WeChat      Избранное

Эки жылдык эмгек, эл арасынан тапкан кадыр-барк

09/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

2015-жылы 11-ноябрда “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезитинин Бишкек шаарында бет ачаары болуп, Кыргызстандын массалык маалымат айдыңы кыргыз-кытай алакасын бекемдөөгө салымын кошкон маалымат булагы менен толукталган.
Ошол мезгилден бери, биздин гезит эки элдин достугун бекемдөө, Кыргызстанды Кытайга, Кытай Эл Республикасын Кыргызстанга таанытуу максатын көздөп, маданият, тарых, экономика, билим берүү, саламаттыкты сактоо ж.б. тармактардагы кызматташтык алакалары тууралуу кенен маалымат берип келет. Массалык маалымат каражатынын элге жайылышы, таанылышы үчүн эки жыл аз мөөнөт болгону менен, ушул жылдары биздин гезит кыргыз тилдүү, орус тилдүү, кытай тилдүү өз окурмандарын, күйөрмандарын эл арасынан таба алды.
Быйыл 11-ноябрда “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезитине эки жыл толуп отурат. Ушул саамалыктын урматына окурмандарыбыз, гезиттин эки элдин алакасындагы ордун, анын маанисин, гезиттин сапатын дагы жакшыртууга өздөрүнүн сунуштарын жана дагы каалоо-тилектерин айтып беришти.
Дабыт Абдылдабек уулу, кытайлык кыргыз, докторант: “Гезит Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасы ортосундагы данакер”

Эки жылдык эмгек, эл арасынан тапкан кадыр-барк


- Кыргыз жана кытай элдеринин байланышы, узак тарыхый доорлордон бери келе жаткан эл аралык байланыштардын бири болуп эсептелет. Эки мамлекеттин, эки элдин ортосунда кылым карыткан доорлорду ичине камтыган алакалар тарыхта, кытай тарых булактарында сакталып калган. Бул тууралуу ачык, далил, фактыларды келтирүүгө болот. Демек, эки элдин байланышы кечээ же бүгүн гана калыптанып калган эмес. Анын тамыры абдан терең орун алган.
Ал эми бүгүнкү күндө ошол байланыштын учугун улап, кайрадан жандандырып жаткан, Кытай Эл Республикасы тарабынан сунушталган “Бир алкак-бир жол” долбоору. Ушул демилгенин алкагында, жакындан саясий, маданий, жана экономикалык мамилелерди өрчүтүү,  андан ары карай өнүктүрүү маселеси абдан жогорку деңгээлде каралып жатат десек аша чапкандык болбос.
Ал эми, ушул байланыштарды өнүктүрүп-өөрчүтүүдө “Жибек жолу маданий өнүгүү”гезитинин ойногон ролу дагы бараандуу. Өзгөчө, маданий багыттагы темаларда мааниси жогору. Гезит кытайлык кыргыздар менен Кыргызстандагы кыргыз элинин өз ара түшүнүүсүнө, бир-бирин жакындан таануусуна данакер кызматын аркалап келет.
“Жибек жолу маданий өнүгүү” гезитинде кытайлык кыргыздардагы маданий, илимий жаңылыктарды, ошол учурда кытайлык кыргыздардын чыгаан белгилүү инсандарын, окумууштууларын, коомго көрүнүктүү ишмерлерин тааныштыруу абдан жакшы деңгээлде жүрүп жатат. Бул Кыргызстан элинин кытайлык кыргыздарга, этникалык кыргыздарга болгон түшүнүгүн арттырууда өтө чоң роль ойнойт.
Эки мамлекеттеги кыргыздардын өз ара байланышын бекемдөө менен бирге, эки республиканын достугун бекемдеп, алакасын күчөтүп, өз ара түшүнүгүн арттырууда гезиттин орду абдан маанилүү.
Эми гезиттин баскан жолу байсалдуу болуп, ар дайым жакшы саамалыктарга жакшы бийиктиктерге жетүүсүн каалайбыз. Гезитиңиздердин керегеси кеңири, уугу узун, түндүгү бийик болсун деп тилейли. Баскан жолуңуздарга ийгиликтерди каалайбыз. Ар дайым жакшы жаңылыктарыңыздар менен бизди кубандыра бериңиздер!
Эрлан Камалов, Ош мамлекеттик университетинин Эл аралык мамилелер факультетинин деканы: “Кыргыз-кытай алакасын чыңдоодо гезит өз миссиясын толук аткарууда”

Эки жылдык эмгек, эл арасынан тапкан кадыр-барк


- “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезити Кыргызстандын массалык маалыматтар айдыңында пайда болгондугуна эки гана жыл болгондугуна карабастан, гезит өзүнүн миссиясын толук аткарып жатат. Себеби, ал кыргыз-кытай алакасын чагылдырууда, Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болгон Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандын ортосундагы байланышты чыңдоодо, анын маданиятын, тарыхын, адабиятын, тилин, экономикасын, саясий түзүлүшүн тааныштырууда өтө чоң роль ойноп жатат.
Келечекте эми, бул жерде көбүрөөк экономика маселелерин дагы чагылдырып, эки тарапты тең кызыктырган долбоорлорду ишке ашырат деп ишенем. Дагы да болсо, эки коңшуну бир-бирине таанытууда өз салымын кошуп келет.
Учурдан пайдаланып, гезиттин жамаатын эки жылдык майрамы менен куттуктайм. Эмгегинердин үзүрү кайтсын. Окурмандарыңыздар көбөйүп, кыргыз-кытай алакасын өнүктүрүүдө өз салымыңарды кошуп жүрө бергиле!

Тынчтык Бекташтегин, Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын кызматкери: “Окурмандар арасында сынактар уюштурулуп турса”

Эки жылдык эмгек, эл арасынан тапкан кадыр-барк


- Бул “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезити эки элдин гана ынтымагы менен чектелбестен, бүтүндөй Кытайдын Батышка карай жүргүзгөн сапарынын массалык маалымат каражат жаатындагы, элге маалымат берүү жагынан көпүрө болуп бере алат.
Кыргызстан Эгемендүүлүгүн алгандан кийин, кыргыз-кытай алакасы өз нугуна түшүп, түздөн-түз мамиле курууга мүмкүнчүлүк пайда болду. Акыркы жылдары, эки элдин достук алакасы өнүгүп, кызматташтык мамилелер бардык тармакта көбөйүүдө. Бул багытта, гезиттин орду абдан жогору деп ойлойм. Анын ачылганына аз убакыт болсо дагы, өз окурмандарын табууга жетишти.
Гезитти мен ар бир эле ишкана, коомдук жай, билим берүү мекемелеринен көрүп жүрөм. Жетекчилер, кызматкерлердин столунун астында сиздердин гезитти учуратууга болот. Ал абдан кызыктуу чыгат. Орус тилинде дагы, кыргыз тилинде дагы чыккан маалыматтар өз окурмандарын тапты десем болот.
Бирок, муну менен гана чектелбестен гезиттин рубрикалары көбөйүп, кыргыз-кытай алакасы, “Бир алкак-бир жол” долбоорунун алкагында жаштардын аң-сезимин өстүрүүчү материалдар дагы көбүрөөк берилсе дейт элем. Мындан сырткары, окурмандар арасында ар түрдүү кызыктуу сынактарды уюштуруп турсаңыздар деп сунуштайм. Сынактар ар түрдүү багыттагы темаларга арналып, дагы да болсо Кытай Эл Республикасын, муну менен бирге Кыргызстанды дагы тааныттууга арналса деген тилек.
Учурдан пайдаланып, “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезитин эки жылдык саамалыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Эмгек жамаатына чыгармачылык ийгилик.
Окурмандарыңыздардын саны көбөйө берсин. Эки элдин ортосунда “достук көпүрө” болуп жүрө бергиле!
Айнура Дүйшөк кызы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы: “ “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезити Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарында өзүнүн бараандуу ордун таба алды”

Эки жылдык эмгек, эл арасынан тапкан кадыр-барк

- Учурда илим-техника өнүккөн мезгилинде маалымат алмашуу тез жүрүүдө. “Жибек жолундагы маданий өнүгүү” гезити эки жыл аралыгында маалымат айдыңында өз ордун таба алды.
Кытай Эл Республикасы менен Кыргызстандагы саясий, экономикалык, маданий багытта сапаттуу жаңылыктардан тарта, жөнөкөй адамдардын ийгилик сырлары боюнча маалыматтарды камтып, окурмандарды өзүнө тарта алды десем жаңылышпайм. Ошондой эле, аталган гезит эки мамлекеттин ортосундагы достук мамилени дагы чыңдоого салым кошууда. “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезити Кыргызстандын массалык маалымат каражаттарында өзүнүн бараандуу ордун таба алды.
Биздин Нарын облусуна дагы гезит келип жатат. Аларды биз жеке эле Нарын шаарына эмес, аймактагы райондорго дагы таратып келебиз. Гезит орус жана кыргыз тилинде чыгат. Биз, буюрса келечекте кыргызча маалыматтарды дагы көбүрөөк окуйбуз деп үмүттөнөбүз. Анткени, биздин облустун калкынын 99% кыргыздар, кыргыз тилин көп колдонобуз.
Эки жылдык майрамыңыздар кут болсун. Сапаттуу жаңылыктар менен бирге, окурмандарыңыздар дагы көбөйө берсин. Ишиңиздерге ийгилик каалайм!
Тилек Найманбаев, опера ырчысы: “Эки элдин достугун, ынтымагын, бир-бирине болгон сый-урматын бекемдеген массалык маалымат каражатынын болушу биз үчүн маанилүү”

Эки жылдык эмгек, эл арасынан тапкан кадыр-барк

- Акыркы жылдары кыргыз-кытай алакасы дээрлик бардык тармактарда чыңдалып, өнүгүүнүн үстүндө. Маданият тармагы дагы четте калган жок. Жакынкы убакта мени абдан кубандырган бир жакшы саамалык болду, бул-“Манас” эпосунун Пекинде опера түрүндө кытай элине тартууланышы. 
Опера абдан жогорку чеберчиликте аткарылып, сахнанын жасалгаланышынан бери абдан мыкты көңүл бурулган. Мен кытай чыгармачыл адамдарынын өнөрлөрүнө аз да болсо, Кыргызстандын Кытай Эл Республикасындагы Маданият күндөрүндө күбө болгом. Ошондо эле алардын аткаруучуларынын чеберчилиги менен катар техниканын акыркы жетишкендиктери бирге айкалышып, коюлуп жаткан эмгекти ого бетер көркүнө чыгараарын байкагам.
Мына ушул сыяктуу жаңылыктарды биз Кыргызстанда негизинен “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезитинен кенен окуп, маалымат ала алабыз. Бул гезит кыргыз-кытай алакасын жеке гана маданият жаатынан эмес, экономика, билим берүү ж.б.  тармактардан дагы бизге таанытып келет.
Ушундай, эки элдин достугун, ынтымагын, бир-бирине болгон сый-урматын бекемдеген массалык маалымат каражатынын болушу биз үчүн маанилүү. Ал эми, гезиттин жамаатын 11-ноябрда боло турган эки жылдык майрамы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Окурмандарыңар көбөйө берсин. Эки элди кубанткан, сүйүнткөн жаңылыктарыңар көп болсун. Ар дайым жергебизде тынчтык болуп, коңшу мамлекеттер менен ынтымак, достук мамиле ичинде жашайлы!
Нуржан Самудинова, КРнын Президентинин алдындагы мамлекеттик башкаруу Академиясынын кызматкери: “Кытай Эл Республикасында кытайлык кыргыздардын багынткан бийиктиктери, жетишкендиктери тууралуу маалыматтар биз үчүн абдан баалуу”

Эки жылдык эмгек, эл арасынан тапкан кадыр-барк

- Азыркы учурда, Кытай Эл Республикасынын дүйнөлүк аренада өзүнүн орду, сөзү бар мамлекет. Акыркы жылдардагы экономикасынын тездик менен өнүгүүсү, аны бүтүндөй дүйнө жүзүнө үлгү кыла алды десем болот.
Ошондуктан, коңшу мамлекеттеги болуп жаткан окуялар, өнүгүүлөр, өзгөрүүлөр биз үчүн дагы абдан кызык. Бул маалыматтарды биз толугу менен “Жибек жолу өнүгүү” гезитинен, сайтынан окуй алабыз. Кыргыз-кытай алкасына басым жасап, ушул тармакта үзүрлүү эмгектенип жүргөн атуулдарыбыздан алынган маектер дагы гезиттин кадырын көтөрүп, окурмандарын табууга көмөктөш болууда.
Өзгөчө басым жасап айта кетчү нерсе, акыркы учурларда кытай кыргыздары тууралуу маалыматтар байма-бай чыга баштады. Илимге, “Манас” эпосунун өнүгүшүнө зор салым кошкон агай-эжелерибиз менен болгон маектер, алардын Кытай Эл Республикасында багынткан бийиктиктери, жетишкендиктери тууралуу маалыматтар биз үчүн абдан баалуу. Аларды Кыргызстанда таанытуу заман талабы деп ойлойм.
Дагы да болсо ушул багытта иш алып барууңуздарга тилектешмин. Эки жылдык майрамыңар кут болсун. Кыргыз-кытай достук мамилесине өз салымыңарды кошуп жүрө бергиле. Бул абдан жоопкерчиликтүү жумуш, гезиттин жалпы жамаатына ийгилик каалайм!
Азизбек Карабаев, “Шанхай сити” мейманканасынын администратору: “Гезиттин интернет тармагында өз сайтынын болушу заман талабына жооп берет”

Эки жылдык эмгек, эл арасынан тапкан кадыр-барк

- “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезити, учурда, өз окурмандарын,  эл арасында өз ордун таап калды десем болот. Себеби, бул маалымат каражаты Кыргызстандагы бирден-бир кыргыз-кытай алакасын чагылдырып, эки элдин кулк-мүнөзүнөн баштап, кылымдарды карыткан маданияты, салт-санаасы боюнча дагы кенен маалымат берет.
Рубрикалары абдан кызыктуу. Өзүм дагы кытайлар менен иштешип, Кытай жергесинде билим алып келгендигим үчүн коңшу мамлекеттеги жаңылыктар мени ар дайым кызыктырып турат. Ал эми, бул гезиттин өзгөчөлүгү катары анын үч тилде: кыргыз, орус жана кытай тилдеринде чыгуусун айтаар элем. Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн кытай жарандары үчүн кытай тилинде чыккан версиясы абдан маанилүү деп билем. Себеби, бардык эле кытайлар кыргыз же орус тилине ээ эмес.
Биздин мейманканага гезит жума сайын келип турат. Конфуций институтунун студенттери дагы абдан кызыгып окушат. Азыр эми, интернет заманы эмеспи, ошондуктан гезиттин сайты болушу дагы заман талабына жооп берет деп ойлойм. Үчүнчү күндөрү сайт дайыма жаңыланып турат, биз кээ бир убактарда сайт аркылуу дагы кенен маалымат алып турабыз.
Эми, “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезитинин жолу ийгиликтүү болсун. Кыргыз-кытай мамилесинде өз салымын кошуп, окурмандарын көбөйтүп жүрө берсин. Жылдан жылга гезиттин кадыр-баркы жогорулап, өнүгүп жатканын толук байкоого болот. Ошондуктан, ушул калыбыңардан жазбагыла, дагы кызыктуу маектерди, кытайлык кыргыздар тууралуу дагы кенен маалыматтарды  сиздерден күтөбүз.
Кытай жергесиндеги туугандарыбыз, кытай кыргыздары тууралуу маалыматтар жеке мен үчүн гана эмес, жалпы кыргыз эли үчүн дагы маанилүү болсо керек деп ойлойм. Ишиңерге ийгилик, калемиңиздер курчуй берсин!

Гүлкайыр Дайыргазы кызы, Нарын облусунун Ат-Башы райондук “Таза коом” уюмунун кызматкери: “Гезиттин сайты, фейсбуктагы баракчасы аркылуу жаңылыктар, кызыктуу маалыматтар менен таанышып турам”

Эки жылдык эмгек, эл арасынан тапкан кадыр-барк

- Мен “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезитине көптөн бери кызыгып келем. Ат-Башы районуна аз да болсо келип турат. Бирок, негизинен гезиттин сайты, фейсбуктагы баракчасы аркылуу андагы жаңылыктар, кызыктуу материалдар менен таанышып турам.
Өзүм кытай тилин билбесем дагы кытай маданиятына, салт-санаасына абдан кызыгам. Ушул багытта көп маалыматтарды билип, үйрөнгүм келет. Учурдагы, Кытай Эл Республикасы дүйнөлүк күчтүү державалардын катарын толуктаганы баарыбызга маалым. Ошол эле учурда, ал Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү болуп саналат. Ошондуктан коңшу мамлекеттеги жаңылыктарды билип туруу дагы заман талабы. Бул багытта “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезитинин орду чоң.
Эки элдин кызматташтыгын чыңдоого салымын кошуп жаткан бул массалык маалымат каражатынын орду бараандуу. Гезиттин кыргыз жергесинде ачылышынын эки жыл болушу менен куттуктайм.  Ынтымак, биримдик, достук үчүн эмгектене бериңиздер!
Турганалы Турсунаалы уулу Жусуп Мамайтегин, кытайлык кыргыз, магистрант: “ “Жибек жолу маданий өнүгүү ” гезитин ар дайым кызыгуу менен окуйм”

Эки жылдык эмгек, эл арасынан тапкан кадыр-барк

- Мен Кытай Эл Республикасынын Кызыл-Суу Кыргыз облусунан келгем. Азыркы тапта, Кыргыз Улуттук университетинде магистратурада билимимди улантып жатам. Бул жакта, мага окшоп, Кытайдан келип билим алып жаткан кытайлык кыргыз жаштары көп. Биздин Кыргызстанда окуп жатканыбызга дагы кыргыз-кытай достук мамилесинин жылдан-жылга өнүгүшү өбөлгө болуп келет.
 Кытай мамлекетинде 56 улут бир ниет, бир максатта ынтымакташып, кол кармашып жашап келебиз. Ошол 56 улуттун бири бул-кытайлык кыргыздар. Азыркы учурда, Кытайда эки жүз миңдин тегерегинде кыргыздар жашайбыз, биздин бүгүнкү жашообуз жакшы, айылдарда заңгыраган жол, жакшынакай үйлөр, заманбап бала бакчалар, эгиз кабаттуу мектептер, ооруканалар бар. Мамлекет тарабынан карапайым жашоочуларга жакшы кам көрүлгөн.
 Мектепте окуу акысыз, жакшы окуган окуучулар үчүн жашаган жери, тамак-ашы бардыгы бекер берилет. Стипендия дагы каралган. Мына ушундай жакшы шарттарда мамлекетибиздин ичиндеги мыкты окуу жайларда жана бизге окшоп чет мамлекеттерде окуп, билим алып жүргөн студенттердин саны арбын.
Ал эми, мен ошол студенттердин бири катары “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезитинин, Кыргызстандагы эки жылдык мааракеси менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул гезитти мен ар дайым алып окуп, мамлекетибиздин маданий жаңылыктары жана Кыргызстанда болуп жаткан маданий жаңылыктар тууралуу кенен маалымат алып турдум.
Мындан ары дагы, эки элдин достугун, маданиятын даңазалап өнүгө бериңиздер. Гезиттин мындан кийинки чыгарылыштарынын дагы кызыктуу, дагы маңыздуу болуусуна тилектешмин.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)