WeChat      Избранное

Абактан качып Кыргызстанда теракт жасоого камынган чет элдиктер кармалды

28/12/2020  Источник:интернет   шрифта:

Абактан качып Кыргызстанда теракт жасоого камынган чет элдиктер кармалды

ФотоWWW

Өлкөдө теракт жасаган соң алар жасалма документти колдонуу менен согуш жүрүп жаткан Сирияга кетүүнү көздөгөн.

КМШ өлкөлөрүнүн биринде оор кылмыш жасаганы үчүн соттолуп, кийин абактан качып кеткен жарандар Жалал-Абад шаарынан кармалды. Бул туурасында Улуттук коосуздук мамлекеттик комитети билдирди.

КМШ өлкөлөрүнүн биринде оор кылмыш жасаганы үчүн соттолуп, кийин абактан качып кеткен жарандар Жалал-Абад шаарынан кармалды

УКМК Ички иштер министрлиги менен биргеликте М.А. менен Р.Ж. аттуу КМШ өлкөлөрүнүн биринин жарандарын колго түшүргөн.

"Кармалгандар теракт жасоо максатында Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз түрдө киргени аныкталды. Андан соң алар жасалма документти колдонуу менен куралдуу согуш жүрүп жаткан Сирияга өтүп кетүүнү көздөгөн", — деп айтылат маалыматта.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кармалгандар Жалал-Абад шаарык милиция бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы тапта кылмышкерлерге жардам берген башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.



(Автор:sputnik / Редактор:GL)