Лампочкасы күйбөгөндө.... АКШлык аял жөн жерден эле 171 миң доллар утуп алды
ФотоWWW
Аял балатынын былтыркы гирляндалары иштебей калгандыктан дүкөнгө барып жаңысын алып, арткан акчага бир нече лотерея билетин сатып алган.
Американын Вирджиния штатынын жашоочусу Филлис Хьюстон жаңы жылдык балатынын күйүп кеткен лампаларын алмаштырам деп жүрүп лотерея утуп алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Аял былтыркы гирляндалар күйбөй калгандыктан дүкөнгө барып жаңысын алып, арткан акчага бир нече лотерея билетин сатып алган.
Натыйжада билеттердин бири утуш сандарына дал келип, ага 171 миң доллардан ашык акча алып келген.
"Мен ишене алган жокмун. Бул өтө сонун нерсе болду!" — деген ал.
Америкалык аял каражатты кандай максатта жумшай турганын азырынча чече электигин айткан.
(Автор:sputnik / Редактор:GL)
последние
Рекомендация
- 1Үлпөт той үчүн "оорудум" деп анткорлонуп акча чогулткан келин. Британиядагы окуя
- 2[Наши соседи]Всемирный банк назвал главную причину высыхания Аральского моря
- 3Интернет доорунун башкы майрамы - санариптештирүү заман талабы
- 4[Наши соседи]В центре Москвы поставят памятник Иосифу Кобзону
- 5Пловцы из КР завоевали три золотые медали и серебро на турнире в Ташкенте
Горячие темы