WeChat      Избранное

Кытай – бактылуу студенттик кез, жаркын жашоого төшөлгөн жол

29/05/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кытай – бактылуу студенттик кез, жаркын жашоого төшөлгөн жол

Сүрөттөр авторго таандык

Акыркы жылдары Кытай Эл Республикасынын тегерегинде абдан көп сөз болуп, талкуулар, ар түрдүү ой-пикирлер байма-бай берилип келет. Ошондуктан, коңшу мамлекет тууралуу билбеген, укпаган кыргызстандык болбосо керек. Ар бирибиздин бул өлкө тууралуу, жок дебесе эки – үч сөз айтып берүүгө кудуретибиз жетет. 

Бул дагы да болсо кыргыз – кытай элдеринин ар дайым эриш – аркак жашап келгенинен кабар берет. Тарых барактарына сереп салсак деле эки элдин ортосунда экономикалык, маданий байланыштар ар качан болуп келгендигин көрүүгө болот.

Мен бул жолу Кытай жергесине болгон сапарларым тууралуу кеп кылып, коңшу элдин менталитети, маданияты, кулк-мүнөзү жаатындагы байкоолорум менен бөлүшүүнү туура көрдүм. 

Кытай менин жашоомдо күтүүсүздөн пайда болду 

Кытай менин жашоомдо күтүүсүздөн пайда болду. Өзүм Кыргыз-Түрк “Манас” университетин аяктаган соң К. Дыйкамбаев атындагы Дипломатиялык академияда магистратурамды улантып, аны менен катар эле алгачкы жолу журналисттик кесипке кадам коюп баштаган жыл. Сырттан караганда, бардыгы жайында, туура нукта өнүгүп жаткан жашоо ыргагы. Бирок, мага эмнегедир бул нерсе аз сезилчү, ар дайым кандайдыр бир өзгөрүүнү күтүп жүргөн чагым. Ошондой ой басып жүргөн кезде Кытайга магистратурага тапшырууга мыкты мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Бул дагы да болсо, өзүмдүн сүйүктүү “Манас” университетимдеги агайларымдын көмөгү менен ишке ашты. 

Ошондо, алгачкы жолу Кытай тууралуу ойлондум. Чындыгында, бул коңшу мамлекет тууралуу маалыматым абдан аз болчу. Байыркы маданияттын очогу, улуу тарыхчылардын, чыгаан ойлоп табуучулардын өлкөсү, жибектин, кагаздын күкүрттүн, чай түрлөрүнүн мекени экендигин гана үстүртөн билчүмүн. Эми, бул сыртынан сүрдүү көрүнгөн мамлекетке эч тилин, дилин билбей туруп барып окуу мен үчүн абдан кызыктуу сапар катары сезилди. Ошентип, кытай дүйнөсүнө болгон саякатым башталды. 

Коңшу мамлекет мага мыкты досторду тартуулады 

Кытай жергесине болгон алгачкы сапарым Ички Монголия автономдуу районуна болду. Тактап айтканда, Хух-Хото шаарындагы Ички Монголия университетинде магистратурада төрт жыл окудум. Бул жылдар менин жашоомдогу эң жакшы эскерүүлөр менен коштолду десем жаңылышпайм. Кытай тилин үйрөндүм, ар улуттан досторду күттүм. Кытай элинин маданиятын, тарыхын жакындан үйрөнүп, коңшу мамлекеттин элинин менталитети менен тааныштым. 

Кытай – бактылуу студенттик кез, жаркын жашоого төшөлгөн жол

Бир жыл кытай тилин үйрөнгөндөн кийин, кесибим боюнча сабактар (Байыркы кытай тарыхы: Цинь жана Хань династиялары боюнча адис) башталып, тайпамда жалаң кытайлар  менен билим алып калдым. Менин оюмча, ошол учур мага коңшу элдин үрп-адатын, кулк-мүнөзүн, маданиятын жакындан таанууга эң жакшы себепкер болду. Башында, жалгыз чет өлкөлүк болуп, аларга өз оюмду жеткиликтүү айта албай, же тайпалаштарым менин кытайча сүйлөгөнүмдү түшүнбөй бир топ кыйынчылыкка кабылдым. Бирок убакыттын өтүшү менен бир – бирибизге көнүшүп, жакындан тааныша баштадык. 

Чындыгында, менин кытай тайпалаштарым абдан жакшы достордон болушту. Алар дипломдук ишимдин жетекчиси Ванг агай менен ар дайым колдоо көрсөтүшүп, экзамендерден, үй тапшырмасынан бери аткарганга жардам беришчү. Биринчи курстан баштап, окуумду аяктагыча бул досторум ар дайым мени менен бирге болушту. Кытайдан окууну аяктап келгениме, мына быйыл беш жылдын жүзү болуп калса дагы, бүгүнкү күнгө чейин Ванг агай, тайпалашталарым менен байланышып, жаңылыктарыбыз менен бөлүшүп турабыз. Агайым дагы да болсо жетишкен ийгиликтериме кубанып, өз кеңештерин айтып турат. Ошондуктан, мен Кытай жергесиндеги төрт жылдык жашоомду ар дайым кубануу менен эскерем. 

Кытай – бактылуу студенттик кез, жаркын жашоого төшөлгөн жол

Муну менен эле катар, Пекин, Шанхай баштаган шаарларын кыдырып, атагы алыска кеткен Улуу Кытай сепилине дагы чыгууга мүмкүнчүлүктөр болду. Кытайды канчалык жакындан таанып, үйрөнгөн сайын, сыртынан сүрдүү көрүнгөн сырдуу өлкө, ичинен абдан карапайым, жөнөкөй, меймандос экендигине күбө болдум. 

Мен сырттан келген студент болгонум үчүн мугалимдерим мага коноктой мамиле кылышчу. Башка кытай студенттерин урушуп, катуу сынга алышса да, мага кезек келгенде түшүнүү менен мамиле кылышып, колунан келген жардамын аяшчу эмес. Университетибиздеги Эл аралык бөлүмдүн жетекчиси Жан Реган агай ар дайым бизге: “Силер алыста жүрөсүңөр, жакындарыңар жаныңарда жок, биз силердин жоопкерчилигиңерди өз мойнубузга алганбыз, кыйналсаңар, акчаңар жетишпей калса бизге айткыла. Биз силердин Кытайдагы үй – бүлөңөр бололу, силердин башкы максат жакшы окуу, болгон шартты түзүп берүүгө ар дайым даярбыз” деп дайыма айтаар эле. Чындыгында сыркоолоп калсак ооруканага чейин кошо барып, акчалай да жардам беришчү.

Мындай учурлар көп эле болгон. Мындан кытай элинин жоопкерчилигин, камкордугун, боорукерлигин толук көрсө болот деп ойлойм. Дагы бир кытай элинин эң мыкты сапаттарынын бири бул – меймандостугу деп эсептейм. Себеби, алар чет өлкөлүктөргө абдан жакшы мамиле кылышат, көчөдөн адашып, же болбосо кандайдыр бир кыйынчылык учурларында жардам сурасаң, ар дайым колдоо көрсөтүүгө даяр болушат. Студенттик кезде, мындай учурлардын бир тобу баштан өткөн. 

Кытайдын күчү анын тарыхында, маданиятында жана эмгекчил элинде 

Ал эми, былтыр 2019-жылы Кытайга жумушума байланыштуу барып келдим. Албетте, бул сапарым студенттик учурдан бир топ айырмаланды. Анда дүйнөнүн 61 мамлекетинен 600дөн ашуун массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн бир арага чогулткан эл аралык форумга катышып келдим. Муну менен катар эле, Кытайдын 15ге чукул алдыңкы шаарын кыдырып, коңшу мамлекеттин меймандостугуна дагы бир жолу күбө болдум. 

Кытай – бактылуу студенттик кез, жаркын жашоого төшөлгөн жол

Чындыгында, мен мурун көргөн Кытай менен азыркы Кытайдын айырмасы абдан чоң болду. Коңшу мамлекет жыл сайын эмес, ай сайын жаңыланып, өнүгүп жаткандай сезим калтырды. Улуттук баалуулуктарды өзгөчө барктаган бул эл, заман менен бирге кадам шилтеп, шаарлары көк тиреген үйлөргө толуп, заңгыраган көчөлөр салынып, бардыгы санариптешкен тармактарга эгедер болуптур. Кытайдын укмуштуудай өнүккөндүгүн мен ушул сапарымда өз көзүм менен көрүп, дагы бир жолу кытай элинин эмгекчилдигине, жетекчиликтин жүргүзгөн туура саясатына ынандым. 

Бирок, канчалык бай өлкөдө жашап, жашоолору канчалык жеңилдесе дагы коңшу мамлекеттин эли өзүнүн жөнөкөйлүгүн, эпчилдигин, меймандостугун эч жоготбоптур. Баягыдай эле жардам берүүгө даяр болуп, өз колдоосун көрсөтүүгө шашып турушат. Буга дагы кандайдыр бир деңгээлде алардын жашоо философиясынын тереңдиги өбөлгө болуп керек. Менин оюмча Кытайдын күчү анын тарыхында, маданиятында жана эмгекчил элинде. 

Кыргыз эли дагы ар качан дүйнө таанууга өзгөчө маани берип, достук, коңшулук мамилелерди барктап-баалап келишкен эмеспи. Бекеринен кыргызда “Суу ичкен кудукка түкүрбө” деп айтылган эмес. Жакшылыкты, сыйды ар дайым эстеп, ыраазы боло билишкен. Мен дагы кытай эли, мамлекети жөнүндө ар дайым ыраазы болуу менен эскерем. Анткени, ал жактын суусун ичип, тузун таттык. Билим алып, дүйнө таанымыбыз кеңейди.  Учурда, дагы кытай кесиптештерибиз менен чогуу иштешип, бирге өнүгүп-өсүп жатабыз. Ошондуктан, Кытайдын  менин жашоомдо өз орду бар десем эч жаңылышпайм. 

Кытай – бактылуу студенттик кез, жаркын жашоого төшөлгөн жол

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)