WeChat      Избранное

​Макелек Өмүрбай уулу: “Кытай жазма булактарынан кыргыз тарыхын тактоого болот”

25/10/2017  Источник:оригинал   шрифта:

​Макелек Өмүрбай уулу: “Кытай жазма булактарынан кыргыз тарыхын тактоого болот”

Макелек Өмүрбай.

Сүрөт М. Өмүрбай уулунун өздүк архивине таандык.

Бүгүн, биз кыргыз элинин сыймыктуу уулдарынын бири, КЭР “Тил жана Котормо” журналынын башкы редактору,  филология илимдеринин доктору, профессор  Кармыштегин Макелек Өмүрбай уулу менен анын балачагы, баскан жолу, ишмердүүлүгү жана кыргыз-кытай мамилеси тууралуу баарлаштык. 

- Макелек агай. Сиз Кыргызстанда тилчи, тарыхчы, журналист катары дагы белгилүүсүз. Азыркы убакта, кайсы тармакта алектенип жатасыз?

- 1982- жылдан баштап СУАРдан кыргыз тилинде чыгуучу “Тил жана Котормо” аттуу журналдын башкы редактору болуп эмгектенип келдим. Бүгүнкү күнгө чейин аталган журналдан 135 саны жарык көрдү. Журнал кыргыздын тилин, колдонгон жазуусун, котормочулук өнөрүн изилдейт. Эң эле маанилүүсү, кыргыздын элдик тилин чогултуу “бал челеги” болуп келет. Журналда, “Манас тили”, кыргыздын жыл санак, ай санак, күн санагы (календары) боюнча изилдөө, кыргыз макалдары менен ылакаптарын бөлүү сыяктуу орошон изилдөө ийгиликтери жарыяланды. Мындан ары да кыргыз адабий тилинде колдонулуп, бирок жалпы колдонуучуларга анчейин айкын болбогон “өзгөчө сөздөрдүн түшүндүрмөсү”, эл ичиндеги сөз байлыктары, мисалы, “кыргыздын байлап- түйүү” (чаян түйүү, күрмөп байлоо сыяктуу) маданиятындагы сөздөр у.с. кызыктуу темаларда макалалар жарыялануу алдында.

Мен ушул күндө, кыргыздын жөрөлгөлүү салт-санаасы, ырым-жырымы боюнча изилдөө, чогултуу иштери менен алектенип жатам. 

- Кыргызстанга биринчи жолу кайсы жылы келдиңиз эле, азыр байма-бай каттап турасызбы? 

- Кыргызстанга биринчи жолу 1989-жылы Токтогул Сатылгановдун 125 жылдык маарекесине Ч. Айтматовдун чакыруусу менен баргам. Андан кийин 2003-жылы бардым. Ошондон баштап көп жолу барууга насип болду. Илимий чогулуштарга, Ч. Айтматов изилдөө жыйындарына калбай барып турдум.

- Кыргыз ооз-эки адабиятына, “Манас” эпосуна болгон кызыгууңуз кандай ойгонду, кимдир-бирөө түрткү болдубу?

- Кыргыз тилин изилдеген киши кыргыз ооз-эки адабиятынан кыйгап өтө албайт. Себеби, тилдин бардыгы ошол элдик чыгармаларда сакталып калган. Мен Кытайдагы кыргыздардын тилин изилдөө, өзгөчөлүгү менен таанышуунун жүрүшүндө, эл ичинен сөздөрдү чогултуу менен, жергиликтүү элдин ооз эки чыгармаларын кошо изилдедим. Мындан берекет көп чыкты. Дагы келип эң баалуу, жөрөлгөлүү тил, сөз так ошол элдик адабиятында экенин айкын билип, ошону чогултууга кыныктым. Тил ар бир маданият табылгаларында сакталуу жүрөт экен. Мисалы, кыргыздын малчылык өндүрүшүндөгү сөздөрдү айтпай эле койоюн, көчүп-конуу маданиятындагы сөздөрдүн молдугу адамды кыргыз тили бай тил деп айттырат.

Бизде “Манасты” чогултуу ишин өкмөттүк уюштуруу боюнча 1957-жылдан баштаган. 1960-жылдарда ырасмий жазып алуу ишине киришкен. Кийин үзүлүп калып 1980-жылы кайра колго алынган. Мен ошол 1980-жылдан баштап “Манас” жумушуна киришкендердин бирөөсү болуп эсептелем. 1984-жылы Кытайлык кыргыздардын “Манасын” (Жусуп Мамайдын айтымын) туңгуч басмадан чыгаруу ишин өкмөт күн тартибине койду. Ошондон, аталган эпосту басмадан чыгаруу редколлегиясынын курамында “Манасты” он жылдап басмадан чыгаруу жумушунун ичинде болдум.  

Дагы бир себеп, ата бабадан калган бул улуу мурасты “басмадан жарык көрсөтүү” экинчи жашоо өмүрүн улоо, кагаз аркылуу мындан аркыга мурас калтыруу оор милдет жүктөлгөнүн туюп калдым. Эпосту басмага даярдоодо эки көз караш тирешти: бирөө азыркынын түшүнүгү, жазма адабияттын калыбына салып, ушул кездин акындарынын дарамети менен “күчөтүү, көркөмдөө” деген караш; дагы бирөө кылымдан келген мурасты бузбай, элдик табыты, кылымдан бери келе жаткан ооз эки касиетин сактап басмадан чыгаруу эле. 

Изилдөөнүн майнабы кийинки караш боюнча басмадан чыгарууга тартты. Бирок, Ушул күндө, эпосту басмадан чыгып болгону менен, аны чыныгы түшүнүү дагы бир маселе катарына коюлду. Алсак , “Манаста” айтылган “жарымы төгүн, жарымы чынды” түшүнүүгө көп убакыт сарпталды. Буга аныктама берүү, “Манас” кандай чыгарма экенин түшүнүүгө алып бармак. Андан да эпостун тарыхы арткы көрүнүшү аркылуу кыргыз тарыхына “Манасты” тутум кылуу керек эле.

Манастын өз кезиндеги жоосу ким, баяндагы сөздөр “Манастын” доорун чагылдырып бере алабы? Мисалы, “Беш Бээжин” тарыхта кайсыл жерлер болгон, ушул эле бир сөздөн (мындай сөздөр толтура) кыргыздын көргөн-билгени көрүнүп турганын баамдоого болор эле. Андан да зарылы, ата-баба эмнеге “Манасты” жаратты, анын ичине эмнелерди катып койгон? (кыргыздын акылын катканбы?) Тек адабияттык көркөмдүктөн үзүр алдыруу үчүн гана жаралганбы? “Манастын” көлөмү, формасына, “эпос же эпофия” деген атына мактанабызбы? Ушуларга жооп издөө үчүн изилдөөгө тартылууга туура келди.

Изилдөөдө, “Манас” адамзаттын көз карашы, ал кыргыздын оозу менен айтылып, кыргыздын ички баалуулуктары көрүнгөнүн, эпостогу баалуулук, анда баатыр Манастын «куюкканды (чачырап-тозуганды) жыйнап журт кылганынан да, элин бир ооздуулука, ооба, “Манас” деген бир ооз сөзгө, бир ураанга келтиргени өтө чоң жетишкендиги катары көрүндү. “Жыйналган журт болгону” менен, бир ооз болбосо, ала ооз болуп, ар башка сөз сүйлөсө (Абике, Көбөш сыңары болсо), журт болуудан, эл болуудан калуусу абдан мүмкүн. Ошого, “Манастагы” эл акылын табуу-ошол баалуулукту тапкан менен тете.

“Бул “Бир алкак-бир жол” долбоору дүйнө элдеринин колдоосуна, жактоосуна татыды” 

- Кытайдагы “Манас” изилдөө иштери тууралуу айтып берсеңиз?

- Кытай мамлекети “Манас” кыргыздын гана эмес, жалпы эле адамзаттын заттык эмес маданият мурасы экенин биринчи түшүнгөн эл катары көрүндү. Тээ 1950-жылдардын соңунда “Манасты” эл ичинен чогултууну баштаган. Бүгүнкү күнү дагы, Кытай өкмөтү “Манас” үчүн каржыны аябай жумшап, миллиондогон каржы кете турган мамлекеттик изилдөө темаларынын ачып, изилдөөнү улантып жаткан кези. 

Алып айтсак, “Кыргыздын энциклопедиясы “Манасты” жанжактылуу изилдөө”, “Манастын философиясын изилдөө”, “Манастын айтуучулук өнөрүн изилдөө” сыяктуу ондогон темаларды Кытай мамлекети каржы салган изилдөө түрүнө киргизип, кытай тилинде эмгектер иштелип жатат. “Манастын” кытайча котормолору жарык көрдү. Кыргызчасы бир канча жолу, түрдүү формада басмадан жарык көрдү. 

Жакында эле, Кытай мамлекетинин сахнасында бийлүү драма “Баатыр Манас”, ырлуу драма “Манас” ойнолуп, “Манастын” баалуулуктары заманбап көркөм өнөр менен көрсөтүлдү. 

- Кытай жазма булактарынан кыргыздарды дагы изилдеп жүрөсүз... 

- Кыргыз тарыхы боюнча кытай жазма булактарынан биринчи маалыматты биздин санактан мурдагы кытай тарыхынын бабасы Сыма Чыяндын (Сыма Цянь) “Тарыхый жазма эстеликтеринен” алабыз. Ошондон кийин, кытайдын айтылуу “25 тарыхы” (25 падышалык тарыхта), андан бөлөк “Таң зарыл эстеликтери”, “Жалпы өнөгөлүү китеп” аттуу башка жазма булактарындагы  кыргыздар жөнүндө маалыматтар жакшы жазылып калган. Атап айтканда, кыргыз улутунун тарыхы жазмада көп көрүнгөн шыбагасы бар экенин айтса болот. 

Кытай тарыхы жазмалары ошол эле тарыхый доорлордо жазылып калган. Ал кийин куралып жазылган нерсе эмес. Кытай жазма булактары кайсы бир улуттун тарыхын жазып койолу деген ойдо эмес, өзүнүн доорундагы (ар бир падышалык) элдер менен карым-каттоосун, мамилесин жаза жүрүү салты боюнча жазылып калынгандар экенин илимдүүлөр жакшы түшүнөт.

Кытай-Кыргыз мамлекеттеринин ырасмий дипломатиялык байланышы кытай жазма булактарында, биздин санактын 632-жылы, Кытайдан биринчи элчи Ваң Йыхоңдун кыргызга келгенинен башталган. Андан соң, кыргыз ажосу Элтебир Ишбара ажо 648- жылы Кытайдын Таң падышалыгы ордосуна барган. Кийин көп жолу карым-катыш болгону тарыхта жазылган. 

Мисалга айтсак, биздин санактын 843-жылы Кыргыз каганатынынан Жокусол Алп баштаган Кыргыз элчилиги Таң падышасынын ордосу Чаң Анга (азыркы Кытайдын Сиань шаарына) келгени, Таң падышасы “Кыргыздардын ордого келиши жана тартуу белектеринин тизмеси” деген китепти жаздыргандыгы жөнүндөгү баян айтылган. Биздин санактын 840-847-жылдар аралыгында, Кыргыз каганы менен Таң падышасы көп жолу кат алышкан. Ал каттар жайсаң “Ли Дыйү чыгармалар жыйнагы” деген кытайча китепте турат.

Кыргыздын тарыхын кытай жазмаларынан издөө, изилдөө иштери бирин-экин башталганы менен, жарытымдуу иштер жасала электигин айтса болот. Жазма менен тарыхты далилдөө эң ишенимдүү тарыхты түптөйт. Жоромолдоп айтуу, жасалгалоо качан болбосун ачыкка чыгат. 

Кытай жазмалары аркылуу кыргыз тарыхын далилдөө жөрөлгөсү 1920-жылдардын соңунда Б. Солтоноевдун «Кызыл кыргыз тарыхынан» баштаган болчу. Бирок ушул күндө кытай жазма булактарына тартылуу көрүнүктүү көрүнбөй турат. Менимче, кыргыздын чыныгы тарыхын баяндоодо кытай жазма булактарына кайрылса, утушка жетер эле. 

Кытай жазма булактарынан пайдалануу үчүн, алды менен, батыш окумуштуулары (орус окумуштуулары) жазган кыргыз тарыхынын ичиндеги кытай жазма булактарынан келтирген накылдардагы жер суу аталыштары, адамдын аттары сыяктууларды, кытайча атаган сөздөрдүн кытай иероглифи боюнча окулушун тактоо керек. 

Дагы бир олуттуу жумуш, байыркы Кытай Таң падышалыгынын ордосу Чаң Анда “Чыян Лың” көрүстөнү деп аталган падыша жамаатынын көрүстөнү 705~728-жылдары тургузган, кийин “61 башсыз айкел” деп аталган айкелдин ичинде кыргыздын хаганы кыргыз тутук мекемесинин тутугу, оң кол сангун Жетисан Бекбай Бага чор менен, Суяптын бегинин айкели турат. Ошону изилдөө, ал жөнүндөгү маалыматтарды ырасмий алуу керек болчу. Айтайын дегеним, кытай жазма булактары кыргыз тарыхын тактоосуна менин көзүм жетет. 

- “Бир жол-бир алкак” долбоорунун негизинде эки мамлекеттин ортосундагы алака тууралуу оюңузду уксак... 

- “Бир жол-бир алкак” улуу оюн илгерки тарых негизинде, азыркы ааламдашуу дооруна туш келтирип, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин 2013-жылы ортого койгон. Ошондон баштап чыныгы колго алынып, дүйнө элдеринин колдоосуна, жактоосуна татыды. Адамзатка “жибек жолу маданияты” керек экени тээ санактан мурда эле айкын болгон. 

Ушул күндүн “Бир жол-бир алкак” түшүнүгү андан да кенен, “бир жолу”деңиз жолду көрсөтсө, ал “бир алкак” Эвро-Азия экономикалык алкагын көрсөтөт. Мында, “Бир жол-бир алкак” үч тарам жол менен: түндүк жол негизи Европа жакка; орто жол Орто Азияга; түштүк жол түштүк Азияга карай багыт алган.

Азыркы “Бир жол-бир алкак” мамлекеттер ара жол шыдыр болуу, соода шыдыр болуу, акча шыдыр жүрүү, маданият алмаштыруу шыдыр болууну камсыз кылат. Бул иш-чаралар адамзаттын өнүгүүсүнө пайдалуу экени өзүнөн билинип турат.

Кытай-Кыргыз эки элдин байланышынын тарыхы абдан узак жөрөлгөсү бар. Ушул заманда да жакын коңшу, ишенимдүү достук маанайда келип жатат. Мындай маанай дагы да улана бермекчи.

- Эки элдин алакасын бекемдөөдө дагы кандай иштерди аткарып, кайсы тармакка басым жасоо керек?

-Эки элдин алакасы илгертен бери өз ара баалуулуктарын таануу, маданият алмаштыруу менен бекемделип келген. Кытай мамлекети жана жетекчилери кыргыздардын баалуулуктарын жакшы түшүнөт. Буга кыргыздын “Манас” эпосуна кылган мамилеси толук далил. 

Кыргыздын дагы бир баалуулугу болгон Ч. Айтматовдун чыгармаларын Кытай окурманы гана эмес, мамлекет жетекчилери да билишет, аны окуганын өздөрү айтып келет. Кытай адабиятчылары Ч. Айтматовдун чыгармалары бүт кытай тилине которулганын, кадыресе анын чыгармалары кытай адабиятына таасир эткенин далилдүү айтып, жогору окуу жайларында окутуп, арналуу илимий эмгектер менен ырастап келишет.

Кыргызстанда, Кытайдын карт маданиятын билген адамдар көп. Кыргыз тарыхы кытай жазмаларында экенин жакшы түшүнүшөт. Санактан мурдагы Сы Мачанды, Конфуцийди, Лав Зыны кыргыздын атактуу адамдары оозунан түшүрбөй айтат. Алсак, таанылуу эл жазуучусу К. Жусупов Конфуцийди “Талкуу” аттуу чыгармасын орусчадан кыргызчага которгонун, К. Жусубалиев “Жети сөз жана Конфуций” аттуу китеп жазып, анын философиясын “Манастын” философиясына окшош экенин айтыптыр. Ушул күндө ал киши Конфуцийди заманындагы Кытайдын дагы бир чоң ойчулу Лав Зыны окуп, аны кыргыз тилине которуу камылгасын иштеп жүргөнүн көрдүк. 

Кыргызстанда Таң падышалыгы доорундагы улуу акындар Ли Байдан баштап бардыгын которгонуна күбө болдук. Мына ушул сыңарындагыдай байланыштын жакшы маанайлары эки элди дайыма өз ара байланыштырып турат. Баалуулуктарын таануу аркылуу эки эл урматташкан, кадырлашкан байланыш эки элге жар болсун!

“Адамдык жолума зор таасир берген балачактагы окуялардын бири” 

- Мен 1956-жылы чын куранда (мартта) КЭРдин Кызыл-Суу Кыргыз автоном облусунун Улуу-Чат ооданында малчынын үй- бүлөсүндө дүйнөгө келгем. Балалыктын кызыктуу окуялары да ошол малчылык менен байланыштуу. Биздин үйдөгүлөр төрт түлүк малды бүт эле тирчиликтин жалгыз жолу катары санайт да, “мал киндиктүүбүз” деп коюшчу. Мен орто мектепти бүткөндө, “Эл ичинде чыныгуу” тарбиясын кабыл алдым. Ошондо, убактылуу мал доктурлук курсунда окуп, эл ичиндеги мал доктур болуп, бир нече жыл жүрдүм (унверситетке тапшыруудан мурда). Ошондогу бир кызыктуу окуя эстен кетпей жүрөт: 

Топоз тайынчанын курсагын тигүү. Мен бозой кезим. Биздин үй бир короо топоз (30 баш) бакчу, жаздын эрте башында жаздоого барып топоз бакчу элек. Бир өтөктө жалгыз үйлүү (боз үй) олтурар элек, эки короочу итибизге амандыгыбызды (ууру- бөрүдөн) тапшыргандай ээн жүрчүбүз. 

Бир күнү түндөсү оор уйкудан эки иттин катуу каңшылап үргөнүнөн ойгонуп кеттим. Ошол күнү карып калган энемди айтпаганда, үйдө эрезе тартып калган эркек мен гана болчумун. Тон жамынып талаага атып чыктым. Түн. Толгон ай. Талаа аппак кар. Топоздорду сай бойлото сүргөн бир нече карышкыр даана көрүндү. Чоң топоздор, болуп да топоз букалар карышкырдан өзүн коргоп, тап берип, кээси качырткы салып сүзүп жаткан көрүнүш. Аябай айгай салдым. Иттер да мен чыккандан кийин тигил карышкырлар бар жакка үрө жөнөдү. Үйдөн арчанын шаркырагына өрт коюп аны ала сайга, топоздордун арасына карай иттерди эш кылып чуркадым. 

Короого тийген карышкыр төртөө экен, даана көрүндү. Малчынын баласы болгонум менен, тунгуч жолу карышкырды жакын жерден көрдүм. Карышкыр баласынтпай, адамдык сүр, кыйкырык, колдогу оттун айбарынан, колот жакка качып жөнөштү. Мал корксо деле катуу коркот экен, топоздордун көздөрү алайып, чанагынын чыкчудай болуп, адамга ыктай келишти, а бирок кабактагы суу кызыл- жаян, топоз тайынчаларынан экини жеп, төрт-бешти жарып салыптыр. 

Ошондо курсагы такыр чурайдан жарылып, карыны, ичегеси чубалып калган бир тайынчаны эртеси ичеге-кардын дарылап жууп, кайра ичине салып абайлап сууга кайнатылган төөнүн шоонасы менен терисин тигип койдум. Бир жумадай колдон чөп жеп, андан соң оттоп кетти. Андан калган бир нече тайынча топоздун карышкыр тиш салган такымын дагы башка жерлерин тигип-таңып койгон элем, тыртык болуп сакайып кетишти. Жанагыл курсагын тиккен тайынча кийин чоң топоз болуп, көп төлдөдү, ал тургай, кийин мен университетти бүтүп, айылга барып калганда атайын ошол жарык курсак топозду көрүүгө барар элем.



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)