WeChat      Избранное

Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти: “Бүгүнкү саммит ШКУнун өнүгүшүнүн жаңы барактарын ачат”

21/06/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти: “Бүгүнкү саммит ШКУнун өнүгүшүнүн жаңы барактарын ачат”

“Астана ЭКСПО  - 2017” Эл аралык көргөзмөсүнүн ачылыш күнү.

2017 – жылдын 8-9 – июнунда Казакстандын борбору болгон Астана шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекеттеринин өлкө башчыларынын 17 – жыйыны болуп өттү. 

Саммитке мамлекет жетекчилери: Казакстан – Нурсултан Назарбаев, Кыргызстан – Алмазбек Атамбаев, Кытай – Си Цзиньпин, Россия – Владимир Путин, Тажикстан – Эмомали Рахмон, Өзбекстан – Шавкат Мирзиеев катышты. Өлкө башчыларынан сырткары уюмдун ондон ашык байкоочу өлкөлөрүнүн жана өнөктөштөрүнүн башчылары келишти. Учурда  ШКУга байкоочу өлкөлөр – Афганистан, Белоруссия, Иран жана Монголия. Ал эми өнөктөш мамлекеттер – Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри – Ланка. 

Бул саммиттин башкы жетишкендиги бул Индия жана Пакистан өлкөлөрүнүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө болуп кириши болду. Бул боюнча керектүү документтерге кол коюлуп, жыйындын башкы темасы болду. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев дагы Астанадагы ШКУ жыйынында: “Кыргызстан Индия менен Пакистандын ШКУга мүчө болуп кирүүсүн толук колдойт. Уюмдун кеңейиши менен бирге жаңы саясий жана экономикалык шарттар иштеп баштайт” – деген оюн билдирди. “Бүгүнкү саммит ШКУнун өнүгүшүнүн жаңы барактарын ачат. Кыргызстан бул иш – чараны толугу менен колдойт” деп кошумчалады Президент. 

Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти: “Бүгүнкү саммит ШКУнун өнүгүшүнүн жаңы барактарын ачат”

ШКУнун 17 – жыйыны.

“Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты – коопсуздук тармагында кызматташуу болууга тийиш”

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев ШКУ мамлекет башчыларынын кеңешинин кеңири жыйынында сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө: “Шанхай кызматташтык уюмунун ишмердүүлүгүнүн маанилүү багыты – коопсуздук тармагында кызматташуу болууга тийиш” деп, мамлекеттер аралык чек ара ишенимдерин бекемдөө керектигине дагы басым жасады. 

Президенттин айтымында, аймактык тынчтыкты жана туруктуулукту колдоо милдеттери, “коркунучтун үч күчүнө” каршы аракеттери көңүл чордонунда болуп, бул багытта ШКУ мамлекеттеринин кызматташуу механизмдерин дагы жакшыртуу зарыл.

Мамлекет башчы белгилегендей, Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун эскалациясынын уланышы терроризмди, сепаратизмди жана экстремизмди, баңгизаттарын мыйзамсыз айлантууну жана уюшкан кылмыштуулукту жаратат. Ошондой эле, Афганистандагы аскердик-саясий кырдаал ШКУ өлкөлөрү үчүн олуттуу чакырык болуп саналат.

“Радикалдык экстремизм идеологиясын жайылтуу, ШКУ өлкөлөрүнүн жарандарын ИМ жана террористтик уюмдардын катарына азгыруу олуттуу тынчсызданууну пайда кылууда. Буга байланыштуу биздин аймактык терроризмге каршы иштердин натыйжасын арттыруубуз зарыл. Бүгүн ШКУнун терроризмге каршы Конвенциясын кабыл алып жатабыз. Бул террорчулукка каршы күрөшүүгө кошкон белгилүү бир салым болот”, - деди Атамбаев.

Мамлекет башчы туруксуздуктун күчөшү менен чек ара аймактарында ишенимди бекемдөө боюнча кызматташуунун актуалдуулугу жогорулай тургандыгын билдирди.

Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын Президенти: “Бүгүнкү саммит ШКУнун өнүгүшүнүн жаңы барактарын ачат”Жумакадыр Акенеев, Экономика илимдеринин профессору.  


“Шанхай кызматташтык уюмунун банкы Бишкекте орун алуусуна басым жасайбыз”

Мындан сырткары саммитте Президент А. Атамбаев: “Шанхай кызматташтык уюмунун банкы Бишкек шаарында түзүлүп, жайгашуусу керек экендигине басым жасайбыз” деген сөзүн айтты. Ал  “Кыргызстан ШКУ жана “Шанхай бешилтигин” түзүүчүлөрдүн бири болуп саналат. Мындан улам банк Кыргызстанда орун алышы керек” деди. 

Мамлекет башчысы билдиргендей, соода-экономикалык кызматташтыктын натыйжалуу өнүгүүсү аймактарда коопсуздуктун бекем болушун шарттайт. Мамлекеттин жарандарынын жыргалчылыгы, экономикалык маселелердин чечилиши экстремисттик идеяларды жайылтууга бөгөт коюу, жергиликтүү башаламандыктын алдын алуу менен байланышкан. “Биз, албетте, соода-экономикалык кызматташтыктын активдешүүсүн колдойбуз. ШКУ банкын түзүү маселесин көтөрүүгө убакыт келди деп ойлойм. Биз ШКУ банкы Бишкекте түзүлүп Бишкекте жайгашканы туура болот деп эсептейбиз”, – деди А.Атамбаев.

Мамлекет башчы инфраструктураны өнүктүрүү негизги ролду ойнорун, бирок, “Бир алкак- бир жол” глобалдык идеясында келтирилген инфраструктуранын өнүгүүсүсүз интеграциялык процесстердин тереңдеши ишке ашпай турганын билдирди. Бул идеялар ШКУнун 2025-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы жана БУУнун 2030-жылга чейинки туруктуу өнүгүү программасы менен үндөш.

“Мындан улам, Кытай–Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу долбоорун ишке ашыруунун маанилүүлүгүн дагы бир ирет баса белгилегим келет. Ошондой эле, биз туризм тармагында мүчө мамлекеттер аралык кызматташуу долбоорунун биргелешкен программаларын ишке ашыруу планын кабыл алууну колдойбуз. Бул программага өткөн жылы Ташкентте кол коюлган”, - деди КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев.

ЭКСПО – 2017 көргөзмөсү – “Келечектин энергиясы”

ШКУнун 17 – жыйынын улай эле, 2017 – жылдын 10 – июнь күнү Казакстан “Астана ЭКСПО – 2017” аттуу Эл аралык көргөзмө жарманке эшигин ачты. Бул иш – чарага 100дүн тегерегинде мамлекет жана ондон ашык эл аралык уюмдар дагы катышууда. Иш – чара 10 – сентябрга чейин созулмакчы. 

ЭКСПО – 2017 көргөзмөсүнүн темасы – “Келечектин энергиясы” деген аталышта өтүп жатат. Ал эми анын башкы максаты  - жаратылышка зыян келтирүүнү азайтуу менен бирге, Жер планетасындагы энергияны адамдар тескөөнү жана үнөмдөнүү үйрөнүп жана ага жоопкерчилик менен мамиле кылуу. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев дагы “Астана ЭКСПО – 2017”  көргөзмөсүнүн ачылышынын салтанаттуу аземине катышып келди. 

Кыргыз Республикасынын Президенти 9-июнда Казакстан Республикасынын Астана шаарына жасаган жумушчу иш сапарынын алкагында Шанхай кызматташтык уюмунун мүчө мамлекет башчыларынын Кеңешинин жыйынына катышкан. Мамлекет башчылары менен бирге «ЭКСПО-2017» көргөзмөсүнүн ачылышынын салтанаттуу аземине катышты. Мамлекет башчылары  ошондой эле  «Нур Алем» көргөзмөсүнүн борбордук павильонун көрүп чыгышты.

ЭКСПО тарыхы... 

ЭКСПО Эл аралык көргөзмөсү – бул мамлекеттер арасындагы кызматташтыкты өнүктүрүү, инновациалык чечимдер менен өз ара алмашуу жана технологиялык жетишкендиктерди демонстрация кылуучу дүйнөлүк масштабдагы иш – чара болуп эсептелет. Биринчи көргөзмө Лондон шаарында болуп өткөн. Ошол мезгилден бери ЭКСПО мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен бирге, эл аралык маселелерди чечүүнүн жаңы жолдорун таап, аны колдоого алып келет. 

150 жылдан ашык ЭКСПО көргөзмөлөрүнүн уюштурулушунда анын катышуучулары адамзаттын өнүгүшүнө зор салымын кошкон жаңы ойлонулуп табылган технологиянын күбөлөрү болушкан. Мисалы, телефон жана рентген аппараттары, сыдырма, нейлон, кол чөнтөк телефону жана сенсор экраны. 

Жумакадыр Акенеев, Экономика илимдеринин доктору, профессор: “Президентибиздин ШКУ банкын Бишкек шаарында жайгаштыруу демилгеси эң туура”

Казакстанда, азыркы тапта, өткөрүлүп жаткан көргөзмө КМШ өлкөлөрүндө, Россияда дагы өткөрүлө элек. Бул эмнени далилдейт? Бул иш – чара Казакстандын дүйнө жүзүндө өзүнүн ордун тапкандыгын далилдейт. Казакстандын мындай дүйнөлүк масштабдагы көргөзмөнү өткөрүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар. Үч миллиард доллар сарптап, дүйнөгө өзүн таанытып жатат. Бул жерде Казакстандын Президенти Нурсултан Назарбаевдин дагы салымы чоң. КМШ мамлекеттери ушундай иш –чаралардан үлгү алышыбыз керек.

Ал эми ШКУнун кезектеги жыйынында сүйлөгөн Президент Алмазбек Атамбаев туура маселе койду деп эсептейм. Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмунун негиздөөчүлөрүнүн бири болуп эсептелет. Мисалы, Өзбекстан бизден кийин бул уюмга мүчө болуп кирип Ташкент шаарында террорчулукка каршы мекемени жайгаштырганга жетишишти. Президентибиздин ШКУ банкын Бишкек шаарында жайгаштыруу демилгеси эң туура. Бул Кыргызстан үчүн жакшы жетишкендиктин бири болмок. 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)