салымын кошуп келет. Улуу Жибек жолунун боюнда жайгашкан мамлекеттер тууралуу маалымат берүү менен бирге, аларда болуп жаткан жаңылыктар, жетишкендиктер, өз ара байланыш тарыхын, маданият, фольклор, экономика багытында дагы кызыктуу темаларды окурмандарына сунуштоодо.
Гезит жарыкка чыга баштагандан бери, Борбордук Азиядагы беш мамлекет, Кыргызстан жана Кытай элдеринин арасынан өз окурмандарын таап, тынымсыз эмгектин арты менен аларды багынта алды.
Албетте, бул жетишкендик, биринчи кезекте Кыргызстандын жана Кытай Эл Республикасынын жетекчиликтеринин көрсөткөн колдоосунун, жардамынын арты менен болду. Учурда гезит кыргыз, орус жана кытай тилдеринде чыгарылып, Кыргызстандын бүтүндөй аймактарына таратылат.

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити эки жашта!

Кыргыз-кытай өнөр дүйнөсү сахнада айкалышып турду.

Ли Дэхуа, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” компаниясынын түзүүчүсү, гезиттин мурунку башкы директору: “Эки тараптуу колдоо-гезиттин жаркын келечегине кошкон салым”
- Мен бүгүн келип берген бардык конокторубузга өз ыраазычылыгымды билдирем. Биздин кубанычыбызды тең бөлүшүп, куттуктап келгениңиздер бизди абдан кубандырат. Алгач, ушул эки жыл аралыгында бизге көрсөткөн колдоосу үчүн Кыргызстандын жетекчилигине, ведомстволоруна рахмат айтмакчымын. Өзгөчө, КРнын Тышкы иштер министрлигине, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине, Транспорт жана жолдор министрлигине, Билим берүү жана илим министрлигине ж.б. ведомстволорго. Сиздердин колдооңуздардын арты  менен ийгиликтүү иштеп келе жатабыз.
 Муну менен кошо, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу үчүн дагы өзгөчө ыраазычылык. Конфуций Институттары менен кызматташуубуз дагы үзүрлүү болуп келе жатат. Институттун жетекчиликтерине, мугалимдерине рахматымды айтып, көрсөтүп келген жардамы, колдоосу, өзгөчө сөзгө татыктуу экендигин баса белгилеп кетким келет.
 “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин эки жылда багынткан ийгилигин, бараандуу деп эсептейм. Себеби, учурда, гезиттин жалпы тиражы 20 000ге жетти. Кытай тилинде чыккан варианты болсо, 4000ге чыкты. Азыркы заман, Интернет мезгили болбодубу, ошондуктан бул багытта дагы артта калбастан Интернет айдыңында дагы маалымат булактарыбызды өнүктүрүп келебиз. Аларды атай кетсек, маалымат сайтыбыз, фейсбук баракчасы жана дагы вичат байланыш системасы. Булардын бардыгынан, бизде жана дүйнөдө болуп жаткан жаңылыктарды, маектешүүлөрдү окуй аласыздар.
 Алдыда, биз мындан да жакшы иштеп, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын эки тараптуу кызматташтыгын жакшыртууга көп аракетибизди жумшайбыз. Бардыгыңыздардын колдооңуздар үчүн чоң рахмат. Ар бириңиздердин оюңуздар, каалоо-тилектириңиздер биз үчүн баалуу.

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити эки жашта!

Зияддин Жамалдинов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты сөз сүйлөө учурунда

Дастанбек Жумабеков, КРнын Жогорку Кеңешинин Төрагасы: “Мезгил талабынын зарылчылыгынан улам жаралган басылма”
- Урматтуу “Жибек жолу. Маданий өнүгүү”гезитинин чыгармачыл жамааты, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, анын ичинен басмалар арасындагы атаандаштык шартында тең тайлашуу менен эл аралык деңгээлде ачык-айкын маалымат жеткирүү милдетиңерди ийгиликтүү аткарып келе жатканыңыздарга эки жыл толуп отурат. Бул майрамыңыздар менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана өзүмдүн жеке атымдан чын дилимден куттуктайм.
Чын-чынына келгенде, сиздердин гезит учур талабына, көптөгөн өлкөлөрдүн коомдук саясий, социалдык-экономикалык, маданий жана руханий жактан өз ара интеграциялануу зарылчылыгынан улам жаралган басылма. Айрыкча, Шанхай кызматташтык уюумунун алкагындагы кызматташтык мамилелер кеңири кулач жайып, байыркы Улуу Жибек жолунун уландысы катары таанылган Кытайдын “Жибек жолундагы Экономикалык алкак” демилгеси көтөрүлгөн тушта, анын мааниси өзгөчө байкалды.
Кыргыз жана орус тилдеринде үзгүлтүксүз чыгуу менен миңдеген окурмандарга “Жибек жолундагы Экономикалык алкак” демилгесинин артыкчылык жактары, анын ичинен Шанхай кызматташтык уюмунун курамына кирген мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштарынын пайдалуулугун ачып берүү жаатында сиңирген эмгегиңерди баса белгилей кетким келет.
Ардактуу калемгерлер, эки жана көп тараптуу кызматташтык мамилелерди, анын ичинен Жогорку Кеңештин аткарган кызматын такай чагылдырып, анын жалпы коомчулук менен байланышын мындар ары дагы чыңдай беришиңиздерге чын дилимден тилектешмин. Сиздерге бекем ден соолук, бакубат жашоо, чыгармачылык ийгиликтерди каалайм.
Ред.: КРнын ЖКнин Төрагасынын куттуктоо сөзү менен Төраганын өкүлү Ибраим Нуракун уулу тааныштырды. 

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити эки жашта!

Гезиттин кытайча вариантын кытай ишкерлери кызыгуу менен барактап отурушту.

Зияддин Жамалдинов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты: “Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын байланыш көпүрөсү”
- Алгач, мен “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин жалпы жамаатын бүгүнкү эки жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм. Гезит тууралуу айта кетсем, гезит атына заты жарашкан маалымат булагы болуп жатат. Эки жыл жакшы жетишкендиктерге жетти. Бул ийгиликке Ли Дэхуанын, Чэн Юндун кошкон салымы зор деп эсептейм.
 Гезиттин Кыргызстандагы башка маалымат каражат булактарынан өзгөчөлүгү болуп анын көз карандысыздыгы, бардыгына тең, бирдей мамиле кылгандыгы жана дагы маданият, экономика, билим берүү, саламаттык сактоо ж.б. тармактардагы жаңылыктарды, кызматташтык алакаларды, эки мамлекеттин жетишкендиктерин жазуусу деп ойлойм. Анын эң башкы артыкчылыгы болуп, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы байланыш көпүрөсү болгондугу. Кыргызстанга Кытайды таанытып, Кытайга болсо Кыргызстан тууралуу маалымат берип тургандыгы дагы гезитти башкалардан айырмалап турат.
 Азыркы мезгилде, туризмди өнүктүрүү заман талабы. Ал эми, бүтүндөй дүйнө жүзү кытай туристтерине кызыгып, өзүнө тартуу үчүн аракет жаткан учур. Ошондуктан, ушул багытта гезитке көбүрөөк материалдар жазылып, Кыргызстандын туризм тармагы тууралуу маалыматтар кошуна мамлекетке кенен берилип турса, эки элдин туризм тармагындагы дагы алакасы мындан дагы чыңдалмак деп эсептейм.
“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтыктын, достуктун, биримдиктин көпүрөсү деп атасам жаңылышпайм. Дагы да алдыда, бир топ бийиктиктерди багынтып, чоң-чоң ийгиликтерди жаратат деген үмүт бар. Келечекте гезиттин 10, 20, 50 жылдык мааракесин белгилеген күнгө дагы жетели.
Мындан сырткары, Кыргызстан эли менен Кытай элинин ортосундагы достукту бекемдеп, чыңдаганга гезит өз салымын кошо берсин. Ишиңиздерге ийгилик!

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити эки жашта!

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити эки жыл аралыгында Кыргызстандын маалымат айдыңында өз ордун таба алды.

Бахадыр Сулейманов, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаты: “ “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити өзүнүн стили, жазуу ыкмасы менен айырмаланат”
- Биринчиден, бүгүнкү кечеге чакырып, кубанычыңыздарды биз менен бирге бөлүшүп  жаткандыгыңыздар үчүн ыраазычылыгымды билдирем. “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин жалпы жамаатын жана окурмандарын, эки жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм.
 Ушунчалык кыска убакыт ичинде сиздердин гезит Кыргызстандагы маалымат айдыңында өзүнүн татыктуу ордун таап, окурмандарын көбөйтө алды. Ал окурмандардын катарына мен дагы кирем. Себеби, сиздердин жумушуңуздардын жүрүшүн ар дайым байкап, гезитти окуп турам. “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити өз окурмандарына саясий, экономикалык, маданий ж.б. тармактардагы болуп жаткан жаңылыктарды абдан так жана даана чагылдырып берет. Бул сиздердин гезитте өз ишин мыкты билген, күчтүү журналисттердин иштегендигинен кабар берет.
 Гезит өзүнүн стили, материалдарды жазуудагы өз ыкмасы, элге сунуусу менен айырмаланат. Бул жактан ар башка муундун өкүлдөрүнүн, ар түрдүү кесиптин ээлеринин ийгилик сырларын, эмгек жолу тууралуу дагы маалымат алууга болот. 
 Ли Дэхуа мырза айтып кеткендей, алдыда дагы аткарчу иштериңиздер көп, максаттарыңар бийик. Гезиттин тиражын чоңойтуу менен, окурмандардын санын көбөйтүп, жогорку тепкичке көтөрүлүү. Бул максаттын, пландын ишке ашуусуна мен ишенем.
 Дунган Ассоциациясы, дунган гезити “Хуэймин Бо” менен “Жибек жолу. Маданият өнүгүү” гезитинин кызматташтык алакасын өнүктүрүүгө, тажрыйба алмашуу багытында болобу, материалдар багытында болобу иштешүүгө түзүлгөн мыкты мүмкүнчүлүк деп эсептейм.
 Учурдан пайдаланып, гезиттин чыгармачыл жамаатын, окурмандарын куттуктап кетмекчимин. Иштериңиздерди ар дайым ийгилик коштоп жүрсүн. Бакыт жана тынчтык каалайм.

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити эки жашта!

Назбек Кенчибаев менен Нурайым Азыкбаеванын “Маш ботой” аттуу музыкалык номери көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, зал ичин өзгөчө шаңга бөлөдү.

Абдралиева Гульмира, КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин орун басары: “Гезит аркылуу кытай өнөктөштөрүбүз биздин инвестициондук долбоорлор менен таанышып келишет”
- КРнын Транспорт жана жолдор министрлигинин атынан “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин бүгүнкү майрамы менен куттуктап кетүүгө уруксат берсениздер. Биздин министрлик гезиттин редакциясы менен тыгыз байланышта болуп, ар дайым кызматташып келет. “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин аткарган кызматынын арты менен кытай ишкерлери, өнөктөштөрүбүз биздин инвестициондук долбоорлор менен таанышып келишет.
Бардыгыбыз билгендей, маалымат булактары, жолдору абдан маанилүү. Алар адамдарды, мамлекеттерди бириктирип, бир-бири менен байланыштырып турат. Соода-сатык алакасын бекемдейт. Мына ушундай, башкы жоопкерчиликти, кызматты аркалап, эки элдин байланышын бекемдөө үчүн иштеп келе жаткан “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити бүгүн эки жылдыгын белгилеп отурат.
Гезиттин эмгек жамаатына чың ден соолук каалоо менен бирге, чыгармачылык ийгиликтерди багынтып жүрө берүүсүнө тилектешмин.

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити эки жашта!

Бүгүнкү майрам дагы “Кара жорго” бийи менен көркүнө чыкты.

Замира Акбагышева, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин Президенти: “Кыргыз-кытай алакасы тууралуу кенен баарлаша турган маалымат айдыңы”
- “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин жетекчилигин, жалпы эмгек жамаатын бүгүнкү болуп жаткан майрамыңыздар менен Кыргызстан Аялдар Конгрессинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан дагы чын жүрөктөн куттуктайм. Мааракеңер кут болсун.
Бул гезит чындыгында, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы алакасы, келечек кызматташтыгы тууралуу кенен баарлашып, ой бөлүшө ала турган маалымат айдыңы болуп саналат. Кыска мөөнөт аралыгында, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосунда маалымат көпүрөсүн кура алды. Дагы да болсо,  эки элдин достук мамилесин, маданий байланышын бекемдөөгө өз салымын кошуп келет.
Гезит Кыргызстан, Кытай Эл Республикасындагы гана эмес, Борбордук Азия мамлекеттериндеги жаңылыктар менен окурмандарын тааныштырат. Мага негизинен Кытайдын, Борбордук Азиянын чыгаан айымдары тууралуу жазылган материалдар жагат. Достук, кызматташтык темаларындагы маалыматтар дагы сүйүктүү темаларымдын бири.
Сөз соңунда, гезиттин эмгек жамаатын, жетекчилигин дагы бир жолу майрамы менен куттуктайм. Калемиңиздер курчуй берсин. Эки элдин достугун бекемдөөдө өз салымыңыздарды кошуп жүрө бериңиздер.
Нуржан Касымалиева, “Кабар” маалымат агенттигинин кызматкери: ““Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити бизге, сайттын кытайча версиясын илгерилетүүгө жардамчы болуп келет”
- Биринчиден, Кыргызстандагы “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин чыгармачыл жамаатын, жетекчилигин “Кабар” маалымат агенттигинин атынан куттуктайм.
 “Кабар” агенттиги 2017-жылдын январь айынан баштап, сайттын кытайча версиясын Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосунун астында ишке киргизди. Ал эми, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити дагы бизге, сайттын кытайча версиясын илгерилетүүгө жардамчы болуп келет. Ошондуктан, учурдан пайдаланып, гезиттин эмгек жамаатына абдан чоң ыраазычылыгымды билдирип кетким келет. Ммайрамыңыздар кут болсун. Кызматташтык алакабыз бекемделе берсин.
Зарина Асылбековна (Дүйшөбаева?), М. Кашгари атындагы Чыгыш университетинин Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн проректору: “Гезит Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын достук алакасынын өнүктүрүүгө зор салымын кошууда”
- “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин Махмуд Кашгари атындагы Чыгыш университетинин жана өзүмдүн жеке атымдан чын дилимден, бүгүнкү майрамы менен куттуктайм. Гезит, билим берүү сыяктуу социалдык структуралар эки мамлекеттин кызматташуу алакасын түзүүгө зор жардамчы боло алат. Ошондуктан, гезиттин түзүүчүлөрүнө, эмгек жамаатына өзүмдүн ыраазычылыгымды билдирип кетмекчимин. Сиздердин аткарып жаткан эмгегигиңиздер Кыргызстандын менен Кытай Эл Республикасынын достук алакасынын өнүктүрүүгө чоң салымын кошуп жатат.
 Биздин университеттин дагы Кытай менен алака түзүп келе жатканына эки жылдын жүзү болуп калды. Ал эми, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити толугу менен биздин байланышыбызды окурмандарга жеткирип маалымат берип турду. Учурдан пайдаланып, кылып жаткан кызматыңыздар үчүн дагы рахматымды айтмакчымын.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)