WeChat      Избранное

[Наши соседи] Түркия президенти Эрдоган Жээнбеков менен жолугууга ниетин билдирди

01/08/2020  Источник:интернет   шрифта:

[Наши соседи] Түркия президенти Эрдоган Жээнбеков менен жолугууга ниетин билдирди

ФотоWWW

Эрдоган коронавирус пандемиясынан каза болгон жарандарга байланыштуу кыргызстандыктарга жана президент Жээнбековго көңүл айтты.

 Бүгүн мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу бир нече маселени сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мамлекет башчылары Курман айт майрамына карата куттуктоо сөздөрүн айтышып, боордош эки элдин аманчылыгын жана бакубатчылыгын тилешти.

Ынтымак бекемделсин! Кыргыз элин Курман айт менен куттуктаган президенттер

Эрдоган коронавирус пандемиясынан каза болгон жарандарга байланыштуу кыргызстандыктарга жана президент Жээнбековго көңүл айтты.

"Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында өз ара кызматташууну өркүндөтүү маселелерин талкуулашты. Режеп Тайип Эрдоган Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТМКК) кезектеги жыйыны Түркияда боло тургандыгын эске салып, мындан улам Жээнбеков менен жакында жолугушууга үмүт артарын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Президенттер телефон аркылуу сүйлөшүү маалында коронавирус инфекциясын жайылтпоо жаатында да биргелешкен чараларды көрүү боюнча макулдашты.



(Автор:GL / Редактор:GL)