WeChat      Избранное

Кыргызстандагы саясий кырдаал саясатчыларды бир арага чогултту

29/10/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстандагы саясий кырдаал саясатчыларды бир арага чогултту

ФотоWWW

22-октябрь күнү Бишкек шаарында саясат таануучулар, маданият өкүлдөрү, коомдук ишмерлер жана активисттердин катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Иш-чарада өлкө ичиндеги саясий кырдаалга сереп салынып, тышкы саясат маселелери дагы козголду. 

Жылдызбек Турганов, коомдук ишмер: “Бизде таланттуу, акыл-эстүү, чет жерден окуп келген жаштарыбыз абдан көп”

-Бүгүнкү тегерек столдо Кыргызстандагы акыркы кырдаал талкууланмакчы. Өзүңүздөр билгендей, алдыда парламенттик дагы президенттик дагы шайлоолор келе жатат. 5-октябрда болуп өткөн төңкөрүш дейбизби, революция дейбизби, ушундай саясий кырдаал алгачкы жолу эмес, үчүнчү жолу кайталанып жатат. 

Бул сапар революциянын ээси жаштар болду. Алардын башкы талабы 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу, люстрация маселелери болууда. “Таза адамдар, жаңы жүздөр келсин” деген ойлор болуп жатат. Бул туура, мен колдойм. 

Мындан башка, парламенттик шайлоодон өтүү босогосун 7%дан азайтуу заман талабы. Аны 3% же болбосо 1%га чейин түшүрүү керек. Күрөөнү болсо 5 миллион эмес, зарыл болсо алып деле салуу керек. Себеби, бул талаптарды аткарууга жаштарыбызда мүмкүнчүлүк жок. Кыргызстанда жумушсуздук күч алып турган кези. Чындыгында, бизде таланттуу, акыл-эстүү, чет жерден окуп келген жаштарыбыз абдан көп. Бирок, биз аларга өз өлкөсүнүн жаркын келечеги үчүн иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүп бербей жатпайбызбы. Эгерде, жогоруда айтылган шарттарды өзгөртө турсак, көптөгөн жаштарыбыз үчүн жол ачып беребиз. Коом өзгөрөт, жашоо өзгөрөт беле. Ошондуктан, бүгүнкү жыйында дагы ушул багытта ой-пикирлер айтылмакчы. 

Муну менен катар эле, сырткы саясат дагы көйгөйлөрү козгомокчубуз. Чындыгында, Садыр Жапаров учурда колунан келген аракеттерин көрүүдө. Эч нерсе кылбай эле турат деген туура эмес. Ага дагы убакыт берели. Иштесин, бул бир күндө же эки күндө бүтүп калчу иштер эмес. Бардык ишке убакыт керек. Иштөөгө мүмкүнчүлүк берели. Бирок, ошол эле учурда биз дагы тышкы саясат боюнча өз сунуштарыбызды берип, бул жаатта дагы көмөкчү болсокбу деген оюбуз бар. Россия, Кытай, Казакстан жана башка мамлекеттер менен жакынкы аралыкта кызматташтык алакаларыбызды чыңдоо зарыл. Алардын бардыгы эле азыр Кыргызстандагы саясий кырдаалга көз салып, байкап жатышат да. Чындыгында, түшүнбөй дагы жатышат. 

Бардыгы үчүн, биз үчүн дагы учурда өлкө ичиндеги саясий стабилдүүлүк абдан маанилүү. Кытай дагы стратегиялык өнөктөш мамлекеттердин катарын толуктайт. Биздин соода-сатыктын негизги бөлүгү ушул коңшу мамлекет менен болуп, инвесторлордун көпчүлүгү Кытайга тиешелүү. Ошондуктан, жакынкы аралыкта тышкы саясатыбызды жөнгө салып, ар тараптуу кызматташтык алакаларыбызды өнүктүрүү заман талабы. 

Биз Садыр Жапаровдун ишин колдоп, өз көмөгүбүздү көрсөтүүбүз керек. Жаңы кадрлар келип жатат, иштеп көрүшсүн. Мүмкүнчүлүк берели. Бул жерде пандемия маселеси дагы козголмокчу. Себеби, учурда коронавирустун экинчи толкуну өлкөнү каптоодо. Күндөн-күнгө ооругандардын саны көбөйүүдө. Бул дагы элди тынчсыздандырган бирден-бир маанилүү көйгөйлөрдүн бири. Өлкө жетекчилигине санитардык-эпидемиологиялык талаптардын аткарылуусун жергиликтүү бийликтерге тапшыруусун сунуштайт элек. Бардыгыбыз көрүп жаткандай, учурда той-аштар байма-бай өтүп жатат. Элдер чогулуп эле жатышат. Ошондуктан бул жаатта көзөмөлдөөнү күчөтүү зарыл. Эреже-талаптарды бузгандарга ири суммадагы штрафтарды салып, жазага тартуу абзел. Антпесе болбойт. 

Мына, ушундай багытта биз кыргыз журтчулугуна өз ой-пикирибизди айтып коелу деп чогулуп жатабыз. Ушунун негизинде резолюция кабыл алып, Өкмөткө кайрылуу жолдомокчубуз. 

Кубанычбек Кадыров, саясатчы: “Өкмөт тез аранын ичинде өзүн таанытып андан соң, сырттан инвестицияларды тартуу иштери менен алектенбесе болбойт”  

-Бүгүн биз Жылдызбек Турганов болуп бир топ Кыргызстандагы аттуу-баштуу саясатчылары биригип, ушундай бир тегерек стол өткөрөлү деп чечтик. Өзүңүздөргө маалым болгондой азыркы тапта мамлекетибиз олку-солку абалда болуп турат. Мунун бардыгы 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгына болгон нааразычылыктан улам келип чыкты. Эл мындай көрүнүштөргө чыдабай, мына ушундай чоң өзгөрүүлөр болуп кетти. Элибизге, жаштарга рахмат. Талап-тоноо иштери болгон жок. 

10-октябрь күнү КРдин Конституциясында жазылгандай 61 депутаттын катышуусунда Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматына бекитилди. Президенттин милдетин аткаруучу болуп дагы эмгектенүүдө. Учурда, ал өз командасы менен келип иштеп жатат. Бирок, бүгүнкү күнү чын эле абалыбыз оор. Элдин, саясатчыларыбыздын айтуусунда кадр маселесинде мүчүлүштүктөр болууда. Бирок, мунун бардыгы убактылуу. Техникалык бийлик деп коет. Буюрса, алдыда дагы шайлоо иштери болот. ЖКнын жыйынында шайлоонун босогосу биринчи окууда 7%дан 3%га азайтылды. Күрөө 5 миллион эмес, 1 миллионго түштү. Бул дагы “демократия жолунда туура чечим” деп мен дагы саясатчы катары кабыл аламын. 

Бүгүнкү күндө мамлекетибизге тынчтык керек. Учурдан пайдаланып мен элимден суранып кетет элем, жаңы келген Өкмөткө убакыт берели, жардам берели. Иштеп өздөрүн көрсөтүшсүн. Чындыгында, абал оор. Тышкы саясат дагы кыйын жолдо турат. Учурда, Өзбекстандан башка бир дагы мамлекет азыркы бийликти тааный элек. Ошондуктан, колдоо көрсөтөлү. “Көч бара-бара түзөлөт” дегендей, дароо эле бардыгы боло калбайт. Убакыт керек. Алдыда боло турган шайлоонун таза өтүүсү абдан маанилүү. Себеби, кыргыздар эч качан “ачка калдым” деп митингге чыкпайт, алар адилетсиздикке каршы чыгышат. 

Азыркы тапта Өкмөт тез аранын ичинде өзүн таанытып андан соң, сырттан инвестицияларды тартуу иштери менен алектенбесе болбойт. Инвесторлордун коопсуздугун коргоп, алардын ишмердүүлүгүнө көмөкчү болуу заман талабы. Учурда, мамлекеттик казынабызда акча жок. Муну ачык айтып коюу керек. 

Эрнест Карыбеков, саясатчы: “Элге, коомго, өлкөгө пайда алып келе турган аракеттердин бардыгын колдоо зарыл” 

-Бүгүнкү КР Президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун 30 күндүк экономикалык амнистиясы менин оюмча өз натыйжасын берет. Ал туура демилге көтөрдү. Анткени, бул багытта алгачкы акчалар мамлекеттин казынасына түшө баштады. Элге, коомго, өлкөгө пайда алып келе турган аракеттердин бардыгын колдоо зарыл. 

Кадр маселелерине токтоло турган болсок, жаңы кызматка келген жетекчилер мыкты аскер башчылары болуулары керек. Туура чечимдерди кабыл алып, туура багытта иш алып баруулары абдан маанилүү. Элдин камын көрө турган структураларды түзүүсү заман талабы. Менин оюмча, бул багытта жалпысынан иш жакшы жүрүүдө. Албетте, бардык кадрлар менен макулмун дегенден алысмын. 

Чындыгында, өлкөдөгү абал абдан критикалык акыбалда. Бирок, бул кырдаал Кыргызстандагы калыптанып калган саясий башкаруу түзүлүштү өзгөртүүгө, жаңы реформаларды жүргүзүүгө, Конституцияны жаңыртууга болгон жакшы мүмкүнчүлүк.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)