WeChat      Избранное

Каныбек Иманалиев: “ “Жибек жолундагы Экономикалык алкак” демилгеси Кытайды дүйнөлүк күчтүү держава катары даражасын дагы да бекемдеди”

09/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Каныбек Иманалиев: “ “Жибек жолундагы Экономикалык алкак” демилгеси Кытайды дүйнөлүк күчтүү держава катары даражасын дагы да бекемдеди”

Кыргызстан жана Кытай: өтмүшү, учурдагы абалы жана эки мамлекеттин келечектеги кызматташтыгынын перспективалары... Мына, дал ушул теманын тегерегинде, биздин редакцияга Жогорку Кеңештин Эл аралык комитетинин мүчөсү, депутат Каныбек Иманалиев маек куруп берди.
Енисей боюндагы каганаттан бүгүнкү күнгө чейин
-Каныбек Капашович, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы тарыхый байланышка сереп салып берсеңиз?
-Эки элдин ортосундагы алака миңдеген жылдар бою улантылып келет. Кыргыздар жана кытайлар бардык тарыхый этаптарда ар качан маданий, экономикалык жана геополитикалык ж.б. тармактарда, эки тарапка тең пайдалуу мамилени курууга аракет кылып келишкен. “Кыргыз Ээлиги”-мамлекеттик биримдиги тууралуу эң алгачкы маалымат б.з.ч. 3-кылымдын акырында Хань доорунун жазма булактарында белгиленип калгандыгы дагы буга толук далил.
Кыргыз-кытай дипломатиялык мамилесинин гүлдөп турган учуру Тан династиясынын (618-907 жж.) мезгилине туура келген. Ал убакта, Кытай империясы менен өнөктөш болуу, кыргыздар үчүн кошумча коргоого ээ болууну гана түшүндүрбөстөн, сырткы дүйнөгө дагы чыгууга мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген. Енисей каганатынын статусунун жогорулашы, анын башка уруулар менен болгон байланышын бекемдеген. Ал мезгилде, Кыргызстан Кытай үчүн маанилүү союздаш болгон. Себеби, Улуу Жибек жолу каганаттын территориясы аркылуу өтүп турган.
Ал эми, эки элдин алакасынын жаңы доору, 1991-жылы, Кытай Эл Республикасы Кыргызстандын Эгемендүүлүгүн биринчилерден болуп тааныгандан башталды. Ошол мезгилден бери, эки мамлекеттин кызматташтыгынын өнүгүү жолу жаңы баскычка көтөрүлдү.

Каныбек Иманалиев: “ “Жибек жолундагы Экономикалык алкак” демилгеси Кытайды дүйнөлүк күчтүү держава катары даражасын дагы да бекемдеди”
Жусуп Баласагын, Конфуций-бардыгыбыз үчүн маанилүү
-Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын ортосундагы маданий байланыштар тууралуу кандай пикирдесиз?
-Кыргыз эли байыртадан бери эле руханий жана маданий баалуулуктарга өзгөчө көңүл буруп келген. “Манас” эпосу ЮНЕСКОнун тизмесине кирүү менен, “Кыргыз элинин энциклопедиясы” болуп эсептелет. Жана да, ушул жерден басым жасап кетчү нерсе бул, биз-кыргыз эли дүйнөгө көптөгөн ойчул, акылмандарды тартууладык, аларды атай кетсек Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари ж.б. Булар, илим жана чыгармачылык тармактарына баа жеткис салым кошуу менен бирге, бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн руханий баалуулук казынасын байытып келишкен.
Ушунчалык бай маданиятка эгедер болгон кыргыз эли, кошуна уруулар, уруу биримдиктери менен алака түзүп, ынтымак ичинде, байланышта болууга аракет кылышкан. Кытай эли дагы алардын катарында болгон.
Кошуна эл өзүнүн дүйнөгө киргизген жаңылыктары:кагаз, жибек, сапаттуу фарфорлору менен ар дайым дүйнө элдери арасында кызыгууну жаратып келген. Конфуций, Тан Ли Бо, Лао Цзы сыяктуу улуу ойчулдардын мекени болгон Кытай ар качан бүтүндөй дүйнөлүк коомчулукту өзүнө тартып турган. Бул акылмандардын жараткан эмгектери бүгүнкү күнү дагы өзүнүн актуалдуулугун жоготпой келет.
Кыргыз жана Кытай коңшулук мамилесинин аркасынан улам, эки элдин ортосунда саясий, экономикалык жана маданий тармактарында тажрыйба алмашууга мүмкүнчүлүк болду.  Буга, Үрүмчүнүн жанында жайгашкан Манас шаары толук далил болуп бере алат.
Глобалдуу перспективалар
-Кытай Кыргыз Республикасынын бирден-бир ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөшү болуп эсептелет. Акыркы жылдары, биз инфраструктура, транспорт, энергетика ж.б. тармактарда активдүү кызматташтыкта болуп келебиз. Мындан башка, дагы кандай багыттарда кызматташууну өнүктүрүү керек?
-Учурда, кызматташуу алакалары өнүгүүнүн жаңы этаптарын башынан өткөрүп жаткан мезгили. Буга, дүйнөлүк саясаттагы кескин түрдө жүргүзүлгөн өзгөрүүлөр, Кытай Эл Республикасынын Борбордук Азия мамлекеттериндеги саясий ролу жана экономикалык позициясынын күчөтүлүшү себеп болууда.
Жаңы байланыш этабына өтүү мезгили эки тараптуу официалдуу жолугушуулардын негизинде тастыкталды. Ушундай багыттагы эң жогорку саясий ишеним, 2013-жылы стратегиялык өнөктөштүк мамилесинин Декларациясын эки тараптуу кол коюу менен кабыл алуусу болду десек жаңылышпайм. 
Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын ортосунда биргеликте ишке ашырылчу долбоорлор үзүрлүү иштөөдө. Тактап айтсак, “Датка-Кемин” Электр өткөрүү линиясынын курулушу, ал 2015-жылы колдонууга берилген, Бишкек шаарынын Жылуулук электр борборун оңдоо-түздөө иштери, “Түндүк-Түштүк” автожолунун курулушу, “КР-КНР” газопровод ж.б. көптөгөн долбоорлор. Булардын бардыгы иш жүзүндө аткарылып жатат.
Мындан сырткары, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык байланышты дагы эске салып кетүү керек. Жалпысынан алганда, ал бүтүндөй соода тармагын ээлөө менен интенсивдүү түрдө өнүгүп жатат. Өндүрүш-инвестиция байланышы жылдан-жылга өөрчүүдө. Бул дагы эки мамлекеттин мамилесинде маанилүү орунду ээлейт.
Өтмүштөн келечекке карай магистральды жаратуу
-“Жибек жолундагы Экономикалык алкакта”  Кыргызстан кандай орунду ээлейт?
-Бул тема 1990-жылдын башында эле көтөрүлүп чыккан. Ошол жылдары биздин мамлекет, биринчилерден болуп, долбоорду колдоп, анын ишке ашуусуна кызыкдар экендигин билдирген. Бирок, постсоветтик мамлекеттердин геосаясий туруксуздугунан улам бул иш артка жылдырылган.
Ал эми, Улуу Жибек жолу канчалаган кылымдар бою өлкөлөрдү жана цивилизацияларды бириктирип, алардын ортосундагы байланыш көпүрөсү болуп келген. Ушул жол аркылуу дүйнө улуу ойчулдардын, күчтүү мамлекет башчылардын идеялары, философиялык ойлору менен тааныша алышкан. Билим, руханий жана философиялык баалуулуктар менен тынымсыз өз ара алмашуулар болуп турган. Улуу Жибек жолунун арты менен эпикалык жана легендарлуу чыгармалар бүтүндөй адамзатына таанылып, өз окурмандарын таба алды.
Ал эми, Европанын жана Азиянын чоң-чоң  мамлекеттеринин ортосундагы дипломатиялык мамилелердин орнотулушу жана бекемделишинде Жибек жолунун салымы дагы зор болуп эсептелет.
“Жибек жолундагы Экономикалык алкак” долбоорун түзүү демилгеси, дүйнөлүк коомчулук менен байланышууга болгон жаңы стратегия, ал Кытайдын дүйнөлүк күчтүү держава статусун бекемдей алды. Серепчилердин көз карашы боюнча, бул долбоорлордун негизги максаты-бүтүндөй дүйнөлүк экономиканы кытай экономикасынын тегерегинде айлантуу үчүн, тартуу болуп саналат.
Кыргыз эли дагы “Жибек жолундагы Экономикалык алкак” долбоорунун ишке ашырылышына кызыкдар. Себеби, канчалаган кылымдар бою эки эл ынтымак, достук ичинде коңшу болуп жашап келишкен. Ушул достуктун натыйжасында, биздин эл Борбордук Азиянын аймагында кербендердин коопсуздугун сактап берген. Ар түрдүү элдердин биримдигинин арты менен Жибек жолу соодагерлердин өрөөнүнө айланып, ал тууралуу кептер бүтүндөй дүйнөгө тараган. Бүгүнкү күнү дагы бул саамалык уланып келет.
Акыркы жылдары Кытай тарабынан аталган долбоор дүйнөлүк аренада дагы өзүнүн актуалдуулугун өөрчүтүүдө. Ал эми, Кыргызстандын бул багыттагы ээлеген позициясы баштапкыдай эле. Биздин бийлик жетекчилиги, мамлекет бул проектти ар дайым колдойт жана аны иш жүзүнө ашыруу үчүн болгон жардамын көрсөтүүгө даяр.  

Каныбек Иманалиев: “ “Жибек жолундагы Экономикалык алкак” демилгеси Кытайды дүйнөлүк күчтүү держава катары даражасын дагы да бекемдеди”
Атаандаштык адамзаттын пайдасы үчүн
-Азыркы тапта, дүйнө жүзүндө өнүгүүнүн эки модели өз ара атаандашып келет – батыш жана чыгыш. Сиздин оюңуз боюнча, өнүгүүнүн кайсы жолу Кыргызстан үчүн ыңгайлуу?
-Эки жол тең, заманбап цивилизациясынын экономикасынын түзүлгөн аймагы “эки кит” болуп саналат. Алар өздөрүнүн артыкчылыктарын жүздөгөн жылдар аралыгында көрсөтүп, далилдеп келишкен. Окумуштуулар байыртан эле, эки маданияттын маанилүүлүгүнө өзгөчө басым жасап, алардын айырмачылыктарына токтолуп келишкен. Редьярд Киплинг аттуу англис акыны: “Батыш бул Батыш, чыгыш бул Чыгыш, булар бирге боло албайт” – деп айтканы, эки “дүйнөнүн” асман менен жердей айырмачылыгынан кабар берет.
Батыш цивилизациясы демократиянын, тең укуктуулуктун жана адилеттүүлүктүн үлгүсү болуп эсептелет. Мисалы, орус ойчулу жана революционери Михаил Бакунин: “Батышта эл адамы уурулугун чанда гана жашыра алат,  анткени аны миңдеген көздөр карап, байкоо салып турат. Жана дагы ар бири анын уурулугун же жалганчылыгын ачыкка чыгарып кое алат, мына ошол учурда эч кандай министрликтер ууруну коргой алышпайт”, - деп айткан.
Мындай өнүгүү жолунун негизги өкүлдөрү Европа өлкөлөрү жана АКШ болуп саналат. Алар туруктуу экономикага, жарандарынын жашоо-шартынын мыкты болуусу үчүн ыңгайлуу шарттарга ээ. Ошондуктан, билим берүү системасына көп көңүл буруу менен бирге, элдин ден соолугуна кам көрүп көптөгөн ооруканаларды куруп, социалдык камсыздандырууга басым жасап келет. Мисалы, 2016-жыл боюнча АКШда эң аз пенсиянын көлөмү 300 долларды түзсө, Германияда бул цифра 400дөн 1000 еврого чейин жеткен.
Чыгыш өнүгүү модели болсо, батыш индустриализациясы менен Азия маданиятынын айкалыштырууга мүмкүн экендигин тастыктаган бирден-бир уникалдуу үлгү болуп саналат. Биз бул көрүнүштү, экономикалык өнүгүү тармагында: Кытай жана башка мамлекеттердин батыш өлкөлөрү менен болгон күчтүү атаандашуусунан байкасак болот. Эгерде Кытай Эл Республикасын ала турган болсок, ал өз ичинен Советтер Союзунун режимин, Европанын индустриализациясын жана Азиянын баалуулуктарын айкалыштыра алды. Мына ушундай өнүгүү жолунун системасынын арты менен Кытай кыска аралыкта жогорку деңгээлдеги, күчтүү экономикага эгедер болуп отурат.
Учурда, Пекинде “Бир алкак-бир жол” долбоору иштелип жатат. Бул проект жеке гана Кытайдын келечеги үчүн маанилүү болбостон, жалпы Борбордук Азия үчүн дагы баалуу. Америкалык социолог, окумуштуу, философ Фрэнсис Фукуяма өз сөзүндө: “Бир алкак-бир жол” долбоорунун иш жүзүндө аткарылышынын негизинде, Борбордук Азия глобалдуу экономиканын перифериясы гана болбостон, анын борборуна айланмакчы”, - деген оюн билдирген. Аны менен макул болууга толук шарттар бар, чындыгында, “Бир алкак-бир жол” долбоорунун Индонезиядан Польшага чейинки аралыктагы мамлекеттерди ичине камтыганы, анын масштабдуулугунан кабар берет. Бул болсо, Борбордук Азияны  “экономикалык артерияга” айлантмакчы.
Менин жеке пикиримде, Кыргызстан батыш жана чыгыш өнүгүү моделдеринин жакшы жактарын өзүнө сиңирип алуусу керек. Карл Маркс: “Ар бир улут, башкалардан үйрөнсө болот жана дагы үйрөнүүгө тийиш”, - деп айткан. Ушундан улам, биздин эл чыгыш жана батыш мамлекеттеринин мыкты сапаттарын үйрөнүүсү, колдонуусу абзел. Мисалы, Батыштын демократия жана рынок  баалуулуктарына болгон “өзгөчө мамилесинен” үлгү алсак, Чыгыштан болсо, эмгекчилдикке жана улуттук баалуулуктарга болгон сый-урматты үйрөнүүбүз зарыл. Мына, ушундай жол менен биздин мамлекет ийгиликтерди багынтып, кандайдыр бир тең салмактуулукка ээ болот деп ойлойм.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)