WeChat      Избранное

Эң мыкты обондуу ырлар аныкталды

29/10/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Эң мыкты обондуу ырлар аныкталды

Сүрөт интернеттен алынды

Республикалык эң мыкты обондуу ырлар боюнча сынак жыйынтыкталды. Бул тууралуу КР Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын Президентинин «Региондорду өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы» деп жарыялоо жөнүндө Жарлыгынын алкагында, Кыргыз Республикасынын композиторлор союзунун 80 жылдык мааракесине карата Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлигинин жарыялаган Республикалык эң мыкты обондуу ырлар боюнча сынак жыйынтыкталды.

Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Атуулдук обондор номинациясы

Баш байге - Нурчолпон Улукбек кызы. “Кыргыз бата” . Сөзү: Шайлообек Рашевдики. 1-орун – Бактыбек Алишеров. “Келечегим - Кыргызстан”. Сөзү: Сарлык уулу Темирландыкы. 2-орун – Туратбек Дүйшеев. “Кел катарга”. Сөзү: Жолдошбек Бусурманкуловдуку. 3-орун – Жумабек Сагынбаев. “Эр Манастын жигиттери кабылан”. Сөзү: Кайырбүбү Чолпонкулованыкы.

Лирикалык обондор номинациясы:

Баш байге – Нурканбек Турсунбаев. “Жамийла” (Даниярдын ыры). Сөзү: Кыялбек Урманбетовдуку. 1-орун – Нурканбек Турсунбаев. “Жайкы жамгыр”. Сөзү: Мидин Алыбаевдики. 2-орун – Сардарбек Жумалиев. “Тилегим”. Сөзү: Жыпар Исабаеваныкы. 3-орун – Каныкей Эралиева. “Сагындым апа”. Сөзү: Кайырбүбү Чолпонкулованыкы.

Балдар обондору номинациясы:

Баш байге – Гүлмира Эсенгулова. “Момпосуйдай баламын”. Сөзү: Гүлмира Эсенгулованыкы. 1-орун – Камчыбек Букалаев. “Ынтымак ыры”. Сөзү: Миргүл Наралиеваныкы. 2-орун – Тимур Саламатов. “Көпөлөк”. Сөзү: Замира Жантаеваныкы. 3-орун – Нурчолпон Улукбек кызы. “Алтын балалык”. Сөзү: Улукбек Атабаевдики.

Эске салсак сынакта обондуу ырлардын темасынын жана идеясынын заманга үндөштүгү, бүгүнкү күндүн талабына ылайык коомго байланышкан процесстерди көркөм ырдап-ачып берүүсү, улутка, мамлекетке болгон тематикалык ырларды ар-тараптан ачып ырдоосу, текст менен музыканын шайкештиги, музыкалык тилдеги оригиналдуулугу, музыкалык формалардын даана, так сакталышы, чыгарманын мазмуну, стили жана темасы сыяктуу критерийлери менен тандалды.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)