БШК талапкерлердин бири 30 миң кол чогултпаганын аныктап, жарыштан четтетти
ФотоWWW
БШК түндө тийиштүү документтерди 21 талапкер тапшырганын билдирген, анын арасында Ибраев дагы бар эле.
Борбордук шайлоо комиссиясына кол топтоп, шайлоо күрөөсүн төктү делген президенттикке талапкерлердин бири Самат Ибраев жарыштан четтетилди.
Кечээ, 3-декабарда, саат 23:59да президенттикке аттангандардын 30 миң адамдын колун чогултуп, шайлоо күрөөсүн төгүү мөөнөтү аяктаган. БШК бул документтерди 21 талапкер тапшырганын билдирген. Арасында Ибраев дагы бар эле.
"БШКнын документтерди кабыл алуу боюнча жумушчу тобу Самат Ибраев 15 033 кол чогултканын аныктады. Ошондой эле шайлоо күрөөсүн төккөн маалым каты жок болуп чыкты. Буга байланыштуу тапшырган документи талапкердин өкүлүнө кайтарып берилди", — деп айтылат билдирүүдө.
БШКнын жумушчу тобу кол чогултуу барактарын сегиз күндүн аралыгында текшерип бүтүп, 10-декабрга чейин талапкер катары катташы шарт. Президенттик шайлоо кийинки жылдын 10-январына белгиленген.
последние
Рекомендация
- 1Жыргалбек Сагынбаев:При разработке месторождений надо учитывать интересы инвесторов и населения
- 2Эксперт: В ближайшие пять лет аудитория поймет роль традиционных СМИ
- 3Медакадемия планирует построить академическую клинику
- 4Искендер Шаршеев: “Азыркы тапта Кыргызстанда абал оор”
- 5Существующие в Кыргызстане лаборатории не отвечают стандартам других стран ЕАЭС