ФотоWWW
Улуттук банк декабрь айындагы экинчи интервенцияны жасады. Алгач 1-декабрда 5 миллион 250 миң доллар сатыкка чыккан.
Улуттук банк кечээ, 7-декабрда, дагы 10,3 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин сайтында айтылат.
Россияда доллар арзандап жатса, Кыргызстанда эмнеге кымбат. Улуттук банктын жообу
Бул — декабрь айындагы экинчи интервенция, алгачкысы 1-декабрда 5 миллион 250 миң доллар сатыкка чыккан.
Ноябрда Улуттук банк 11 ирет интервенция жасаган. Биринчи жолу 12-ноябрда 26,8 миллион доллар сатылган. Мурунку жумаларда доллар күн сайын валюта рыногуна сатылып жатты. Алсак, 16-20-ноябрь күндөрү беш күн тынбай, 24-27-ноябрда төрт күн интервенция жасалган. Муну менен узаган айда Улуттук банк дээрлик 85 миллион доллар сатканы белгилүү болду.
Алтын валюталык запас (эл аралык валюта резерви) Улуттук банкка сомдун баасын кармап турууга жардам берет. Резервдин көлөмү дээрлик 3 миллиард долларды түзөт. Бул алты айга чейин товарларды жана кызматтарды импорттоого жетиштүү.
последние
Рекомендация
- 1Минэконом предлагает возвращать НДС диппредставительствам и международным организациям
- 2«Познание Китая-2020». В ШОС обсудили интернет-технологии и цифровую индустрию
- 3Страна противостоит коронавирусу
- 4Более полутысячам кыргызстанцев погасят кредиты за счет бюджета
- 5В Министерстве труда и соцразвития пока не вносили изменения в производственный календарь 2021 года.