WeChat      Избранное

Адыл Жуматурду: “Сөз багып, сөз баалаган улуу элден болгондугума сыймыктанам”

21/06/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Адыл Жуматурду: “Сөз багып, сөз баалаган улуу элден болгондугума сыймыктанам”

Адыл Жуматурду.

“Кыргыз элинин руханий дүйнөсүнүн туу чокусу бул  - “Манас” эпосу” деп улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматов бекеринен айтпаса керек. Бул эпос кыргыз элинин тарыхынын, этникалык – маданий байланыштарынын, маданиятынын, салт - санаасынын булагы болуп келет. Кыргыздын уул – кыздары кайсы гана жерде жүрбөсүн, кайсы гана аймакты байырлабасын ар качан улуттун жүзү болгон “Манасты”, муундан – муунга өткөн кыргыз оозеки чыгармачылыгын барктап, даңазалап келет. 

Ушундай улуттук баалуулуктарга аяр мамиле кылып, аны көздүн карегиндей сактап, маани – маңызын дүйнөгө таанытып келгендердин бири – бул Жуңголук кыргыздар. Кытайлык кыргыздар арасында бүткүл өмүрүн кыргыз оозеки чыгармачылыгына арнап, “Манасты” кытай тилинде сүйлөтүп, кытай адабият сүйүүчүлөрүнө биздин элди таанытып келген окумуштуу, манас таануучу, адабиятчы, тарыхчыларыбыз аз эмес. 

Алардын бири, жеке гана Жуңго кыргыздарынын эмес, жалпы кыргыз элинин сыймыгына татыган окумуштуу, белгилүү манас таануучу, Кытай улуттук илимдер академиясынын изилдөөчүсү, филология илимдеринин доктору, профессор Адыл Жуматурду уулу бүгүн бизде конокто. Адыл агай өзү, ишмердүүлүгү тууралуу бизге кенен маалымат берди.

Адыл Жуматурду: “Сөз багып, сөз баалаган улуу элден болгондугума сыймыктанам”

Өз доорунун залкар манасчысы Жусуп Мамай менен бирге.

“Түндүк адабият изилдөө сектору кыргыз эле эмес, уйгур, казак, өзбек, тажик, татар сыяктуу көп улуттарды камтыган сектор”

-Адыл агай өзүңүз тууралуу кыргыз окурмандарына маалымат бере кетсеңиз?

-Мен 1964 – жылы 25 - февралда Кызыл – Суу кыргыз автономдуу районуна караштуу  Ак – Чий жергесинде төрөлгөм. Мектеп жашымдан баштап эле кытай тилинде билим алганмын. 1982 – жылдан 1986 – жылга чейин Шанхай Цзяотунг (транспорттук) университетинин чет тилдер факультетинде англис тили адистиги боюнча окуп, адабият илими боюнча бакалаврдык даражага ээ болгом. 

Кичинемден кытай мектебинде тарбияланып, андан соң университетти дагы англис тили боюнча бүтүргөм. Орусчаны өз алдымча үйрөнгөм. Жогорку окуу жайды Шанхайдан аяктап келгенден кийин, өз ишмердүүлүгүмдү Синьцзян Өнөр жай институтунун (азыркы мезгилде Синьзцян университетине бириктирилген) негизги бөлүмүндө, чет тилдер кафедрасында баштаганмын. Ал жакта көмөкчү мугалим, лектор болуп 1986-жылдан 1990-жылга чейин  төрт жыл иштегем. 

Бул Өнөр жай институтунда иштеп жүргөн кезимде эле, улуттук жазуудагы чыгармаларды кытай тилине которуу иштери менен алектенип жүргөм.  Ошондо 1990-жылга келгенде, Синьцзян СУАР адабият – көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин жетекчилеринин атайын сунушу менен, аталган бирикменин элдик оозеки адабиятчылар коомуна «Манас» эпосун изилдөө үчүн чакырылгам. Ушул кызматка келгени кыргыз адабиятын, “Манасты” толук кандуу изилдөөгө, анын үстүнөн күжүрмөн эмгек кылууга бардык мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Өзүмдүн сүйүктүү ишим менен кылган жумушум айкалышып, бир топ жетишкендиктерге жетиштим десем жаңылышпайм. 

Адыл Жуматурду: “Сөз багып, сөз баалаган улуу элден болгондугума сыймыктанам”

“Кыргызды дүйнөгө тааныткан чыгаан жазуучу”.

Мындан сырткары, 1995 - 2005-жылдарга чейин СУАР элдик оозеки адабиятчылар коомунда 3-жолку (1995-жыл), 4-жолку (2001-жыл) төрага орун басарлык милдетин; 1997-жылдын 2001-жылына чейин СУАР адабият-көркөм өнөрчүлөр бирикмесинин 5-жолку (1997-жыл), 6-жолку (2002-жыл) төрага орун басарлык милдетин аткарып келдим. 2003-жылдан 2007-жылга чейин саясий кеңеш СУАР комитетинин 9-кезектүү комиссиясынын туруктуу мүчөлүгүнө көрсөтүлгөм. 

Азыркы мезгилде Жуңго мамлекеттик коомдук илимдер академиясында улуттар адабиятын изилдөө институтунда эмгектенем. Бул жумушка 2004 – жылдан баштап кызматка келгем. Өзүм 2001 – жылы мамлекеттик коомдук илимдер академиясына докторантурага өткөм. Диссертациямдын темасы “Манасчылардын манасчылыгы. Манасчылык өнөрү”. 2004 – жылы диссертациямды коргоп, андан соң академиянын сунушу менен үй –бүлөм менен Бээжинге келип, ушул жакта кызмат кылып жатам. 

Азыр болсо академиянын аспирантура институтунун профессору, докторант жетекчиси жана Институттун Түндүк улуттардын адабият изилдөө бөлүмүнүн жетекчиси болуп, илимий группанын мүчөсү кызматында иштөөдөмүн. Аспирант, окуучуларды жетектеп, тарбиялап келем. Түндүк адабият изилдөө сектору кыргыз эле эмес, уйгур, казак, өзбек, тажик, татар сыяктуу көп улуттарды камтыган сектор. Бул бөлүмдө моңгол улутунан башка,  Синьцзяндагы улуттардын бардыгы камтылган. 

Мындан сырткары бизде “Улуттар адабият изилдөөсү” илимий журналы чыгат. Бул журнал кытай тилинде чыккан турган бирден – бир эң алдыңкы журнал болуп эсептелет. Бул журналдын редколлегиясынын мүчөсү болом. 

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин “Манас таануу” институту тарабынан чыгарылган “Манас Ааламы” журналынын редколлегиясынын дагы мүчөсүмүн.


Адыл Жуматурду: “Сөз багып, сөз баалаган улуу элден болгондугума сыймыктанам”

“Сүйүктүү жубайым Токтобүбү Ысак кызы менен баш кошуу күнүбүз”

-Үй – бүлөңүз тууралуу айтып берсеңиз?

-Үй – булөм тууралуу айта кетсем, Жубайым Токтобүбү Ысак кызы, экөөбүз 1989 – жылы баш кошконбуз. Бир райондо чоңоюп, кичинебизден бир – бирибизди таанып өскөнбүз. Жогорку окуу жайды аяктап Үрүмчүгө кайтып келгенимден бери эле эриш – аркак “Манасты”, эпостун башка бөлүмдөрүн изилдеп, эл оозунан жыйнап келебиз. 

Азыркы тапта Борбордук улуттар университетинде казак тили жана адабияты факультетинде мугалимдик кесипти аркалап, илимий изилдөө эмгектерди жетектейт, өзү доцент. Кыргызстандан филология илимдеринин кандидаттыгын жактап келген. 

Эки балам бар, уулум Эрзат жана кызым Перизат. Уулум дагы Борбордук Улуттар университетинде докторанты болуп окууга кирген. Кесиби “чет тили жана салыштырма адабияты” багытын ичине камтыйт. Буюрса келээрки жылы докторлугун жактап чыкмакчы. Кызым Перизат болсо Бээжиндеги университеттин биринде экинчи курста окуп жатат. Эки баламдын тең атын залкар манасчы Жусуп аксакал койгон. 

“Мен бала чагымдан кыргыздын баалуулуктары таза сакталган чөйрөдө тарбия алып, элибиздин оозеки чыгармачылыгына сугарылып чоңойгом”

-Кыргыздардын оозеки – адабий чыгармаларына болгон кызыгууңуздун ойгонушуна эмне түрткү болду?

-Менин төрөлүп, өскөн аймагым Какшаал жергесинде “Манастын” негизги таралган чөйрөсү бар, залкар манасчы Жусуп Мамай баштаган, 20 – кылымда Жусубакун Апай, Ыбырайым Акунбек деген улуу, чоң манасчылар чыккан аймак. Сагынбай Орозбаков дагы Үркүн мезгилинде Какшаалга келип бир жыл жашап кеткен. Ошол кезде 1917 – жылы жергиликтүү бий – манаптар Какшаалдын улуу манасчысы менен Кыргызстандан келген чыгаан манасчы Сагынбай Орозбаков экөөнүн Манас айтуусун уюштурушкан. Ошол кезде эки залкардын манасчылык өнөрү абдан жогору бааланып, элге мыкты маанай тартуулаган.  Бир айтып кете турган нерсе, бул эки манасчы тең, булардан сырткары Улуу Чаттагы Эшмат Мамбетжусуп деген манасчыбыз дагы Кыргыз жергесине барып, бардыгыбыз билген Тыныбек манасчыдан Манас айтууну үйрөнгөн деп айтылат. 

Мен бала чагымдан ушундай кыргыздын маданияты, салт -  санаа очогу, баалуулуктары таза сакталган чөйрөдө тарбия алып, элибиздин муундан – муунга өткөн оозеки чыгармачылыгына сугарылып чоңойгом. Ушундай сөз багып, сөз баалаган дүйнөгө аралаш өскөнүмө сыймыктанам. Ошол себептерден улам кичинемден эле кыргыз адабиятына кызыгуум күч болуп, жөө жомокторунан, санжыраларынан баштап, дүйнөгө белгилүү “Манас” эпосуна болгон ынтызарым пайда болгон. Келечектеги аткарчу ишиме ошол убакта эле из салынса керек. 

“Жубайым Токтобүбү Жусуп аксакалдын небере кызы болот”

-Жуңго кыргыздарынын оозеки чыгармачылыгын, “Манас” эпосун которуу, басмадан чыгаруу жана изилдөө иштерине кандай аралашып калдыңыз?

-Мен Шанхай Цзяотунг университетинде окуп жүргөн кезимде эле кыргыз адабияты менен журнал – китептер аркылуу тереңдеп таанышып, бул багытта тереңдеп билим алуумду  улантып келгем. Ошол кезде, биринчи жолу Чыңгыз Айтматовдун кытай тилине которулган чыгармаларын окуп, залкар жазуучунун эмгеги менен жакындан таанышып, анын чыгармачылыгынын күйөрманы болгом десем жаңылышпайм. 

Андан соң Үрүмчү шаарында   Синьцзян Өнөр жай институтунун негизги бөлүмүндө чет тилдер кафедрасында мугалим болуп иштеп баштаганымда эле кытай тилинде ырларды жазып, өзүмө жаккан, жогору баалаган Кытай кыргыз акын – жазуучуларынын эмгектерин кытайча которуп, гезит – журналдарга жарыялай баштаганмын. Ошол мезгилден баштап, “Манасты” дагы которуп баштап, кыргыз адабиятына болгон кызыгуум дагы да күч алган.

Калемимдин арты менен элге бир аз таанылып калган кезимде, Синьцзян уйгур адабият көркөм өнөрчүлөр союзунун “Манасты” которуу жана изилдөө борборуна 1990 – жылы кызматка чакырышкан.  Ошол мезгилден баштап “Манас” менин, үй – бүлөмдүн жашоосунда башкы тема болуп, өмүрүмдүн өзөгүн түздү десем да болот. 

Бул жактан кошумчалап айта кетчү нерсе жубайым Токтобүбү Ысак кызы Жусуп аксакалдын небере кызы болот. Жусуп аксакал Токтобүбүгө өз кызындай, мага өз күйөө баладай мамиле кылып бир короодо коңшу он жылдан ашык бирге жашадык. Ар дайым жанында болуп, күнүмдүк жашоодо каралашып, ата – бала мамилесинде болчубуз. Ошол мезгилден бери “Манас” менин негизги кызматым болуп, аны изилдөө, которуу иштери менен алектенип келдим. Анан Жусуп аксакал 2000 – жылы Үрүмчүдөн өз кичи мекени болгон Какшаалга, Ак – Чий жергесине туугандарынын жанына барып жашоо чечимин чыгарып, журтуна көчүп кетти. Мен болсо үй – бүлөм менен 2004 – жылы Пекинге жумушка байланыштуу көчүп келип, ушул жакта жашап, кызматыбызды кылып калдык. 

Адыл Жуматурду: “Сөз багып, сөз баалаган улуу элден болгондугума сыймыктанам”

 Кыргыз уулу колундагы бүркүтү жана алдындагы аты менен белгилүү.

“Жаштарга татыктуу тарбия берүү менен бирге, улут баалуулуктарын барктоону үйрөтүү биздин дагы милдет” 

-Кыргызстанга бат – баттан келип турасызбы?

-Кыргыз мамлекетинде көп жолу болгом. Ар кандай илимий талкуу жыйындарына катышып макала окуп эле жүрөм. Мына ушул сапарлар аркылуу Кыргызстан Илимдер академиясынын “адабият жана искусство маселелери” илимий журналынын чет өлкөдөгү сунуштуу редакция мүчөсү, Эл аралык Айтматов академиясынын академиги милдетин да аркалап келгем.

Мен өзүм кыргыз уулу болгондугума сыймыктанам. Ар качан “Кыргыз” деп жүрөгүбүз согот, Кытайда жашасам дагы каным кыргыз болгондугу үчүн бүтүндөй кылып жаткан ишим, өз элимдин келечек мууну үчүн арналып жасалып келет. Азыркы жетишкен ийгиликтерим, талыкпаган эмгегим, мунун бардыгы кыргыздын руханий байлыгы болгон көркөм сөз өнөрүн, оозеки чыгармачылыгын, улут баалуулуктарын кийинки муунга калтырып, татыктуу өткөрүп берүү керек деген максат менен иштеп келем. 

Мен эки элдин жаштарына ар дайым достукта болуп, тынчтык биримдик ичинде жашап, бир – бириңерге колдоо көрсөтүп тургула деп айтмакчымын. Келечек жаштардын колунда, аларга татыктуу тарбия берүү менен бирге, улут баалуулуктарын барктоону үйрөтүү биздин дагы милдет.  

“Улуулук менен жөнөкөйлүктү айкалыштырган чыныгы кыргыз уулу”

Адыл агайдын кыргыз адабиятына кошкон салымы опол тоодой. Анын кыргыз эли алдында аткарган, дагы да болсо аткарып жаткан эмгеги тууралуу айтып берсе сөз түгөнбөйт. Адыл агай улуулук менен жөнөкөйлүктү айкалыштырган чыныгы кыргыз уулу деп айтаар элем. Алыста жүрсө да, “кыргыз” деп жаны күйүп, келечекти ойлонуп, материалдык байлыктан өйдө болуп, руханий дүйнөнү бапестеп баккан агабыз бар экендиги биз үчүн чоң сыймык. 

Буюрса, дагы алдыда агайдын котормолору тууралуу кенен маалымат бергенге аракет кылабыз. Ал эми кийинки санда болсо,  Адыл агайдын жашоосунун өзөгүн түзгөн “Манас” эпосун изилдөө иштерине кошкон баа жеткис салымдары тууралуу маалымат бермекчибиз.   

Адыл Жуматурду: “Сөз багып, сөз баалаган улуу элден болгондугума сыймыктанам”

“Дүйнөдөгү эң жакын адамдарым – үй-бүлөм”.

Бааланган эмгек

Жуңго(КНР) коомдук илимдер академиясы улуттар адабият изилдөө  иниститутун илимий эмгек боюнча 1 даражадагы сыйлык(2014ж), СУАРдын өкмөтү тарабынан аз сандуу улуттардын байыркы чыгармаларын иреттөө кызматындагы үлгүлүү кызматкер (2011), Кыргызстан И.Арабаев атындагы университетинин ардактуу профессору (2011), “Манасчылык өнөр жөнүндө изилдөө” аттуу илимий эмгеги үчүн Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун 8-жолку Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөрүнүн “Тоо гүлү” сыйлыгынын ээси (2007),  авторлош жазган “ “Манастын” улуу устаты ـــ залкар манасчы Жусуп Мамай” аттуу илимий эмгеги үчүн СУАР тунгуч кезектүү “Теңир - Тоо адабият көркөм өнөр сыйлыгы” боюнча алдыңкы чыгарма сыйлыгынын ээси, Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун 7-кезектүү Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөрүнүн “Тоо гүлү” сыйлыгында 1-даражадагы илимий чыгарма сыйлыгынын ээси (2004), Жуңго 6-кезектүү аз сандуу улуттар адабият баалашы боюнча эң жогорку сыйлык болгон “Тулпар сыйлыгы” котормо сыйлыгынын ээси (1999), мамлекеттин курулганына 50 жылдык байланышы менен Синьцзяндагы “ахлак – моралдуу жана кесипте мыкты жетилген 100 адабият-көркөм өнөрчүнүн” бири (1999), Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөр коому жагынан «моралдык-кесипте тең жетилген жаш» (1999) наамын алган.

Коомдук кызматтары 

Адыл мырза Жуңго элдик оозеки адабият-көркөм өнөрчүлөр коомунун мүчөсү, Жуңго аз сандуу улуттар адабияты илимий коомунун күндөлүк иштер адиси, Кыргызстан илимдер академиясынын “Адабият жана искусство маселелери” илимий журналынын чет өлкөдөгү сунуштуу редакция мүчөсү, эл аралык фольклор уюмунун алака адиси (Финляндия, Хельсинки), Эл аралык “Калевала” илимий коомунун мүчөсү (Финляндия, Хельсинки), Эл аралык Айтматов академиясынын академиги (Кыргызстан, Бишкек), Борбордук улуттар университетинин атайын сунуштуу профессору, Сычуан университетинин атайын сунуштуу профессору, магистр аспирант жетекчиси, Жуңго “Манас” изилдөө коомунун күндөлүк иштер баш катчысы, Синьцзян кыргыздарынын байыркы чыгармаларын топтоо-иреттөө чакан группасынын жана кыргыздар бөлүгүн редакциялоо комитетинин башчысынын орун басары (редактордун орун басары), улуттар басмасынын орган сыртындагы сунуштуу адиси, Бээжин улуттар достук коомунун кеңеш мүчөсү, Хыйлоңжаң кыргыздары достук коомунун кеңешчиси, Шинжаң жазуучулар коомунун мүчөсү, Бээжин шаардык жазуучулар коомунун мүчөсү сыяктуу коомдук кызматтарда болгон.  


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)