WeChat      Избранное

Профессор Адыл Жуматурду: “Мен үчүн “Манасты” кытай тилине которуу – улуу жана ыйык милдет”

29/06/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Профессор Адыл Жуматурду: “Мен үчүн “Манасты” кытай тилине которуу – улуу жана ыйык милдет”

Адыл Жуматурду уулу.

Өткөн саныбызда чыккан теманы улай, Кытай улуттук илимдер академиясынын изилдөөчүсү, филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду жашоосунун өзөгүн түзгөн “Манас”боюнча айтып берип, аны изилдөө жана кытай тилине которуу ишмердүүлүгү боюнча ой бөлүштү.

“Кытайда “Манастан” үзүндү эң биринчи жолу 1961 – жылы гезит бетине жарыяланган”
Кытай жергесинде 1960 - жылдары “Манас” эпосун эл оозунан жыйнап жазып алуу, кытай тилине которуу иштери башталган. Бизде, ал мезгилде Темир деген көзү сокур манасчы болгон. Ошол кишинин “Манасы” эң алгачкы жолу 1961 – жылы гезит бетине жарыяланган. Андан кийин чыныгы басма бетине түшкөнү бул Жусуп Мамайдын варианты болуп калды. Аралыкта он беш жылдык “маданият төңкөрүшү” деген жылдар өтүп, ал мезгилде Манас кызматы биротоло токтоп калган.
Бирок 1979 – жылдан баштап кайра “Манас” бул -  элдик эпос, кыргыз элинин дүйнөгө жараткан маданий салымы, улуттук баалуулугу делип, ушул багытта кайрадан изилдөө иштери күчүнө кирип, жумуш башталган.  Ошол жылы Жусуп аксакалды Бээжинге чакыртып, “Манасты” жазып алуу иштери уланган. Бээжинде эпосту изилдеп, которуу иштери бир жылдан артык созулуп, андан соң бул ишмердүүлүк Синьцзян аймагында ишке киришкен.
1960 – жылдары токтоп калган жумуш, ошентип кайрадан 1980 – жылдан баштап эле “Манас изилдөө” кеңсеси кайра курулуп, өз жумушун уланткан. Ошол мезгилден бери Адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмеси, “Манас” изилдөө борборунун ишмердүүлүгү азыркы мезгилге чейин улантып келүүдө. Мен бул ишкананы 1995 – жылдан баштап 2005 – жылга чейин он жыл жетектеп жүргөнмүн.
Андан соң, жумушка байланыштуу, үй – бүлөм менен Бээжинге көчүп келген мезгилде, бул бөлүмдү Ысакбек Бейшенбек деген жаш жигит жетектеп калган. Ошол мезгилден азыркы мезгилге чейин ал ийгиликтүү башкарып келет. Борбордо жеке гана “Манас” эпосуна басым жасалбастан, кыргыз оозеки чыгармачылыгы, фольклору боюнча дагы иштер аткарылат.

Профессор Адыл Жуматурду: “Мен үчүн “Манасты” кытай тилине которуу – улуу жана ыйык милдет”

Адыл Жуматурду уулу жана жубайы Токтобүбү Ысак кызы залкар манасчы Жусуп Мамай менен иштөө учурунда.

“Окуяда сүрөттөлгөн баатыр, анын кылган эрдиктери мени өзүнө арбап алган”
Ал эми Жусуп аксакал тууралуу айтып кетсек бул киши эми улуу инсан,  1960 – жылдан бери, жалпы кытай элинде, ар кандай маданият чөйрөсүндө оозго алынып, билинип “Жусуп Мамай” ысымы бүтүн мамлекетте элдин оозунда, изилдөө борборунун чордонунда болуп келген. Ал адам айткан “Манас” Кытайдагы “мамлекеттин каухары” деп билинип, эпос жалпы Жусуп аксакалдын варианты боюнча изилденип, кытай тилине которулуп келет.
Албетте, Жусуп аксакалдан башка дагы жергиликтүү белгилүү манасчылар болгон. Бирок, булардын арасынан манасчылык өнөрү эң жогору болуп, залкар манасчы атыккан, 21 – кылымга эпосту толугу менен, Манасты сегизинчи урпагына чейин айткан Жусуп аксакал боюнча изилдөөлөр көп болду.
Мен кичинекей кезимде, тогуз жашымда эң биринчи жолу Жусуп Мамайдын айтуусунда “Манасты” уккам. Ал мезгилде эпосту ачык айттырбаган убакыт болчу.  Күүгүм кирип калган убактарда, элге билдирбей, атам үйгө чакырып келип айттыраар эле.
Алгач “Манасты” укканымда, үйгө абдан көп киши чогулган. Ошондо Жусуп Мамай таң атканча манас айтып чыккан. Окуяда сүрөттөлгөн баатыр, анын кылган эрдиктери мени өзүнө арбап алган. Дем чыгарбай, укканым эсимде. Ошол кезде кичинекей болуп,  “Манаска” көп түшүнбөсөм дагы, анын улуулугун, ыйыктыгын ичимден сезгем. Айтор, ушул кичинемден мени курчаган “Манас” дүйнөсү, келечегиме жол төшөгөн десем болот. 

Профессор Адыл Жуматурду: “Мен үчүн “Манасты” кытай тилине которуу – улуу жана ыйык милдет”

Президент Алмазбек Атамбаев Жусуп Мамайдын сыйлыктарын уулдары Абдыгазы Мамай жана Мукаш Мамайга тапшыруу учуру. 2014 – жыл. 

“Ал кишинин эки ийнинде шам чырак жарып турат, ал деген пайгамбар сыяктуу улуу киши, алдынан кыйыр өтпөй, батасын көп ал”
Мен Синьцзян уйгур Адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесинде иштеп турганымда “Манасты” изилдеп - жыйноо үчүн көп аймактарды кыдырдык. Ошондой сапарыбыздын биринде,  Үч Турпан жергесине барып калдык. Ал жактан Нурдин Жунус деген жазуучунун үйүндө түнөдүк. Ошондо, ал кишинин сексен жаштан ашкан апасы менден: “Балам сен жаш бала экенсиң, кайсы жакта иштейсиң?” деп сурап калды. Мен болсо “Синьцзян уйгур адабият көркөм өнөр бирикмесинде иштейм, Жусуп Мамайдын варианты боюнча Манасты изилдейм, кытай тилине которуу иштери менен алектенем”- дедим. Ошондо байбиче өтө таң калып: “Улуу киши менен бирге иштейт турбайсыңбы, балам, ал кишинин эки ийнинде шам чырак жарып турат, ал деген пайгамбар сыяктуу улуу киши, алдынан кыйыр өтпөй, ар убакта артынан жандап басып, батасын көп ал, сөздөрүн, акыл – насаатын угуп жүр”- деп айткан эле.
Өзүмдүн ата – энем дагы менин Жусуп аксакал менен бирге иштегениме абдан кубанышып, ар качан: “Жакшы жерде иштеп жатасың, ал кишинин батасын ал. Кандай жумушу болсо, жакшылап аткарып жардам берип тургун”- дешээр эле.

Профессор Адыл Жуматурду: “Мен үчүн “Манасты” кытай тилине которуу – улуу жана ыйык милдет”

“Манас” эпосунун кытай тилине которулган варианты.

“Жусуп аксакал акыл – эси, ахлагы,  адамгерчилиги, кичи пейилдиги жана улуулугу менен бардык адамды өзүнө тартып турчу”
Жусуп аксакал, инсанда аз учурай турган ашкан талант, бул кишинин көркөм сөз өнөрү өзгөчө сөзгө татыктуу. Жеке гана “Манас” эмес, кыргыз элинин оозеки чыгармачылыгы, санжыра, элдик ырлар жөө жомоктор ширелип, оозунан төгүлүп турган улуу инсан. Кыргыз адабияты, маданияты, кайсы гана багытта кандай суроо болбосун, ар дайым шар жооп берип, бизди, кабарчыларды ар дайым ыраазы кылчу.  Дүйнө таанымы өтө кенен адам болгон.
Анан бул кишинин эске тутуму адамды өзгөчө таң калтырат эле. Он жыл мурун, бир канча жыл мурун көргөн же болбосо өзү менен кошо жүргөн адамдар, алардын үй – бүлөсү, бала – бакырасы жөнүндө сурап калсаң, бардыгын так жана туура айтып берчү. Жусуп аксакал бир көргөн кишисин да, бир уккан кебин дагы унутпаган адам болчу. Бул киши акыл – эси, ахлагы,  адамгерчилиги, кичи пейилдиги жана улуулугу менен бардык адамды өзүнө тартып турчу. Жусуп аксакал менен коңшу туруп, көп жылдарда бирге болдук, нечен меймандарын тосуштук. Үрүмчүдө кыргыздар аз болсо да, айт күндөрү чогуу бир – бирибизге айтташчубуз.
Үрүмчүдөгү кыргыздардын айт күнү, эң биринчи келген үйү Жусуп аксакалдын үйү, андан соң, коңшу турагынбыз үчүн биздин үйгө келишчү. Курмандыкты бирге сойчубуз. Ата – бала болуп, залкар манасчы менен бир короодо он жылдай жашадык.

Профессор Адыл Жуматурду: “Мен үчүн “Манасты” кытай тилине которуу – улуу жана ыйык милдет”

Кыргыз элинин сыймыгы Жусуп Мамай менен бирге, профессор А. Жуматурдунун үй – бүлөсү.

“Бул “Синьцзян “Манас” изилдөө борбору” – өкмөт тарабынан каржыланат”
Ошол кездерден баштап анан биз, жубайым Токтобүбү Ысак кызы экөөбүз чыгаан манасчы тууралуу китеп жазууну чечкенбиз. Китепке керектүү маалыматты өзүнөн сурап, Жумаалы Келбай, Үсейин Ажым, Жакып Балбай деген теңтуш жүргөн жакындарынан алып, жаш кездеринде бирге жүргөн, жашоосунан орунттуу бир учурларды билген адамдардан маалымат жыйнап, Какшаалга улам – улам барып келип, анан “Залкар манасчы Жусуп Мамай” деген китепти жазганбыз. Бул китеп болсо, алгач кытай тилинде 2002 – жылы басылып чыккан. Анан 2007 – жылы Бээжинде басылып, 2014 – жылы Бишкек шаарында дагы жарык көргөн. Бишкекте басылып чыкканда дагы Кыргызстандык илимпоздор, манаскөйлөр тарабынан жогору бааланган. Улуттук китепканада таркатуу аземин өткөргөнбүз.
Биз Үрүмчүдө иштеп турган кызматташтар менен бирге, жетекчиликке сунуштап доклад жазуу аркылуу  2011 – жылдын декабрь айында Синьцзян педагогикалык университетинде “Синьцзян “Манас” изилдөө борборун” ачканбыз. Ачылгандан кийин эле, залкар манасчы Жусуп Мамайдын манасчылык өнөрү тууралуу, мамлекет боюнча талкуу жыйыны уюштурулган. Эми бул изилдөө борборунун ачылышынын дагы бирден – бир себеби бул – “Манасты” изилдөө иштерине кошумча күч болуу, Синьцзян уйгур адабият изилдөө, адабият көркөм өнөрчүлөр бирикмесиндеги “Манас” ишканасы менен куштун эки канатындай биргеликте иш алып баруу болгон.
Жогору жактан дагы бул максат колдоого алынып, болгон каражат өкмөт тарабынан каржыланат. Синьцзян “Манас” изилдөө борборунун негизги кызматын Мамбетурду Мамбетакун уулу жетектейт. Бул жерде кыргыз жаш илимпоздору дагы эпос боюнча эмгек кылып келишет. Биз дагы борборго ар дайым колубуздан келген жардамды аябайбыз, кызматташтык абалыбыз абдан жакын. “Манасты” изилдөө боюнча иштерди биргелешип аткарып келебиз.

Профессор Адыл Жуматурду: “Мен үчүн “Манасты” кытай тилине которуу – улуу жана ыйык милдет”

“Кытай манас таануу сөздүгү” – кыргыз элине сүйүнчү! 

 “Эпос ооздон – оозго өтүп, муундан – муунга уланып, канча кылымды карыткан, ал улуу, универсал, энциклопедиялык маалымат жыйыны”
Менин 1990 – жылдан бери негизги жумушум Синьцзян адабият көркөм өнөрчүлөр союзундагы “Манас изилдөө”  кеңсесин жетектеп жүргөндө эле “Манас” изилдөө, которуу болуп келген. Менин “Манасты” кытай тилине которуум бир канча жыл аралыгын алды. Ошо котормо Жусуп аксакалдын варианты боюнча биринчи урпагы Манас. 54 миң саптан ашат.  Бул эмгек 2009 – жылы үч миң тираж менен жарык көргөн. 2012 – жылы кайта басылып чыккан. Манасты кытай тилине которуу, мен үчүн өтө бир улуу жана ыйык милдет. Эпос ооздон – оозго өтүп, муундан – муунга уланып, канча кылымды карыткан, ал улуу, универсал, энциклопедиялык маалымат жыйыны.
“Манастан” кыргыз маданиятын, тарыхын, күнүмдүк жашоосун, фольклорун көрсө болот. Кыргыздын бары – жок акыл идиреги, ой санаасы, ааламга, коомго болгон түшүнүгү, урпактарды тарбиялай турган дидактикалык идеялары бардыгы “Манаска” камтылып, жуурулуп келген. Ошондуктан “Манасты” которууда дагы ар түрдүү кыйынчылыктарга жолукканбыз.
Мен кичинемден кытай тилинде, кытай мектебинен билим алгам. Анан кыргыз тилин өзүм үйрөнүп, окуп жазганды өздөштүргөм. Чындыгын айтуу керек котормо бул оңой эмес. Кыргыз тилине жетик болуу керек. Кытай тилинде, көркөм адабият тилинде которуу үчүн көп аракет кылдым. Бул жагында аябай эмгектендим, тырыштым. Анан, менин котормом 2009 – жылы жарык көргөндө бүтүн Кытай мамлекетинде жогору бааланды. Ушу күндө дагы Кытайдагы үч чоң эпостун арасынан эң сапаттуу, көркөм, мыкты которулган деген бааларды угуп жүрөм. Анан биздин Маданият министрлиги жагынан Кытайдагы аз сандуу улуттардын эң көркөм жөрөлгөлүү маданиятында, окууга тийиштүү чыгармалардын арасына, мен которгон “Манас” эпосу кирген.
Мен эми Жусуп аксакалдын Манастан башка үчүнчү урпагын, Чегетей Сонбилегин котордум.  Башка урпактарын жуңго кыргыз – кытай котормочулары дагы которуп жүрүшөт. Деңиздей чалкыган эпосту жалгыз колумдан кыска убакытта которуп бүтүү кыйын. Ошондуктан башкалар дагы бул жаатта эмгек кылышкан. Мисалы, кыргыздардан санап өтсөк Бакыт Аманбек уулу, Турду Жумакадыр, Ысакбек Бейшенбектин дагы котормолору бар.

“Кытай манас таануу сөздүгү” Бээжинде жарык көрдү
2017 – жылдын 2 – июнь күнү Кытай улуттук илимдер академиясынын изилдөөчүсү, филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду уулу жана жубайы филология илимдеринин кандидаты, Борбордук улуттар университетинин доценти Токтобүбү (Токон) Ысак кызы, ошондой эле алардын уулу Борбордук улуттар университетинин докторанты, жаш окумуштуу Эрзат Адыл уулу тарабынан түзүлгөн “Кытай манас таануу сөздүгү” аталыштагы энциклопедиялык жыйнак Бээжин шаарындагы Борбордук Улуттар университетинин басмаканасынан кытай тилинде жарык көрдү.
 Кытайлык кыргыз залкар манасчы Жусуп Мамайдын 100 жылдыгына арналып, 16 форматта, 500 канча беттен, 5 миллион 500 миң кытай иероглифинен турган бул китепке Кытайдагы манас таануу илиминине тиешелүү жалпы маалыматтар, тактап айтканда Кытайдагы манасчылардын жана манас таануучулардын өмүр баяны, манас таануу багытында жазылган илимий эмгектердин жана макалалардын аннотациялары, кытайдагы манас таануу илимине байланыштуу ар даражадагы илимий конференциялардын чоо-жайы ж.б.у.с бир топ мазмундар камтылган.
Китепти түзүүчүлөрдүн бири Адыл Жуматурду уулу аталган китеп окумуштуулардын чөйрөсүндө, өзгөчө, Кытайдагы фольклор таануу жаатындагы мыкты окумуштуулар үчүн чоң кызыгуу жаратып жатканын, «Манас» эпосу менен бирге Кытайдагы үч чоң эпостун катарындагы тибет элинин «Гысар», моңгул элинин «Жаңгыр» эпостору тууралуу да мындай эмгек али жарык көрө электигин белгиледи.
“20 жылдан берки жыйналган материалдардын негизинде жарык көргөн бул эмгек манас таануу илимине кызыккан Кытайдагы жалпы окумуштуулар үчүн жана бүгүнкү кош тилдүү кыргыз жаштары үчүн да чоң мааниси бар”-деген пикирин билдирди китептин түзүүчүлөрүнүн бири Токтобүбү Ысак кызы.

Эпостун биринчи басмадан чыгышы
“Манас” эпосунун Жусуп Мамай вариантынын басмадан чыгышы 1984 – жылдан баштап 1995 – жылга чейин Синьцзян эл басмасындагы кыргыз редакциясы тарабынан он сегиз том болуп басылып чыккан. Сегиз урпактан куралган. Ошол кезде он миң тираж менен басылган.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)