Маршрутка айдоочулары жол акыны 20 сомго көтөрүүнү талап кылды. Мэрдин сунушу
ФотоWWW
Компаниялардын директорлору айдоочулардын иш таштоосун үчүнчү жактар уюштуруп, жамааттардын ичиндеги кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылышканын билдирген.
Киши ташуучу жеке компаниялардын жетекчилери Бишкектеги кичи автобустарда жол кирени 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев бул талап акырындык менен ишке аша турчу нерсе экенин айткан.
"Айдоочулар жол кирени 19-20 сомго чейин көтөрүүнү талап кылышты. Мэрдин милдетин аткаруучу маршруттук таксилердин жол киресин 15 сомго чейин, автобустар менен троллейбустардыкын убактысына карабастан 10 сомго көтөрүүнү сунуштады. Пенсионерлер жана балдар 8 сомдон төлөшөт", — деп айтылат билдирүүдө.
Компаниялардын директорлору айдоочулардын иш таштоосун үчүнчү жактар уюштуруп, жамааттардын ичиндеги кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылышканын билдирген.
Түлөбаев Бишкек шаарынын мэриясынын алдында транспорттук саясат боюнча кеңеш түзүүнү тапшырды. Ал борбор калаанын транспорттук тутумун реформалоо үчүн жарандардын, айдоочулардын, муниципалдык кызматкерлердин жана жеке транспорттук компаниялардын жетекчилеринин жолугушуусу үчүн аянтча болуп бермекчи.
Мэр ошондой эле натыйжалуу иш алып баруу үчүн жеке фирмалардын жетекчилеринин атынан бир өкүлдү тандап, аны өзүнүн коомдук кеңешчиси кылууну суранган. Шаар мэри автоунаа парктарына материалдык зыян келтиргендер жана кичи автобустардын айнектерин сындыргандар мыйзам чегинде жооп берерин кошумчалаган.
Эске салсак, 18-19-январда айрым маршрутка айдоочулары жумушка чыкпай коюшкан. Алар жол кире акысын 5 сомго жогорулатууну талап кылып, жол акы 2012-жылдан бери көтөрүлө электигин белгилешкен.
Айрым маршруткалар каттабагандыктан, калаа тургундарына ыңгайсыздык жаралып, айрымдары үйлөрүнө жете албай кыйналышкан.
последние
● Для въезжающих в США введены новые правила, их озвучил Джо Байден
● Маршрутка айдоочулары жол акыны 20 сомго көтөрүүнү талап кылды. Мэрдин сунушу
● Правительство должно подготовить четкий план реагирования на эпидситуацию – Артем Новиков
● В КР за 2020 год больше всего подорожали растительное масло, картофель и сахар
● В Бишкеке двое парней на Mercedes врезались в Тоуоta и угнали его
Рекомендация
- 1ЦИК подвел предварительные итоги президентских выборов и референдума. Данные АСУ и ручного подсчета
- 2Власти КР придумали новое послабление для инвесторов — проект
- 3Кыргызстан закупит 1,2 млн вакцин от COVID-19
- 4Премьер Венгрии поздравил Садыра Жапарова с победой на выборах президента
- 5Возобновление учебы в Бишкеке. Мэрия утверждает: дезсредств в школах хватает